Норвегияда Американын Pfizer вакцинасын алган 23 киши көз жумду

© REUTERS / GONZALO FUENTESМедициналык кызматкер Pfizer вакцинасын даярдап жатат
Медициналык кызматкер Pfizer вакцинасын даярдап жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Норвегиянын Улуттук саламаттыкты сактоо институту мындай окуяларды алдын алуу үчүн карыган бейтаптарды эмдөө боюнча сунуштарга өзгөртүү киргизди.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Норвегияда коронавирустан коргогон Американын Pfizer жана Германиянын BioNTech вакцинасын алган 23 киши көз жумганын РИА Новости жазды.
Каза болгондор 80 жаштан жогорку иммунитети начар адамдар болгон.
"Бул учурларга бөтөнчө тынчсыздануунун кереги жок. Кеп ден соолугу начар, улгайган бейтаптар тууралуу болуп жатат", — деп жазган чет элдик телеканалдар.
Спутник V Африкага жетти. Россиялык вакцинага эмнеге мынча ишеним артылууда - Sputnik Кыргызстан
"Спутник V" Африкага жетти. Россиялык вакцинага эмнеге мынча ишеним артылууда
Норвегиянын Улуттук саламаттыкты сактоо институту мындай окуяларды алдын алуу үчүн карыган бейтаптарды эмдөө боюнча сунуштарга өзгөртүү киргизген.
Декабрь айынын башында америкалык Pfizer жана германиялык BioNTech компаниялары биргелешип чыгарган вакцина COVID-19 илдетине каршы АКШда жана Европа өлкөлөрүндө колдонула баштаган. 
Жаңылыктар түрмөгү
0