Россиянын илимдер академиясынын академиги, Мамдуманын депутаты, Роспотребнадзордун мурдагы жетекчиси Геннадий Онищенко

Академик: "Cпутник V" вакцинасын бардык курактагылар алса болот

69
Адис вакцинаны сыноонун үчүнчү этабынын жыйынтыгында жаш куракка чектөө алынганын, эми бир катар оорулары бар картаңдарга да жеткиликтүү болуп калганын айткан.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Россия чыгарган "Cпутник V" вакцинасын алууда жаш курактык чектөөлөр жок. Бул тууралуу Россиянын илимдер академиясынын академиги, Мамдуманын депутаты, Роспотребнадзордун мурдагы жетекчиси Геннадий Онищенко билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда сүйлөп жатып, коронавируска кабылуу коркунучунда 65-70 жаштан өйдө курактагылар турарын айткан. Бул адамдар көбүнчө кант диабети, кардиологиялык жана онкологиялык оорулар менен жабыркашат.

"Спутник V" вакцинасын сыноонун үчүнчү этабынын жыйынтыгында жаш куракка чектөө алынган. Бул вакцина бир катар оорулары бар картаңдарга да жеткиликтүү болуп калды", — деди Онищенко.

"Спутник V" — дүйнөдө биринчилерден болуп COVID-19га каршы Россиянын Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борборунан иштелип чыккан вакцина. Препарат адамдын аденовирус векторунун мыкты изилденген платформасынын негизинде түзүлгөн.

69
Белгилер:
дарылоо, вакцина
Тема:
"Спутник V" вакцинасы (72)
Тема боюнча
Bloomberg "Спутник V" вакцинасына ишенүүгө жүйөлүү себептерди атады

Дүйнөдө биринчи жолу бейтаптын колун ийини менен кошо салып беришти. Видео

131
(жаңыланган 15:35 25.01.2021)
Исландиялык киши 20 жыл мурда электр тогуна урунуп эки колунан тең ажырап калган. Бейтап 2013-жылы эле операция жасатмак, бирок донорду издөөгө убакыт кеткен.

Франциянын Лион шаарында дүйнөдө биринчи жолу бейтаптын колун ийини менен кошо салып беришти. Бул тууралу The Guardian басылмасы жазды.

Трансплантация 13-январда Эдуард Эррио атындагы клиникада жүргүзүлдү. Операцияга даярдык көрүүгө 50 ак халатчан тартылса, аны жасоого медиктердин төрт бригадасы катышып, колдорду "жамоо" 15 саатка созулган.

48 жаштагы исландиялык Феликс Гретарсон 20 жылы мурда электр тогуна урунуп, эки колунан тең ажырап калган. Андан бери ондогон операция жасаткан. Бейтап Лионго 2013-жылы операция жасатууга уруксат алгандан кийин көчүп келген. Бирок донорду издөөгө бир нече жыл кеткен. 

Операциядан кийин оң колу сол колуна караганда батыраак калыбына келерин айтышкан. Себеби сол жак ийиндин бардыгын калыбына келтирүүгө туура келген.

Азырынча Феликс Гретарсон колдору менен өз алдынча кыймылдай албайт.

Тогуз күндөн кийин исландиялык киши клиникадан биринчи видео кайрылуусун жасап, дарыгерлердин бул керемет ишине эбегейсиз ыраазылыгын айткан.

Ролик оорукананын YouTube-канале каналына жүктөлгөн.

131
Белгилер:
кол, бейтап, трансплантация, операция, Франция
Тема боюнча
Баш тынбай ооруйт. Онколог мээдеги рактын алгачкы белгилерин атады
Sputnik агенттигинин логотиби. Архив

Sputnik Telegram тармагынан англис тилинде жаңылыктар каналын чыгарды

25
(жаңыланган 14:48 25.01.2021)
Канал окурманга дүйнөдөгү эң маанилүү жаңылыктарды жеткирүү максатында текст түрүндөгү маалыматтарды, фото жана  графикалык сүрөттөрдү, видео, аудио, статистика жана графикаларды жарыялайт.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Sputnik маалымат агенттиги Telegram тармагы аркылуу англис тилинде жаңылыктардын жаңы каналын ишке киргизди. Sputnik саясатты, бизнести, дүйнөлүк экономикалык тенденцияларды, коргонуу, коопсуздук, космос, саламаттык сактоо жана элдин калың катмарына пайдалуу болгон башка темадагы маалыматтарды чагылдырат. Бул үчүн ал Telegram тармагынын мультимедиалык мүмкүнчүлүктөрүнүн жардамы менен өзүнүн жаңылыктар кызматынын сапатын өнүктүрөт.

Канал окурманга дүйнөдөгү эң маанилүү жаңылыктарды жеткирүү максатында текст түрүндөгү маалыматтарды, фото жана графикалык сүрөттөрдү, видео, аудио, статистика жана графикаларды жарыялайт. Күндүн башкы кабарлары, Россиянын жаңылыктары, кызыктуу окуялар, ошондой эле дүйнөлүк окуялардын күнгөй-тескейине баш багат.

"Биз окурманга ар кайсы өлкөлөрдүн жогорку мамлекеттик кызмат адамдары, бизнес өкүлдөрү, саясатчылар, коомдук пикирдин лидерлер, талдоочулар жана эксперттер менен болгон кызыктуу, эксклюзивдүү маектерибиздин үзүндүлөрүн сунуштайбыз", — деп айтылат билдирүүдө.

Sputnik каналынын кабарчылары окурмандарга 24 саат бою дүйнө жүзүндөгү ири окуялар, мамлекеттик расмий иш сапарлардан тарта нааразычылык акциялары, террордук актылар, инфекциянын жайылышы сыяктуу окуялар тууралуу түз эфирден маалыматтарды берип турат.

Сиз Sputnik каналын Telegram тармагынан таап, аккаунтка @sputniknewsint дареги аркылуу каттала аласыз.

Sputnik агенттиги Россиянын ири "Россия сегодня" ЖМКсынын бир бөлүгү. Англис, орус, араб, кытай, испан жана фарсы тилдеринде чыгарылган жаңылыктар түрмөгү дүйнөлүк аудиторияга уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Sputnik өзүнүн жеке мультимедиалык контентин даярдап, 30дан ашык тилде обого алып чыгат. Мындан сырткары, Sputnik радиосу күн сайын 800 сааттан ашык радиопрограммаларды обого чыгарып, ал 34 өлкөдөгү 130 шаарда уктурулат.

Вашингтон, Каир, Пекин жана Монтевидеодогу регионалдык бөлүмдөр (медиаборборлор) жаңылыктар түрмөгү үчүн эксклюзивдүү материалдарды камсыз кылышат.

25
Белгилер:
англис тили, Telegram, Sputnik
Тема боюнча
Sputnik Кыргызстан көзү азиз Дастандын кыялын орундатты
Силуэт девушки на закате

Кочкордо киши колдуу болгон келиндин сөөгү табылды. Шектүү изделүүдө

0
Келиндин өлүмүнө шектелип Кочкордогу жергиликтүү тургундун малын багып жүргөн чабан изделүүдө. Маркум Сокулук районунун 23 жаштагы тургуну болгон.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кочкор районундагы сарайлардын биринен киши колдуу болгон 23 жаштагы келиндин сөөгү табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын маалымат кызматы кабарлады.

Аялдын каза болгону тууралуу 23-январь күнү 30 жаштагы К.Б. аттуу жергиликтүү тургун кабарлаган. Ал ошол күнү Тынай-Булак кыштоосунда малын багып жаткан 26 жаштагы чабандан кабар алганы барып, кашардагы үйдөн келиндин сөөгүн көргөнүн айткан.

"Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу келиндин киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгүн аныктаган. Маркум Чүй облусунун Сокулук районунун 1998-жылы туулган тургуну К.К. экени такталган. Учурда К.Бнын малын багып жаткан малчынын өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө", — деп жазылат милициянын маалыматында.

Факты Жазык кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

0