БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Америка бийлиги Капитолийдеги башаламандыкка байланыштуу ички терроризм боюнча 25 кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу конгрессмен-демократ Жейсон Кроу айтканын РИА Новости жазды.
Кроу бул жөнүндө АКШнын армия министри Райан Маккарти менен сүйлөшүп, митинг учурундагы аскерлердин аракетин жана коопсуздук чараларын талкуулаган.
"Министр Маккарти Капитолийди басып алгандарга ички терроризм боюнча 25 кылмыш иши ачылганын айтты. Узун найлуу ок атуучу куралдар, өрт кое турчу бөтөлкөлөр (Молотов коктейли), жарылуучу каражаттар, пластик кишендер — чоң балээни алдын алып калганыбыздан кабар берет", — деп жазган конгрессмен Twitter баракчасына.
Өткөн жумада Дональд Трампты колдоо үчүн Вашингтонго чогулган тарапташтары шайлоонун жыйынтыгын бекитүү үчүн чогулган сенаттын жыйынын үзгүлтүккө учуратып, Капитолийди басып киришкен. Тартип сакчылары көздөн жаш чыгаруучу газ жана кулак тундуруучу граната колдонууга аргасыз болгон. Борбор калаага өзгөчө кырдаал режими жарыяланган болчу. Башаламандык учурунда 4 адам каза тапкан.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Италиялык "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду расмий беттештерде киргизген голдорунун саны боюнча футбол тарыхында биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.
35 жаштагы спортчу кечээ Италиянын Суперкубогу үчүн "Наполи" менен оюнда гол киргизди. Беттеш 2:0 эсеби менен туриндиктердин пайдасына аяктаган.
Бул Роналдунун профессионалдык карьерасындагы клуб жана улуттук командасы үчүн киргизген 760-голу болду. Муну менен ал Австрия жана чехословакиялык футболчу Йозеф Бицандан ашып өттү. 1950-жылдары ойногон чабуулчу атаандаштарынын дарбазасына 759 ирет топ киргизген.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кытайда кайгуул полиция кызматкери бир мүнөттүн ичинде үйлөнүп, кайра дароо эле жумушка чыкты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы кабарлады.
Салтанат Кытайдын Хэбей провинциясында өткөн. Анда жумушунан бошобогон полиция кызматкери түшкү тамактануу учурунда убакыт таап, келинчеги менен бир мүнөттүн ичинде үйлөнүп, кайра эле кызматына жөнөгөнү айтылат.
Түгөйлөр 15-январда баш кошкон.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирусту акыркы суткада 155 киши жуктурса, 136 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Кыргызстанда жалпы COVID-19 инфекциясынын 83 585 учуру катталды.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Жалпы айыккандардын саны 79 509 болду.
Бир сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен Бишкекте жана Чүйдө эки бейтап каза тапты. Ушуну менен илдеттен көз жумгандардын саны 1 394кө жетти.
Учурда стационарда 708 бейтап дарылнууда. Ал эми амбулатордук дарыланууда 1 044 киши бар.