Жердин космостон көрүнүшү. Архив

2020-жылы Жер адаттагыдан тезирээк айланды

658
(жаңыланган 11:24 13.01.2021)
Жердин айлануу ылдамдыгы океандардын агымы, шамал, атмосфералык басым сыяктуу факторлордон көз каранды. Убакыт дүйнөдөгү эң так атомдук сааттар менен миллисекундуна чейин эсептелет.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Былтыркы жыл адаттагыдан кыскараак болду. Анткени Жер мурдагыдан тезирээк айланды. Бул тууралуу National Geographic жазды.

Маалыматка караганда, акыркы 60 жыл ичинде мындай көрүнүш болгон эмес.

"Жердин айлануу ылдамдыгы океандардын агымы, шамал, атмосфералык басым сыяктуу факторлорго байланыштуу болот. Убакыт дүйнөдөгү эң так атомдук сааттар менен миллисекундуна чейин эсептелет. Быйыл Жер өз нугун бир жолу айланып чыккан сайын 28 жолу 0,4 секунда айырма болуп жатты", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин 1972-жылы эки күн туура 24 саатка бир нече миллисекунда жатпей калган, андан соң 2016-жылдын 31-декабрында жер өз нугун 23:59:59да айланып бүтүп койгон. Ал эми өткөн жылы 28 күн өз маалынан эрте бүтүп калды.

Мындан улам окумуштуулар мындан ары эрте бүтүп калган күндөргө секунда кошуп бергендин ордуна, келерки жылдын бир күнүнөн ошол секунддарды алып салууну сунуштап жатат.

Адистердин айтымында, секундаларды кошуп же алып коюунун ролу абдан чоң. Анткени убакыт-саатын так жазылышын талап кылган каттоолор учурунда каталар кетип калышы мүмкүн.

658
Белгилер:
убакыт, жер
Тема боюнча
АКШда космос сакчылары пайда болот
Илон Маск адам баласын Марска качан жөнөтөрүн айтты
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана анын уулу, Душанбе шаарынын мэри Рустам Эмомали тажик улуттук университетинде улут лидеринин музейин ачышты.

Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон өзүнүн атындагы музей ачты

6
(жаңыланган 13:17 23.01.2021)
Музей Рахмондун 80-жылдары окуган улуттук университеттин жаңы корпусунда ачылган. Анда студенттер экономика жана финансы багытында билим алышат.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана анын уулу, Душанбе шаарынын мэри Рустам Эмомали тажик улуттук университетинде улут лидеринин музейин ачышты. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Ага ылайык, Эмомали Рахмон 1977-1982-жылдары ушул окуу жайдын экономика факультетинде окуган. Учурда ал өлкөнүн алдыңкы университети.

Жума күнү Рахмон уулу менен университеттеги жети кабаттуу жаңы окуу корпусунун ачылышына катышкан. Анда студенттер экономика жана финансы багытында билим алышат.

Ушул эле корпуста өлкө президенти — улут лидери Эмомали Рахмондун музейинин ачылышы болгон.

Музей Тажикстандын улуттук университетинин окумуштуулар кеңешинин чечими менен мамлекет башчысынын эмгегин жаштарга эске салып туруу үчүн түзүлгөнү айтылат.

6
Белгилер:
музей, Эмомали Рахмон, Тажикстан
Тема боюнча
Караандаткан жок. Тажикстанда Рахмон президенттик шайлоонун жеңүүчүсү болду

Эртең кармашат! UFC Макгрегордун укмуштуу нокауттарын бир видеого сыйдырды

18
UFC уюму эки башка салмак категориясындагы экс-чемпион, ирландиялык атактуу мушкер Конор Макгрегордун октагондогу эң мыкты нокауттарын топтоду.

Макгрегор UFC уюмунда 2013-жылдан тарта күч сынаша баштаган. Алгачкы беттешинде эле америкалык Маркус Бримеджди нокаутка кетирген. Конор акыркы ирет АКШлык Дональд Серроне менен кармашып, аны да сулата чапкан.

Белгилей кетсек, Макгрегордун уюмдагы 22 жеңишинин 19у нокаут менен аяктаган. Конорду башка мушкерлер төрт жолу уткан, бирок бирөөсү да нокаут менен жеңишин майрамдаган эмес.

Видеодо 2014-жылы Дастин Порьенин нокаутка кеткен видеосу бар. Эртең, 24-январда, мушкерлер кайрадан октагондо кезиккени турат.

Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайындагы турнир Бишкек убактысы боюнча саат 9:00дөн өтүп башталат.

18
Белгилер:
видео, нокаут, беттешүү, Конор Макгрегор, UFC
Тема боюнча
UFC Макгрегор менен Порьенин беттешине карата проморолик жарыялады
Жыргап күлүп, кучакташып... Макгрегор менен Порьенин көз караштар таймашы