БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. 2021-жылы дагы адам баласы коронавируска каршы жамааттык иммунитетке жетпейт. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна шилтеме берип "Известия" жазды.
"Айрым өлкөлөрдө дагы деле жугузуп алуу коркунучундагы адамдар болот. Андыктан социалдык аралыкты сактоо, көпчүлүк чогулган жерден оолак болуу сыяктуу эрежелерди унутпашыбыз керек", — деди ДССУнун илимий кызматкери Сумья Сваминатан.
Буга чейин эле адистер кайсы бир жаңы вируска жамааттык иммунитет пайда болушу үчүн арадан жылдар өтүшү керектигин айтып келишкен.
Белгилей кетсек, азыр коронавирус мутацияга учурап, бир нече өлкөдө жаңы штаммдары пайда боло баштады.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. АКШ сенаты Пентагон башчылыгына Ллойд Остиндин талапкерлигин бекиткенин РИА Новости жазды.
Анын талапкерлигине 93 сенатор "макул" болсо, экөө "каршы" добуш берген.
Жарандык коргонуу министри кызмат ордуна жети жыл мурун пенсияга чыккан, тажрыйбалуу аскер адамдары гана ат салыша алат. Алар конгресстин атайын макулдугун алышы керек.
Остин 2016-жылы отставкага кеткен. Анын талапкерлигин сенаттын профилдик комитети колдоп берген.
Ал 67 жашта, төрт жылдыздуу генерал даражасына ээ. Остин коргоо мекемесин жетектеген биринчи афроамерикалык болмокчу. Германия, АКШ, Ирак мамлекеттеринде аскердик кызматын өтөгөн. Вашингтондун "Ислам мамлекети"* тобу менен күрөшүүсүнө салым кошкон.2016-жылы пенсияга чыккандан кийин ири куралдарды чыгарган Raytheon компаниясынын директорлор кеңешинде иштеп жаткан.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. UFC 257 турниринин алдында атактуу ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен америкалык Дастин Порье көз караштар таймашын өткөрүштү. Видео уюмдун расмий Instagram баракчасына жүктөлдү.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Видеодон Конор Дастинге сес көрсөтүмүш болгону менен акырында экөө тең күлүп, кучакташып, жадагалса тамалашканга да үлгүрүшкөн.
Бул иш-чара спортчулар салмакка түшкөндөн кийин уюштурулган. Таразага түшкөн Макгрегор адатынча кыйкырып алганын көрүүгө болот.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Арадан алты жыл өткөндөн кийин алар чыныгы такшалган мушкер катары кайра беттешип жатышат. Жеңүүчү жеңил салмактагы чемпиондук наамга башкы талапкер болот. Ошондуктан утуп чыгуу экөө үчүн тең өтө маанилүү.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева мугалимдер онлайн-сабакты өтпөй жатса кабарлап коюуну өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу өтүндү.
Эске салсак, 18-январдан тарта борбор калаада 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары мектепке барып окуй баштады. Ошол эле учурда бул класстын айрым окуучулары шартына жараша үйдөн да билим алса болору белгиленген. Аларга мугалим өзүнчө сабак өтөт, мындан сырткары, телеканалдарда телесабактар көрсөтүлөт.
"Социалдык тармактарда айрым мугалимдер онлайн-окутууну үзгүлтүккө учуратып, сабак өтпөй жатат деген маалыматтар пайда болду. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Биз жакынкы убакытта балдардын бардыгы окууну кадимкидей тартипте улантарына ишенебиз", — деп жазган Чыныбаева.
Вице-мэр окуу процессине байланыштуу педагогдор тарабынан мыйзам бузуулар болсо 0709 24 02 84 WhatsApp номерине кабарлап коюуну өтүндү.