Дипломсуз калганын жашырган жигит үй-бүлөсүн кырып салды. Канададагы окуя

Жазылуу
Ал үй-бүлө Канадага Бангладештен көчүп келген. Ата-энеси жалгыз уулу келечектүү ЖОЖдо инженердик кесипте окуйт деп сыймыктанып жүрүшкөн.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Канададагы Маркхем шаарынын 23 жаштагы тургуну Менхаз Заман жашоосунун жашырып жүргөн учурларын такыр эле билбей калышын каалап, ата-эне, бир туугандарын чекесинен өлтүрүп чыккан. Бул туурасында Sun басылмасы жазды. 
Аталган үй-бүлө Канадага Бангладештен көчүп келген. Ата-энеси уулу келечектүү ЖОЖдо инженердик кесипте окуйт деп сыймыктанып жүрүшкөн.
Ал чындыгында эч жакта билим алган эмес, күнүн компьютердик оюндар менен өткөргөн. Жогорку окуу жайга тапшыра албай калып, жергиликтүү колледжде окуп жаткан. Бирок жөндөп кете албаганы үчүн ал жактан да айдалган. Менхаз Заман бул туурасында ата-энесине ооз ачкан эмес. Күн сайын ноутбугун көтөрүп үйүнөн чыгып кетип, кеч келип жүргөн.
АКШда ондогон кишини өлтүрүп таанылган Самюэль Литтл. Архив - Sputnik Кыргызстан
60 киши курмандыгы болгон. Америкада белгилүү киши өлтүргүч көз жумду
Диплом тапшырганга чейин Менхаз Заман анын эч ким сыймыктанбай турган жашоосун жакындары билип калбашы үчүн баарынын тең көзүн тазалоону чечкен. Түшкө маал үйдө эч ким жокто эс алып жаткан энесин өлтүргөн. Бир сааттан кийин чоң энесин аркы дүйнөгө жөнөткөн. Кечинде иштен келген эжесине, ал эми түн бир оокумда атасына кол салган.
Бул мыкаачылыгын кийин интернет-досторуна айтып, бүт үй-бүлөсүн кырып салгандыгын билдирген. Албетте, алгач беркилер ишенген эмес. Бирок кан болгон бычак жана жерде жаткан өлүктөр менен селфи кылган сүрөтүнөн кийин алар ишенүүгө аргасыз болгон. Оюнчулар бул окуяны Канаданын бийлигине кабарлап, бирок кылмышкердин кайда турарын билишкен эмес.
Полиция анын жашаган жерин аныктап, канга чыланган үйгө эртең менен келгенде Менхаз өлүктөрдүн арасында жүргөн.
Сот төрт адамдын өлүмү үчүн ага эч качан ырайым кылынбасын деген бүтүм менен 40 жылга эркинен ажыраткан.
Соттолуп жаткан учурда Менхаз Заман анын үй-бүлөсүн билгендерден кечирим сураган.
Жаңылыктар түрмөгү
0