Британиянын ханзаадасы Гарри жана анын жубайы Меган Маркл. Архив

Ханзаада Гарри менен жубайы Меган социалдык тармактан баш тартты

124
(жаңыланган 12:47 10.01.2021)
Гарри жана Меган мындан ары хейтерлерден улам өздөрүнө таандык фонддун ишмердүүлүгүн чагылдырууда Twitter менен Facebook социалдык тармагын колдонбойт.

БИШКЕК, 10-янв. - Sputnik. Британиянын ханзаадасы Гарри жана анын жубайы Меган Маркл мазактаган билдирүүлөрдөн улам Twitter жана Facebook өңдүү социалдык тармактарды колдонбой турганын The Times басылмасы жазып чыккан.

Түгөйлөрдүн жакындарынын билдиргенине караганда, жаңы ачкан Archewell фондунун ишмердүүлүгү үчүн да жубайлардын социалдык тармакты колдонуу планы жок.

Маалыматка ылайык, Меган менен Гарри мындан ары жеке аккаунтун иштетүүсү күмөн.

Меган Маркл буга чейин интернет-троллингдин таасири тууралуу да айткан.

124
Белгилер:
социалдык тармак, Канзада Гарри, Меган Маркл
Тема боюнча
Сарсанаа болушууда! Ханзаада Уильям иниси Гаррини үйгө кайтууга чакырды
Ханзаада Гарри жана келинчеги Меганга окшош жубайлар ишсиз калды. Түгөйлөрдүн сүрөтү
Казакстандын тез жардам кызматкерлери. Архив

COVID: Казакстанда өлгөндөрдүн саны көбөйүп, Нур-Султан кызыл зонага кирди

5
Эрежеге ылайык, аталган аймакка кайрадан бир катар чектөөлөр жарыяланмакчы. Азыр Нур-Султан менен кошо эң кооптуу аймактарга Акмоло жана Костанай облустары кирет.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Казакстанда акыркы 24 саат ичинде коронавирустан 12 адам көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Өткөн суткада коңшу өлкөдө бир миңден ашуун адамдан коронавирус жана пневмония аныкталган. Ушу тапта ооруканада коронавирустан 12 284 киши, пневмониядан 11 781 дарыланууда. Ал эми мурдагы суткада илдеттерден жети адам каза болгон.

Жалпысынан Казакстанда COVID-19га кабылгандардын саны бүгүн 213 855 кишиге жетти.

Өлкөдө абал жакшырбай жаткандыктан, Саламаттык сактоо министрлиги борбор калаа Нур-Султан шаарын кызыл зонага киргизди. Эми эрежеге ылайык, бул аймакка кайрадан бир катар чектөөлөр жарыяланмакчы. Азыр Нур-Султан менен кошо эң кооптуу аймактарга Акмоло жана Костанай облустары кирет.

5
Белгилер:
абал, коронавирус, Нур-Султан, Казакстан
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Россияда COVID-19ду бир саатта аныктай турган тест-система жасалды
Ким оорушу мүмкүн? Иммунолог коронавирустун жазындагы жаңы толкунуна баа берди
Студенттер лекция учурунда. Архив

РФ ЖОЖдору бюджетке кабыл ала баштады. Кыргызстандыктар эмнени билиши керек

6
(жаңыланган 11:37 16.01.2021)
Жогорку окуу жайларга документтерди мектеп бүтүрүүчүлөрү да, орто окуу жайды аяктагандар да тапшырса болот. Талапкерлерди кабыл алуу Россотрудничествонун КРдеги өкүлчүлүгү аркылуу гана жүрөт.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Россияда 2021-2022-окуу жылына бюджеттик окуу жайларга документтерди кабыл алуу жарыяланды. Бул тууралуу маалымат Россотрудничествонун расмий сайтына чыкты.

Документтерди кабыл алуу Россия өкмөтү кыргызстандыктар үчүн бекиткен квотага ылайык жүрөт. РФтин ЖОЖдорунан билим алууну каалагандарды тандоо түздөн-түз Россотрудничествонун КРдеги өкүлчүлүгү аркылуу өтүп, башка эч кандай жол, ортомчулук болбойт.

Окуу жайларга документтерди мектеп бүтүрүүчүлөрү да, орто окуу жайды аяктагандар да тапшыра алышат. Эгерде талапкер документин тапшырган учурда башка жакта билим алып жаткан болсо, анда баалары менен кошо академиялык справкасын алып келүүсү керек.

Документтерди кабыл алуу 2021-жылдын 20-январынан 20-февралына чейинки аралыкта бир гана EDUCATION IN RUSSIA сайтында жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн убакыттан кеч берилген документтер каралбайт.

Каттоого алуу өтө кыска убакытта жүргүзүлөт. Ошондуктан документтерди алдын ала даярдоо зарыл. Аларды толтуруу боюнча консультация 2021-жылдын 26-январынан тарта аптасына эки жолу (шейшемби, бейшемби күндөрү) саат 17:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлөт.

Бардык документтерди электрондук түрдө (файлдар pdf форматында болушу зарыл, бир документ — бир файл, файлдын көлөмү 3 Мбайттан ашпашы талап кылынат) EDUCATION IN RUSSIA сайтына жүктөө керек. Ар бир файлдын аталышы (аты-жөнү жана документтин аталышы) болушу зарыл.

Сурап-билүү үчүн +996 (312) 300-512 телефону же abiturient@kgz.rs.gov.ru электрондук почтасы аркылуу кайрылууга болот.

6
Белгилер:
документ, Кыргызстан, бюджет, билим берүү, ЖОЖ, Россия
Тема боюнча
Россиянын алдыңкы ЖОЖдоруна кантип өтүү керек? Пайдалуу портал
Россияда билим алууга квота бөлүү: система реформаланат, орун көп болот