Индонезия: Яван деңизинен Boeing 737 учагынын сыныктары табылууда. Видео

© REUTERS / ANTARA FOTOИндонезиялык Boeing 737-500 учагынын сыныктарын издөө иштери
Индонезиялык Boeing 737-500 учагынын сыныктарын издөө иштери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка караганда, учактын бортунда 62 адам болгон. Алардын 46сы чоңдор жана ону кичине балдар. Мындан тышкары, эки учкуч жана төрт борт коштоочу каза тапканы айтылган.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Индонезиялык Boeing 737-500 учагынын болжолдуу кулаган жери Яван деңизинин аймагы экени, аталган аймактан кырсыктын белгилери байкалгандыгын РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, суучулдар 23 метр тереңдиктен учактын сыныктарын табышкан.
"Биз суучулдар командасынан суу түбүнөн учактын айрым бөлүктөрү табылгандыгы тууралуу билдирүү алдык. Учак так ушул жерге кулаган деген ойдо турабыз", — деди Индонезиянын Куралдуу күчтөрүнүн командири Хади Тьяджанто.
Sriwijaya Air авиакомпаниясынын учагы бир күн мурда кыйроого учураган. Жакарта аэропортунан учуп чыккандан бир нече мүнөт өтүп, учак Лаки аралынан анча алыс эмес жерден сууга кулагандыгы кабарланган.
Ошондой эле Лаки жана Ланканг аралдарынын ортосундагы деңизден адамдардын дене бөлүктөрү жана металлургиялык сыныктар табылган.
Airlive https://www.airlive.net/ порталынын маалыматына караганда, учактын бортунда 62 адам болгон. Алардын 46сы чоңдор жана ону кичине балдар. Мындан тышкары, эки учкуч жана төрт борт коштоочу каза тапты. Башка маалыматтарга ылайык, бортто 65 жүргүнчү бар эле.
Индонезиянын издөө-куткаруу башкармалыгы билдиргендей, учак авариялык белги берген эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0