Коронавирус: ДССУ быйылкы жыл былтыркыдан да оор болорун айтты

© AP Photo / Oded BaliltyВакцинацияга кезекте турган адамдар. Архив
Вакцинацияга кезекте турган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү акыркы эки аптадагы маалыматтар оору кайрадан күчөгөнүнөн кабар берерин белгилеген.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Пандемиянын экинчи жылы мурункусуна караганда да оор болушу ыктымал. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун чукул кырдаалдар программасынын директору Майкл Райан билдиргенин РИА Новости жазды.
ДССУнун өкүлү акыркы эки аптада уюмга келип жаткан маалыматтар оору кайрадан күчөгөнүнөн кабар берерин белгилейт.
"Пандемия менен күрөштүн экинчи жылын баштан кечирип жатабыз. Коронавирустун жайылуу динамикасын жана бизге байкалып жаткан айрым көйгөйлөрдү эске алсак, быйылкы жыл өткөн жылдан да оор болушу мүмкүн", — деген ал.
Дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
136 кишиден коронавирус табылып, Бишкекте үч бейтап каза болду. Статистика
Райандын айтымында, илдет Түндүк жарым шарын, айрыкча Европа жана Түндүк Американы каптаганы байкалат. Ал аймактарда кескин суук болуп, адамдар бир үйгө топтолуп алганы, ошондой эле коронавирустун жаңы штаммдарынын чыгышы инфекциянын жайылышына алып келген факторлор болгонун белгиледи.
ДССУнун маалыматына ылайык, дүйнө жүзү боюнча илдетке кабылгандардын саны 90 миллиондон ашкан. Эки миллиондой киши көз жумган. Өткөн суткада дүйнөдө COVID-19дун 546 016 жаңы учуру катталган болсо, анын ичинен 9 884 бейтап каза болгону айтылды.
2020-жылдын 11-мартында ДССУ COVID-19 инфекциясынын жайылышын пандемия деп жарыялаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0