АКШ президенти Дональд Трамп. Архив

Мамлекеттик сырды ачкан, пара алган. Импичментке кабылган президенттер

1185
(жаңыланган 21:57 14.01.2021)
АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасы президент Дональд Трампка импичмент жарыялоого макулдугун берди. Чечимди 232 конгрессмен колдогон. Алардын ону Трампка партиялаш болгон республикачылар.

Трамп 6-январдагы Капитолийге кол салуу окуяларына байланыштуу өз тарапташтарын "козголоң чыгарууга үндөгөн" деп айыпталууда. АКШ тарыхында төмөнкү палата эки жолу импичмент жарыялаган президент катары калган Трамптын тагдырын эми Сенат чечет.

Дүйнө тарыхында импичментке кабылып кызматынан кетүүгө аргасыз болгон президенттердин саны көп. Sputnik Кыргызстан агенттиги аларды тизмектеди.

Импичмент англис тилинен ишеним көрсөтпөө дегенди билдирет. Бул бир катар өлкөлөрдө жогорку кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароонун өзгөчө тартиби. Республикалык башкаруу таризиндеги айрым мамлекеттерде президент мамлекеттик чыккынчылыкка барса же конституцияны бузса импичмент жарыяланат. Өлкөнүн мыйзам чыгаруу органы президентке айып тагат. Акыркы чечимди жогорку соттордун бири кабыл алат. Сот парламенттин чечимин күчүндө калтырса өлкө башчысы кызматтан кетет. Кызматтан четтетилгенден кийин соттук органдар тарабынан кылмыш жазасына тартылуусу толук мүмкүн.

Мартин Вискарра (Перу, 2018-2020)

Бывший  президент Перу Мартин Вискарра передает телеобращение народу во Дворце правительства в Лиме (Перу). 27 сентября 2019 года
© AFP 2021 / Renato PAJUELO / ANDINA
Мартин Вискарра

Перунун башчысы Мартин Вискарра 2020-жылы 9-ноябрда коррупцияга айыпталып кызматынан кол жууган. Өлкөнүн конгресси аны 2011-2014-жылдар аралыгында Мокегуа аймагынын губернатору болуп турган кезинде пара алган деп күнөөлөгөн. Импичменттин козголуусуна төрт күбөнүн көрсөтмөсү себеп болгон. Алар Вискарра аймакты башкарып турган кезинде курулуш жаатындагы иштерге мыйзамсыз аралашып коррупцияга жол бергенин айтышкан. Негизги айып катары болочоктогу ажо кымырган 600 миң АКШ доллары көлөмүндөгү пара көрсөтүлгөн.

Пак Кын Хе (Түштүк Корея, 2013-2017)

Бывший президент Южной Кореи Пак Кын Хе во время встречи с президентом РФ в рамках Восточного экономического форума. 03 сентября 2016 года
© Sputnik / Алексей Филиппов
Пак Кын Хе

Түштүк Кореянын парламенти президентке 2016-жылы 9-декабрда импичмент жарыялаган. Аны ажолуктан четтетүү үчүн 234 депутат макулдугун берип, 56 эл өкүлү каршы болгон. Импичменттин себепкери президенттин көп жылдык жакын курбусу Чхве Сун Силь болгон. Өлкөнүн "көшөгө артындагы" чыныгы лидери аталган Чхве Сун Силь эч бир расмий кызматты ээлебесе да маанилүү саясий иштерге кийлигишип, мамлекеттик деңгээлдеги сырларга ээ болуп, атүгүл президенттин сүйлөй турган сөздөрүнө чейин жазып берип тургандыгы ачыкка чыккан. Муну менен эле чектелип калбай ири корпорациялардан 72 миллион доллардан ашуун акчаны опузалап өндүрүп алган деп да айыпталган.

2017-жылы10-мартта өлкөнүн Конституциялык соту парламенттин чечимин бир добуш менен күчүндө калтырып, Пак Кын Хени кызматынан алып, кол тийбестигинен ажыраткан. Арадан жыйырма күн өткөн соң камакка алынган. Сот отурумунун жыйынтыгында мурдагы ажо коррупцияга, ошондой эле кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана парламенттик шайлоого аралашкан деп айыпталып 25 жылга абакка кесилип, 17,8 миллион доллар айып пул салынган.

Дилма Русеф (Бразилия, 2011-2016)

Бывший президент Бразилии Дилма Русеф в президентском дворце Планалту в Бразилиа (Бразилия). 18 декабря 2015 года
© AP Photo / Eraldo Peres
Дилма Русеф

Дилма Русефтин импичменти 2015-жылы башталган. Бразилиянын сенаты 2016-жылы 31-августта гана президенттин импичменти үчүн добуш берген. Ажого мамлекеттик бюджеттин абалы боюнча туура эмес маалымат берген деген күнөө коюлган. Ошондой эле Бразилиянын мамлекеттик ири мунай компаниясынын айланасындагы коррупция боюнча да шек-күмөн жаралгандыгы айтылган. Русеф ага коюлган күнөөлөрдү мойнуна албай оппозицияны айыптаганы менен кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Фернандо Луго (Парагвай, 2008-2012)

Бывший президент Парагвая Фернандо Луго выступает с заявлением во дворце правительства в Асунсьоне (Парагвай) 21 июня 2012 года
© AFP 2021 / NORBERTO DUARTE
Фернандо Луго

Парагвай Сенаты 2012-жылдын 22-июнунда Фернандо Лугону өз милдетин туура эмес аткарган деп айыптап импичмент жарыялаган. Мындай чечимге өлкөнүн Куругутау шаарында полиция кызматкерлери менен дыйкандардын кагылышуусу себеп болгон. Курал колдонулган тирешүүдө 17 адам каза тапкан. Президентти кызматтан кетирүүгө 39 сенатор макулдугун берсе, төртөө каршы чыккан.

Роландас Паксас (Литва, 2003-2004)

Бывший президент Литвы Роландас Паксас стоит в своем кабинете между национальным флагом (слева) и президентским штандартом, Вильнюс (Литва). 27 февраля 2003 года
© AP Photo / MINDAUGAS KULBIS
Роландас Паксас

Литванын башчысы Роландас Паксас кызматын болгону бир жыл гана аркалай алган. Өлкө парламенти Сейм ажону мамлекеттик сырды бузганы, менчиктештирүүнүн жүрүшүнө кийлигишкени үчүн күнөөлүү деп тапкан. Муну менен Роландас Паксас Европада импичмент жараяны аркылуу кызматтан четтетилген алгачкы президент болуп калган.

Абдуррахман Вахид (Индонезия, 1999-2001)

Бывший президент Индонезии Абдуррахман Вахид разговаривает по мобильному телефону перед встречей с британским министром иностранных дел Робином Куком в Лондоне (Англия). 01 февраля 2000 года
© AFP 2021 / SINEAD LYNCH
Абдуррахман Вахид

2001-жылы Индонезиянын парламенти өлкө башчысынын импичментин бир добуштан колдогон. Ал өлкөдөгү экономикалык каатчылыкты оңдой албай, бир катар саясий жана диний топтордун, ошондой эле армиянын өзүнө каршы чыгуусуна себепкер болгон. Абдуррахман Вахиддин кызматта калуу аракетин жөнөкөй калк да колдогон эмес.

Альберто Фухимори (Перу, 1990-2000)

Бывший президент Перу Альберто Фухимори выступает со своим ежегодным обращением к Конгрессу в День независимости страны. 28 июля 1999 года
© AP Photo / MARTIN MEJIA
Альберто Фухимори

Кыргызстандын желегин жана Конституциясын көтөрүп бараткан Улуттук гвардиянын жоокерлери. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
2000-жылы Перу калкы президент жана айланасындагы адамдардын коррупциялык иштерге аралашкандыгы үчүн массалык акцияларды уюштура башташкан. Мындан улам Альберто Фухимори өлкөдөн качып, Япониядан башпаанек сураган. Ал жакта туруп өз ыктыяры менен кызматтан кеткендигин жарыялаган. Бирок Перу конгресси анын арызын кабыл албай "моралдык жактан жоопкерсиз" деп импичмент жарыялаган. Кийин Фухимори 1991-1992-жылдары массалык адам өлтүрүүгө катышкан жана мамлекеттик каражатты ысырап кылган деп айыпталган. Ал 2005-жылы Чилиде кармалып, эки жылдан соң өз өлкөсүнө өткөрүлүп берилген. Өлкө соту аны 25 жылга камаганы менен 2017-жылы Перунун президенти Педро Кучински тарабынан кечирилип, эркиндикке чыккан.

Карлос Андрес Перес (Венесуэла, 1989-1993)

Бывший президент Венесуэлы Карлос Андрес Перес в своем доме на юго-западе Каракаса (Венесуэла). 11 сентября 1996 года
© AP Photo / JOSE CARUCI
Карлос Андрес Перес

Венесуэланы эки жолу башкарган Карлос Андрес Перес экинчи мөөнөтүндө импичментке кабылган. 1993-жылы өлкөнүн Улуттук конгресси аны коррупцияга аралашкан деп айыптаган. Ал өкмөттүн фондунан 250 миллион боливарды "өз чөнтөгүнө салган" деп күнөөлөнгөн. Перес импичмент жарыялангандан кийин өлкөдөн качып, сырттан жазага тартылган. Мурдагы ажо 2009-жылы АКШнын Флорида штатында каза болгон.

Фернандо Колора ди Мелу (Бразилия, 1990-1992)

Бывший президент Бразилии Фернанду Колор ди Мелу. 30 декабря 1992 года
© AFP 2021 / JULIO PEREIRA
Фернандо Колора ди Мелу

Өлкө конгрессинин төмөнкү палатасы коррупция менен айыпталган Фернандо Колора ди Мелугага импичмент жарыялаган. 441 эл өкүлү мындай чечимди колдогон. Мыйзамга ылайык чечим төмөнкү палатадан соң Сенатта добушка коюлган. Бирок президент алардын чечимин күтпөй кызматын тапшырган. Ошентсе да добуш берүү жүргүзүлүп сенат мүчөлөрүнүн да колдоосун тапкан. Мелу кызматтан гана кетип тим болбостон, сегиз жылга саясат менен алектенүүсүнө да тыюу салынган.

Абухасан Банисадр (Иран, 1980-1981)

Первый президент Ирана Аболхассан Банисадр в Овер-сюр-Уаз (Франция). 01 августа 1981 года
© AFP 2021
Абухасан Банисадр

Абухасан Банисадр Ирандагы Ислам революциясынан кийин демократиялык жол менен шайланган өлкөнүн алгачкы президенти болгон. Бирок кызматына келгенине бир жылга жетпей өлкөнүн эң жогорку мамлекеттик органы болгон Рахбар менен мамилеси бузулган. Ал иран-ирак согушунда аскерди жеткиликтүү башкара албагандыгы жана исламга туура келбеген иштерди жасагандыгы үчүн айыпталып импичмент жарыяланган. Өз өмүрүнөн корккон президент Францияга качкан.

Маалымат ачык булактардан алынды.

1185
Белгилер:
коррупция, президент, АКШ, Дональд Трамп, импичмент, сенат
Тема боюнча
Дональд Трампка импичмент жарыяланды
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерреш. Архив

БУУ: COVID оңдурбай, дүйнө акыркы 100 жылдыкта эң оор каатчылыкка кептелди

22
(жаңыланган 11:13 26.01.2021)
Антониу Гутерреш 2021-жылы дүйнөнү калыбына келтирүүдө өкмөттөр, эл аралык уюмдар, жеке сектор жана жарандык коом биргелешип ынтымакта иштешүүсү керектигин билдирди.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерреш коронавирус пандемиясынын кесепетинен дүйнө акыркы жүз жылдыктагы эң оор экономикалык каатчылыкка кептелгенин билдирди. Бул тууралуу уюмдун сайтында жарыяланды.

Катчынын айтымында, азыр "дүйнө абдан морт болуп турган кез".

"Пандемия эки миллиондон ашык адамдын өмүрүн алып кетти. Экономикалык абалыбыз акыркы 100 жыл ичиндеги эң төмөнкү көрсөтүчкө түштү. Коронавирус адамдар, өлкөлөр арасында теңсиздик бар экенин далилдеп койду. Кыскасы, жаратылышка биз кандай мамиле кылсак, ал бизге дал ошондой сокку уруп жатат. Дүйнө эли диалогго келип, кызматташуубуз керек", — деди Гутерреш.

Ошондой эле ал 2021-жылы дүйнөнү калыбына келтирүүдө өкмөттөр, эл аралык уюмдар, жеке сектор жана жарандык коом биргелешип ынтымакта иштешүүсү керектигин кошумчалады.

22
Белгилер:
кесепет, Дүйнө, пандемия, Антониу Гутерреш, БУУ
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
ДССУ коронавирус менен күрөш көпкө созуларын айтты
АКШ президенти Жозеф Байден. Архив

Байден Россия менен көйгөйлүү маселелерди ортого салууга даяр экенин билдирди

32
(жаңыланган 10:54 26.01.2021)
Жаңы шайланган президент Байден стратегиялык чабуул коюучу куралды кыскартуу жана чектөө жаатында АКШ Россия менен дагы кызматташа аларын белгилеген.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. АКШ президенти Жозеф Байден Россия тарап менен көйгөйлүү маселелерди талкуулоого даяр экенин билдиргенин РИА Новости жазды.

Мамлекет башчынын айтымында, тиешелүү мекемелерден Москвага байланыштуу темалар боюнча түрдүү маалыматтарды сураган.

Ошондой эле президент стратегиялык чабуул коюучу куралды кыскартуу жана чектөө жаатында да АКШ Россия менен кызматташа аларын белгилеген.

"Өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн СНВ-3 келишимин узартууга аракет кылсак болот. Россия тарапка Навальныйдын аракети, Solar Winds кырдаалы же Афганистандагы америкалык аскерлердин башы үчүн сыйлык тууралуу билдирүүлөргө тынчсызданып жатканыбызды билдиргибиз келет", — деген Байден. 

Маалыматта бардык айыптоолорду Москва бир нече жолу четке какканы айтылат.

32
Белгилер:
сүйлөшүүлөр, Жо Байден, Россия, АКШ
Тема боюнча
АКШ кайрадан ДССУга кошулду. Байден Трамптын бир нече жарлыгын жокко чыгарды