"Норманд төрттүгү" эмнеге жетишти. Козак жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРоссия президентинин администрация жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак. Архив
Россия президентинин администрация жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2014-жылы апрель айында Киев Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин өз алдынчалуулугун жар салган ЛНР жана ДНРге карата согуштук аракеттерди баштаган.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Берлинде "норманд төрттүгүнүн" лидерлеринин саясий кеңешчилеринин жолугушуусу аягына чыкты. Бул тууралуу РИА Новости РФ элчилигине таянуу менен жазды.
Маалыматта сүйлөшүү 12-январь күнү Бишкек убактысы менен саат 18.00дө башталып алты саатка созулган. Россия тараптан жыйынга Россия президентинин администрация жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак катышты. Тараптар 2019-жылы өткөн Париж саммитинин жыйынтыгын ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Дмитрий Козак жолугушуу пайдалуу болгону менен анын жыйынтыгы көңүл жылытпай турганын айтып берген.
"Тилекке каршы, мактанарлык жыйынтык болгон жок. Бүгүнкү жолугушуу эмнеси менен айырмаланганын айтып берейин. Минск макулдашуусун, Париж саммитин ишке ашыруу боюнча пикир алмаштык. Бирок бир жыйынтыкка келе алган жокпуз", — деди Козак.
Анын айтымында, тараптар кырдаалды жөнгө салуунун жол картасын ишке ашыруу үчүн "жаңы принциптерди жана ыкмаларды" даярдап келишкен.
Ал эми Донбасстагы көңүл жылытчу жагдайлардын бири катары ок атууну токтотуу режиминин сакталышы аталды.
"Согуштук аракеттерди баштоо — өз өмүрүнө кол салууга тете иш. Жайдан бери ок атылган жок", — деди Козак журналисттин суроосуна жооп берип жатып.
Ал ушу тапта Украинанын согушту жандантып ийчү түрү жок экенин кошумчалады.
Козак болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн алкагында тараптар кайрадан эки жумадан кийин жолукмакчы болгонун кабарлады.
Россия лидери Владимир Путин, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Армениянын башчысы Никол Пашиняндын Москва шаарындагы жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан
Тоолуу Карабах: Путин, Алиев жана Пашиняндын сүйлөшүүсү дээрлик 4 саатка созулду
"Норманд төрттүгү" — Украинанын чыгышындагы (Донбасс) кырдаалды жөнгө салуу үчүн ымалага келген төрт мамлекеттин (Россия, Германия, Украина жана Франция) жетекчилеринин тобу.
Эскерте кетсек, 2014-жылы апрель айында Киев Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин өз алдынчалуулугун жар салган ЛНР жана ДНРге карата согуштук аракеттерди баштаган.
2019-жылы 9-декабрда Париждеги жолугушуудан кийин норманд төрттүгү биргелешкен коммюнике кабыл алып, Донбасстагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн төрт айдан кийин Берлинде чогулуу чечимине келишкен. Аталган документте норманд форматындагы иш Минск макулдашууларына негизделери айтылып, 2020-жылдын март айынын аягына чейин Донбасстын үч жериндеги аскердик күчтөрдүн аракеттерин токтотууга жетишүү каралган.
Төрттүктүн акыркы жолугушуусу 2020-жылдын 11-сентябрында онлайн форматта өтүп, ага да Дмитрий Козак катышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0