АКШ Байдендин инаугурациясына Россияны чакырды

© REUTERS / Kevin LamarqueАКШ жаңы шайланган президенти Жо Байден. Архив
АКШ жаңы шайланган президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адатта президенттин инаугурациясына элчилер катышат. Бирок быйыл иш-чара тар чөйрөдө өтөрү айтылды.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. АКШ жаңы шайланган президент Жо Байдендин 20-январда өтө турчу инаугурациясына Россияны расмий түрдө чакырды. Бул тууралуу РИА Новостиге Россиянын Вашингтондогу элчилигинен кабарлашкан.
"Чакыруу алдык. Инаугурацияга элчинин катышуусу ыктымал", — дешкен дипмиссиянын өкүлдөрү.
АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Трамп бийликти Байденге ирети менен 20-январда өткөрүп берүүнү убадалады
Негизи президенттин инаугурациясына  чет өлкөлүк элчилер катышчу. Бирок башында иш-чара тар чөйрөдө өтөрү айтылып, салтанатка конгресстин мүчөлөрү жана алардын коноктору эле чакырылганы маалым болгон. Мындан улам дипломаттарга орун табылар-табылбасы белгисиз болуп жаткан.
Эске салсак, 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өтүп, жыйынтыгында демократ Жо Байден шайлоочулардын 306 добушун алып жеңишке жеткен. Ал эми анын атаандашы АКШнын учурдагы башчысы Дональд Трамп 232 добуш алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0