Facebook жана Instagram Дональд Трампка баракчаларын ачып берди

© REUTERS / KEVIN LAMARQUEАКШ президенти Дональд Трамп. Архив
АКШ президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Twitter, Facebook, Youtube жана Instagram Трамптын аккаунттарын убактылуу жаап коюшкан. Буга анын 6-октябрда Вашингтондогу башаламандык боюнча эки анжы оюн айтып келгени себеп болгон.
БИШКЕК, 16-янв. – Sputnik. АКШ президенти Дональд Трампка Facebook жана Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларын кайра ачып беришти. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 
Буга чейин Twitter, Facebook, Youtube жана Instagram Трамптын аккаунттарын убактылуу жаап коюшкан. Анткени ал 6-октябрда Вашингтондогу башаламандык боюнча эки анжы оюн айтып келген. Бир жагынан Капитолий имаратын басып киргендерди тарап кетүүгө чакырса, экинчи жагынан аларды патриот деп атаган.
Блокировка аккаунта президента США Дональда Трампа в Twitter - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Twitter аккаунтун жаап салгандан кийин Трамп катуу каарданды
Facebook компаниясы анын президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин социалдык тармактардагы баракчаларын ачпай турганын айткан. Бул социалдык тармактын негиздөөчүсү Марк Цукерберг өз баракчалары аркылуу туура эмес чакырыктарды таратып коюшу мүмкүн деп кооптонорун билдирген.
Бирок баракчалар эмне себептен бүгүн ачылганы тууралуу айтылган жок.
Эске салсак, АКШда 20-январь күнү Жо Байдендин ант берүү аземи күтүлүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0