БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Монголияда күчү 8,7 баллга жеткен жер титирөө катталып, ал Россиянын Иркутск облусунда да сезилген. Бул тууралуу аталган аймактын ӨКМ башкы башкармалыгынын сайтында жазылды.
Жер силкинүүнүн очогу Монголиядагы Түрк деп аталган калк жашаган аймактан 34 чакырым алыс жерде болгону кабарланды. Очогунда жердин термелүү күчү 8,7 баллга жеткен.
Иркутск облусунда жер титирөөнүн күчү 4-5 баллга чейин жеткен. Аталган аймакта кыйроолор жана жабыркагандар жок экени айтылды.
ӨКМдин маалыматына ылайык, Монголияда жер силкинүү төрт жолу: саат 06:02де, 06:44тө, 07:02де, 07:13тө кайталанган. Ал эми Иркусткиде саат 07:34тө кайталанган.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана анын уулу, Душанбе шаарынын мэри Рустам Эмомали тажик улуттук университетинде улут лидеринин музейин ачышты. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Жума күнү Рахмон уулу менен университеттеги жети кабаттуу жаңы окуу корпусунун ачылышына катышкан. Анда студенттер экономика жана финансы багытында билим алышат.
Ушул эле корпуста өлкө президенти — улут лидери Эмомали Рахмондун музейинин ачылышы болгон.
Музей Тажикстандын улуттук университетинин окумуштуулар кеңешинин чечими менен мамлекет башчысынын эмгегин жаштарга эске салып туруу үчүн түзүлгөнү айтылат.
Макгрегор UFC уюмунда 2013-жылдан тарта күч сынаша баштаган. Алгачкы беттешинде эле америкалык Маркус Бримеджди нокаутка кетирген. Конор акыркы ирет АКШлык Дональд Серроне менен кармашып, аны да сулата чапкан.
Белгилей кетсек, Макгрегордун уюмдагы 22 жеңишинин 19у нокаут менен аяктаган. Конорду башка мушкерлер төрт жолу уткан, бирок бирөөсү да нокаут менен жеңишин майрамдаган эмес.Видеодо 2014-жылы Дастин Порьенин нокаутка кеткен видеосу бар. Эртең, 24-январда, мушкерлер кайрадан октагондо кезиккени турат.
Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайындагы турнир Бишкек убактысы боюнча саат 9:00дөн өтүп башталат.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстан Россиядан коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасынан 500 миң доза сурады. Бул тууралуу Sputnik агенттигине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, тиешелүү кат өлкө президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун атынан РФ башчысы Владимир Путинге жиберилген.
"Азырынча Россиядан жооп келе элек. Россиянын саламаттыкты сактоо министри маселени жогорку деңгээлде чечүү үчүн кат жөнөтүүнү өтүнгөн. Өзүм Москвага иш сапары менен барганда да муну чечип берүүнү сурангам", — деди Бейшеналиев.
Министр 500 миң доза вакцина 250 миң кишиге жетерин кошумчалады.
Кечээ ЖККУнун Кыргызстандагы "Кант" базасына COVID-19 вакцинасынын биринчи партиясы жеткирилген болчу.