БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлиги Украина менен Балтика өлкөлөрүндөгү россиялык ЖМКлар менен журналисттерге жасалып жаткан мамилеге тынчсызданып жатат. Бул тууралуу Россия басылмасынын күнүнө карата ТИМдин Facebook баракчасына жарыяланган маалыматта айтылды.
Анда Россия сөз эркиндиги жана маалыматтын жеткиликтүүлүгү боюнча принциптерди жактай турганы белгиленген. Ал эми Батыш өлкөлөрүндө альтернативдүү ойду берген маалымат булактарын тазалоо боюнча тенденция күчөп жатканы айтылды.
"Журналисттердин укугу чектелип жатканын айтууга туура келүүдө. Айрым мамлекеттер өздөрү жарабайт деп эсептеген ЖМКларга жана алардын өкүлдөрүнө басым жасоо үчүн мамлекеттик механизмдерди иштеп чыгышты. Россия мындай практикага каршы жана ЖМКнын эркиндиги жөнүндөгү универсалдуу принциптерди сактоого чакырат", — дешти ТИМден.
Украинадагы кырдаал тынчсыздандырып жатканы белгиленди. Тышкы иштер ведомствосу киши колдуу болгон журналисттер Анатолий Клян, Антон Волошин, Игорь Еорнелюк, Андрей Стенин, Андрей Роккели, Олеся Бузина, Сергей Долгов, Вячеслав Веремий, Павел Шеремет жана башкалардын иши тергелбей жатканын эскертти.
Украинадагы ЖМК өкүлдөрү расмий Киев тарабынан зордук-зомбулукка дагы деле кабылып жатканы айтылды.
Мындан сырткары, Балтика мамлекеттеринде дагы журналисттердин укугу байма-бай бузулуп жатканы белгиленген. Мисалга, 2019-жылы Литванын парламенти Sputnik Литва сайтын жаап салууну сунуштаган. Ал эми агенттиктин башкы редактору кармалып, беш жылга чет өлкөгө куулган. 2019-жылдын соңунда Эстониянын бийлиги Sputnik агенттигинин журналисттери ишинен кетпесе кылмыш иши козголо турганын айтып коркутушкан. 2020-жылдын 3-декабрында Латвиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматы Sputnik Латвия жана Baltnews агенттиктеринин жети өкүлүн кармаган.Россия ТИМи мындай көрүнүштөрдү демократиялык коомдун негиздерин тепселөө катары сыпаттады.
Тышкы иштер министрлиги бул көйгөйлөрдү эл аралык аянттарда көтөрүп турмакчы.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Роспотребнадзор мекемесинин Эпидемиология институту COVID-19ду 60-90 мүнөттүн ичинде аныктап берчү тест-система иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган институттун директору Василий Акимкиндин сөзүнө таянып РИА Новости жазды.
"Биз вирусту аныктоо убактысын үч-төрт эсеге кыскарта алдык. Мунун негизинде тест-система иштеп чыктык. Эффективдүүлүгү жагынан кадимки ПЦР-тесттерден калышпайт. Жакынкы күндөрү аны COVID-19дун Улуу Британияда табылган жаңы штаммын аныктап көрүү үчүн жөнөтөбүз", — деди Акимкин.
Окумуштуулар жугуу жагынан күчтүүрөөк деп айтылып жаткан жаңы штаммдарды тез аныктоону максат кылууда.
Ошондой эле адистер жаңы тест-система вирустун мутация болгонун же болбогонун дагы так көрсөтүп берерин кошумчалашты.
Daily Mail аял-күйөөсүн күтүүсүз коноктор "тосуп алгандыгын" жазды.
Алар бош үйүндөгү "конокторду" видеого тартып алышкан. Кадрдан айнек терезенин алдында жайбаракат күн чубактап жаткан алты арстанды көрүүгө болот.
Маалыматта үй улуттук Крюгер паркынын жанына жайгашып, Дэвиддин атасына тиешелүү экендиги жазылган. Адатта ал тегеректен ээн-эркин жүргөн жырткычтарды көп кездештирүүгө болот.
Там сатыкка коюлуп, бир нече мезгилден бери бош турган. Адам жыты келбегендиктен, жырткычтар ал жерди байырлай баштаган.