Россиялык ЖМК менен иштешкен журналист: неберемдин планшетине чейин текшеришти

© Фото / Russia TodayBaltnews.lv агенттиги менен кызматташкан латвиялык журналист Алла Березовская
Baltnews.lv агенттиги менен кызматташкан латвиялык журналист Алла Березовская - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Березовская — 2020-жылдын 3-декабрында Латвияда кармалган орус тилдүү журналисттердин бири. Укук коргоочулар анын үйүн тинтүүгө алышкан.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Baltnews.lv агенттиги менен кызматташкан латвиялык журналист Алла Березовская күч органдары анын үйүн тинтүүгө алганын айтып берди.
Журналисттин баяны Russia Today агенттигинин #Своихнебросаем долбоорунун алкагында чыгарылып жатат.
Березовская — 2020-жылдын 3-декабрында Латвияда кармалган орус тилдүү журналисттердин бири. Ал Латвиянын Кылмыш-жаза кодексинин 84-беренеси боюнча ("Латвия менен эл аралык уюмдардын бекиткен эрежелерин бузуу") айыпталып жатат.
Журналист из Латвии, бывший редактор агентства Baltnews.lv Андрей Яковлев - Sputnik Кыргызстан
Латвия бийлиги басым жасаган журналист: үйүмдү тинтип, буюмдарымды алып кетишти
Березовскаянын айтымында, ал күнү үйүндө компьютерде иштеп жаткан. Эшигин ачууну талап кылгандар өздөрүн полиция кызматкери катары тааныштырышкан. Журналист каалгасын ачар замат бет капчан адамдар кирип келип, аны кармоого жана үйүн тинтүүгө уруксат берген соттун токтомун көрсөтүшкөн. Укук коргоочулар компьютер жана электрондук маалыматтарды алып жүрүүчү жабдыктарды алып кетишкен.
"Бет кап кийген жаш жигит менин компьютеримди текшерип жатты. Ал хакер болушу мүмкүн. Себеби компьютердеги бардык маалыматтар көчүрүлүп жатканын түшүндүм. Уктоочу бөлмөнү дагы тинтип неберемдин эски, сынып калган планшетин таап чыгышты. Анда оюндар менен фильмдерден башка эч нерсе жок болчу. Жеке документтер дагы көңүл сыртында калган жок. Медициналык документтер топтолгон папка бар болчу, аны суранып жатып алып калдым", — деди Березовская.
Анын айтымында, буга чейин Baltnews агенттигинде иштеп келген. Кийин ал агенттик "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин кармагына өтүп, кайра катталгандан кийин дагы келшимдик негизде кызматташып турган. Березовская айыптоолорго макул эместигин жана Латвиядагы россиялык расмий ЖМКларга каршы аракеттер жүрүп жатканын белгиледи.
Эске салсак, 2020-жылдын 3-декабрында Латвиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматы Sputnik Латвия жана Baltnews агенттиктеринин жети өкүлүн кармаган.
Здание МИД России в Москве - Sputnik Кыргызстан
РФ ТИМи Украина менен Балтикада ЖМКга жасалган басымга тынчсызданууда
Балтиканын башка мамлекеттеринде да журналисттердин укугу байма-бай бузулуп жатканы белгиленген. Мисалга, 2019-жылы Литванын парламенти Sputnik Литва сайтын жаап салууну сунуштаган. Ал эми агенттиктин башкы редактору кармалып, беш жылга чет өлкөгө куулган. 2019-жылдын соңунда Эстониянын бийлиги Sputnik агенттигинин журналисттери ишинен кетпесе кылмыш иши козголо турганын айтып коркутушкан.
Россия ТИМи мындай көрүнүштөрдү демократиялык коомдун негиздерин тепселөө катары сыпаттады.
Тышкы иштер министрлиги бул көйгөйлөрдү эл аралык аянттарда көтөрүп турмакчы.
Жаңылыктар түрмөгү
0