С-400 зениттик ракеталык системасы. Архив

Россиянын С-400 тутуму төртүнчү өлкөнү "багындырууда". Мындан ары эмне болот?

746
(жаңыланган 22:52 16.01.2021)
Россиялык өндүрүштөгү С-400 зениттик ракеталык системалар Евразиянын өлкөлөрүнө жайылууда. Кытай, Түркия, Индиядан соң Беларусь Республикасынын Аскердик-аба күчтөрү, абадан коргонуу күчтөрү "Триумфтар" менен куралданууга камынууда.

Ирак, Катар жана Марокко (Африкалык континенттин түндүк-батышы) да С-400дү сатып алуу процессинде. Планета боюнча С-400 зениттик ракеталык системаларын ийгиликтүү жайылтуунун негизи – жакын аналогдорунун жоктугу, уникалдуу аскердик мүнөздөмөлөрү. Аталган тутумдун экспорттук дараметине аскерий баяндамачы Александр Хроленко токтолгон.

Беларусь Республикасынын Куралдуу күчтөрдүн Аскердик-аба күчтөрү жана абадан коргонуу бөлүгүнүн командачысы, генерал-майор Игорь Голуб 14-январда С-400 "Триумф" жаңы тутуму менен куралдана турганын жарыялады. Бул системалар АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн бешинчи муундагы F-22 жана F-35 истребителдеринин (НАТО жүздөгөн F-35ти Европага жайгаштырууну пландайт) аскердик мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен атайын иштелип чыккан.

Мындан тышкары, куралдуу күчтөрдө "Панцирь-С" зениттик ракеталык-замбиректик комплексин өздөштүрүү боюнча келишим алдындагы иштер жүрүп жатат. МИ-35 көп буталуу сокку уруучу тик учактары, россиялык өндүрүштөгү СУ-30СМ истребителдеринин экинчи партиясы менен жабдууга келишим түзүлгөн.

Беларустук аскердик күчтөрү быйыл "Противник-Г" жана "Восток" жаңы радарларын куралданышмакчы. Мурдараак аталган өлкөнүн аба мейкиндигин коргоо боюнча аскердик күзөткө РФ өндүрүшүндөгү S-диапазонундагы жаңы "Сопка-2" үч координаттуу трассалык радиолокациялык комплексин алган. Батыш санкциялары жана экономикалык кыйынчылыктар Россияны Беларустун армиясын курал менен айныгыс жабдуучу кылат.

Беларусь Республикасынын асманы бардык агрессорлор үчүн жеңилгис чепке айланууда. Аскердик-аба күчтөрүнүн бөлүктөрү жана Абадан коргонуу күчтөрү өтө татаал кырдаалда, душман тарабынан ракеталык курал жана учкучсуз учуучу аппараттар пайдаланылган сириялык, ливиялык жана карабахтык тажрыйбаны эске алуу менен аскердик милдеттерди аткарууну үйрөнүшөт.

Оптимисттик динамика

Россия менен активдүү аскердик-техникалык кызматташуу дүйнөнүн элүү өлкөсүнүн, анын ичинде КМШнын жети өлкөсүнүн коопсуздугун жана суверенитетин бекемдейт. Чет өлкөлүк адистер РФ өндүрүшүндөгү аскердик учак жана абадан коргонуу тутумдарынын жөндөмдөрүн кыйла таасирдүү инструменттер деп эсептешет.

Кытай С-400 "Триумф" зениттик ракеталык тутумдарынын биринчи чет өлкөлүк буюртмачысы болгон. ЗРС С-400 эки полктук комплекти боюнча россиялык-кытай келишими тууралуу 2014-жылдын ноябрында белгилүү болгон.

Бир комплекттин курамында мобилдик командалык пункту, ракета кое берүүчү эки дивизиондук орнотмосу, радиолокациялык станциялар, эки типтеги 120дан ашуун тескелүүчү жаңы ракета бар.

Кытайлык адистер 2018-жылдын декабрында "Триумфтардан" ийгиликтүү ок атып көрүшкөн. Система 250 чакты чакырым аралыктан секундасына 3000 м ылдамдыкта учуп бараткан баллистикалык бутасын кыйраткан.

С-400 системасынын экинчи полктук комплектин Кытай 2019-жылдын декабрында алган. Кытайда россиялык "Триумфтардын" негизги артыкчылыктары – 400 чакырымга чейинки аралыктан аракет этип (бул дүйнөдө "жер – аба" тибиндеги эч бир ракеталык системанын колунан келбейт), согуштук аракеттердин жүрүшүндө бута көрсөткүчтөрүн, алыскы аралыктан шпионажды токтотуу үчүн душмандын ыраак радиолокациялык кармоочу учактарын жок кыла алышы.

С-400 системалары КЭРдин тегерегиндеги перифериялык жана талаштуу райондорун ынанымдуу көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Россия жана Түркия С-400 "Триумф" ЗРС боюнча 2017-жылы макулдашышкан. Келишим наркы – 2,5 миллиард доллар. Бул түркиялык-америкалык алакаларда олуттуу каатчылык жараткан.

Санкциялар, ошондой эле Түркияны америкалык F-35 истребителин жасоо программасынан чыгарарын айтып коркутуу менен Вашингтон келишимден баш тартып, тек гана америкалык Patriot комплекстерин сатып алууну талап кылган.

Анкара АКШнын ультимативдик талаптарына моюн сунбастан, 2019-жылдын жайында С-400 ЗРС төрт дивизионун (алгачкы комплект) алган. Түркия экинчи комплектти сатып алууга жана өлкөнүн маанилүү объектилерин калкалоо үчүн эң ынанымдуу жана заманбап тутумдарын түзүүгө ниеткер.

Анкарага жакын жайгаштырылган С-400 сыноолордун жүрүшүндө 600 чакырым аралыктан радиолокациялык системалардын аракет аймагынын чегиндеги F-16 Fighting Falcon истребителин байкаган. Башкача айтканда, аба буталарын табуу жана жок кылуу автоматтык режимде жүргүзүлгөн аскердик күзөт режиминде F-16 Fighting Falcon истребителдери Анкарадан 400 чакырым аралыктан "Триумф" тарабынан жок кылынышы ыктымал. Аталган эки өлкө С-400 зениттик ракеталык тутумдарынын экинчи комплектин (полкун) алуу жөнүндө 2020-жылдын июнунда принципиалдуу түрдө макулдашышкан. Индия 2018-жылдын октябрында С-400 зениттик ракеталык тутумдарынын беш комплектин алууга 5,43 млрд. долларлык келишим түзгөн. Делидегилер АКШнын болуп көрбөгөндөй кысымына карабастан, чечкиндүү түрдө ниеттенген.

The Times of India басылмасынын маалыматы боюнча, россиялык "Триумфтарды" Индия батыш, түндүк жана чыгыш аймактарында (Кытай жана Пакистан тараптан коркунуч спектрин эске алуу менен) жайгаштырып, өлкөнүн абадан коргонуу тутумдарында революция кылат.

С-400 зениттик ракеталык тутумдарын пайдаланууну үйрөнүү жана аскердик колдонуу үчүн 100 индиялык адистен турган алгачкы топ Россияга ушул айдын аягына чейин келет. Индияда "Триумфтардын" биринчи полктук комплекти менен 2021-жылдын аягында куралдануу пландалган. Россия С-400 ЗРС полктук комплектин бешөөнү тең 2025-жылга дейре тапшырып берүүгө ниеттенет.

"Триумфалдык" келечек

"Триумфтарды" сатып алуу боюнча Марокко, Катар, Ирак сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Мурдараак С-400 россиялык зениттик ракеталык тутумдарын сатып алууга Алжир, Вьетнам, Египет, Сауд Аравиясы, жалпы 12ден ашуун өлкө кызыкдарлыгын билдирген.

Чет өлкөлүк суроо-талап экспортчунун сунушунан жогору (Россия бул маселеде Аба-космостук күчтөрүнө артыкчылык берет). АКШнын санкциялар аркылуу душмандарга каршы аракет жөнүндөгү мыйзамга (ага президент Дональд Трамп 2017-жылдын августунда кол койгон) ылайык бул өлкөлөргө санкцияларды киргизе алат.

Ыраак аралыктан абадан коргонуу тутумундагы мыкты С-400дү дүйнөдө эч ким токтото албайт. "Триумф" системалары дүйнөнү өзгөртүүдө. Эгер С-400 зениттик ракеталык тутумдарды, мисалы, Иран сатып алса, Персид булуңунун аймагындагы АКШ авиаташуучулары таптакыр пайдасыз оюнчукка айланып калат.

Вашингтон дүйнө таануу концепциясын аргасыз түзөтүүгө, Иран менен диалогунда "өз стилин кайра карап чыгууга" туура келет. Бул Иракта эбак башталган.

АКШнын Ирактагы элчилиги жана аскердик базалары улам ракеталык аткылоолорго кабылып келет. Америкалык зениттик ракеталык комплекстер ракеталык чабуулдарга каршы туруштук бере алган эмес. Залптык октун реактивдүү тутумунун дүрмөттөрү Багдаддын "жашыл аймактарында" жарылууда, бул АКШны дипломатиялык персоналынын басымдуу бөлүгүн көчүрүүгө жана ирактыктардан Россиядан сатып алынган "Панцирь-С" зениттик ракеталык-замбиректик комплексин ижаралоого мажбурлоодо. С-400 зениттик ракеталык тутумдарга кайталы. "Триумфтун" маанилүү артыкчылыгы – радиолокациялык системалардын айланага көз чаптыра алышы жана төрт типтеги ракеталарды колдонуунун ийкемдүүлүгү (көп деңгээлдүү абадан коргонуунун түзүлүшү).

Ар кыл типтеги ракеталарды пайдалануу гипер үндүү буталарды, аскердик авиацияны, учкучсуздарды, канаттуу, тактикалык жана баллистикалык ракеталарды 5 метрден 30 чакырымга чейинки бийиктиктеги, 400 чакырымдан 2 чакырымга чейинки аралыктагы жетиштүү диапазондо майнаптуу кыйратууга мүмкүнчүлүк берет.

"Триумфтун" бир батареясы 72ге чейин мээлөөчү ракеталарга ээ болушу мүмкүн, секундасына 4800 метрге чейинки ылдамдыкта учуп бараткан 36га чейинки бутаны бир убакта аткылай алат.

С-400 системасы ар кыл типтеги зениттик ракеталык комплекстерин (С-300, Панцирь-С1, Тор-М1) интеграциялап, радиоэлектрондук каршы аракет этүүнүн ар кандай шартында ар кыл ыраактыктан абадан коргонуу тутумдарын тескей алат.

Ал ортодо быйыл россиялык аскердик бөлүктөр 200 чакырымга чейинки бийиктиктеги согуштарга даяр С-500 революциялык системасына ээ болот. Россиянын аскердик-техникалык кызматташтык боюнча өнөктөштөрү жаңы кезектен орун ээлей берсе болот.

746
Белгилер:
ылдамдык, комплекс, Беларусь, Индия, Кытай, Россия, курал, ракета
Тема боюнча
Алтынчы муунга карай. Су-57 дүйнөнү багындырууда
Президент Садыр Жапаров жана Россиянын президенти Владимир Путин Кремлдеги жолугушуу учурунда

Садыр Жапаровдун чет өлкөгө жасаган биринчи сапарынын жыйынтыгы. Сереп

79
(жаңыланган 00:30 26.02.2021)
Президент Садыр Жапаровдун чет өлкөгө жасаган биринчи иш сапары жыйынтыкталды. Материалдан жолугушуулардын урунттуу учурларын окуңуздар.

Садыр Жапаров Бишкектен Москвага 24-февралда учуп кеткен. Делегация дээрлик чоң эле болду. Курамына президенттин аппаратынын жетекчиси, эки вице-премьер, жети министр, эки ведомствонун жетекчилери жана Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу дагы кирди.

Жапаров Россияга учуп кетер алдында Кыргызстан менен Россиянын өз ара мамилелери жана байланыштары жөнүндө "Союздук байланыштар" аттуу макаласын жарыялады. Анда мамлекет башчы тарыхта кыргыз-орус элинин алысташына өбөлгө түзгөн көйгөй жаралбагандыгын белгилеген.

Кийин Россиянын ири маалымат агенттиктеринин бири болгон РИА Новостиге орус-кыргыз мамилесинин абалын, кызматташууда биринчи басым эмнеге жасала тургандыгын айтып берген.

Пандемияга байланыштуу сапар расмий эмес, жумушчу болду. Мындан улам Москванын аэропортунда оркестр жана башка шаан-шөкөт уюштурулган жок.

Кремлден белгилешкендей, жумушчу сапардын программасы мазмундуу болду. Садыр Жапаров Москвага учуп келери менен Россиянын президенти, андан соң Татарстандын башчысы менен жолукту. Кийинки күнгө Россия парламентинин эки палатасынын төрагалары жана өкмөт башчысы менен жолугушуу пландалган.

Бул иш сапар Кыргызстандын жетекчилиги үчүн башкы өнөктөштүн ишенимине кирип, жакшы байланыш түзүүгө жол ачты. Ал эми Россияга алдыда ким менен иштешерин билүүгө мүмкүнчүлүк жаралды.

Владимир Путин

Россиянын лидери эки мамлекет достук гана эмес, союздук мамиле түзө алганын белгиледи. Ал ошондой эле Россия Кыргызстандагы ички саясий кырдаалын жөнгө саларына үмүт артарын айтты.

Пандемия боюнча дагы маселе козголду. Путин Россия Кыргызстанга буга чейин жардам берип келгенин, мындан ары дагы колдоо көрсөтүү үчүн болгон аракетин жасай турганын билдирди. РФ президенти КР өкмөтүнүн вирусту ооздуктоого күчү жетип жатканын канааттануу менен белгиледи. Путин эки өлкөнүн эриш-аркак жылына пандемия жолтоо болгонун эске салып, абал жакшырса орду толтуруларын айтты.

РФ лидери Кыргызстандын Конституциясына киргизилгени жаткан өзгөртүүлөр боюнча дагы кеп козгоду. Ал алдыга коюлган пландар республикадагы кырдаалды турукташтырып, КРдин өнүгүүсүнө шарт түзүп, Россия менен байланышты бекемдээрине үмүт кыларын билдирди. Мындан сырткары, ал Кыргызстан орус тилинин расмий статусун Конституцияда сактаганы Россия үчүн дагы, кыргызстандыктар үчүн дагы маанилүү экенин кошумчалаган.

Ал эми Садыр Жапаров өтө кыйын болуп турган мезгилде жана пандемия учурундагы көрсөткөн колдоого өзгөчө ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ жана ШКУнун алкагында кызматташуу ниетинде экенин айтты. Ал ошондой эле коронавируска каршы россиялык вакцинанын майнаптуулугун жана коопсуздугун дүйнө коомчулугу таанып жаткандыгын белгилеп, жакынкы арада Кыргызстан дагы эмдөө кампаниясын баштайт деген үмүттө экенин кошумчалады.

Рустам Минниханов

Андан кийин Жапаров Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен жолукту. Жолугушуу таанышуу мүнөздө өттү. Президенттер эки элдин ортосундагы экономикалык жана маданий байланышты күчөтүү зарылдыгын айтышты.

Президент Кыргызстана Садыр Жапаров во время встречи с президентом Татарстана Рустамом Миннихановым в рамках визита в РФ
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Андан кийин Жапаров Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен жолукту

Парламенттик деңгээл

Кийинки күнү Жапаров Федералдык кеңештин (парламенттин жогорку палатасы) төрайымы Валентина Матвиенко менен көрүштү. Анда кыргыз-орус кызматташтыгы тууралуу пикир алышуу болду. Матвиенко Жапаровдун чет өлкөгө жасаган алгачкы эле сапарында Россияга келишин эки мамлекеттин мамилеси жогорку деңгээлде экенин айгинелегенин белгиледи. Путин сыяктуу ал дагы Кыргызстанда орус тилинин расмий макамынын сакталышынын маанилүүлүгүн айтты.

Ага чейин Кыргызстандын өлкө башчысы Россиянын Мамлекеттик Думасынын (парламенттин төмөнкү палатасы) төрагасы Вячеслав Володин менен жолуккан. Алар эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелерди тереңдетүүдөгү парламенттер аралык кызматташуунун ролу жөнүндө пикир алмашкан. Володин ошондой эле Кыргызстанда жакында эле өткөн президенттик шайлоо тууралуу кеп салып, АКШдагы шайлоого караганда бир кыйла ачык өткөнүн айтты.

Михаил Мишустин

Садыр Жапаров буга чейин Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү менен Россиянын башка жетекчилери сыяктуу аны менен да алгачкы ирет көрүштү. Россия өкмөтүнүн башчысы эки тараптуу мамилелерди мазмундуу жаңы деңгээлге чыгарып, жаңы долбоорлор менен толтурууга кызыкдар экендигин айтты.

Өз кезегинде Жапаров пандемия учурунда гуманитардык, каржылык жана техникалык жардам көрсөткөн колдоосу үчүн Россия өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы бардык потенциалды толук ачып берүүгө умтулаарын кошумчалады.

Президент Кыргызстана Садыр Жапаров встретился с председателем правительства России Михаилом Мишустиным в рамках своего визита в Москву
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Садыр Жапаров буга чейин Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү менен Россиянын башка жетекчилери сыяктуу аны менен да алгачкы ирет көрүштү

Мигранттар менен жолугушуу

Жапаров Путин менен жолугушкандан кийин эле Москвада иштеп, жашап жүргөн мекендештер менен кезикти. Ал мигранттардын Кыргызстандын экономикасына кошкон салымы чоң экенин белгилеп, аларды мекенге кайтаруу үчүн шарт түзүүгө убада берди.

Президент сүйлөп жатып, үй ээлери салык төлөөдөн качып мигранттарды каттоодон баш тартышаарын, мындан улам келип чыккан миграциялык каттоонун көйгөйү жөнүндө билерин айтты. Президент маселени чечүү жолдорун да атады.

Кыргызстанцы проживающие в России на встрече с президентом КР в рамках его рабочего визита в РФ
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Жапаров Путин менен жолугушкандан кийин эле Москвада иштеп, жашап жүргөн мекендештер менен кезикти

Россиянын бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу

Россиядан инвестиция алып келүү иш сапардын маанилүү милдеттеринин бири экенин Жапаров Москвага жөнөй электе айткан. Жолугушууга россиялык 40ка жакын ири компаниялардын башчылары катышты. Президент ишкерлерди тигүү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, логистикалык борборлорду куруу сыяктуу тармактарга каражат салууга чакырды.

 Президент Кыргызстана Садыр Жапаров встретился с представителями крупного российского бизнеса в Москве в рамках своего визита в РФ
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Россиядан инвестиция алып келүү иш сапардын маанилүү млдеттеринин бири экенин Жапаров Москвага жөнөй электе айткан. Жолугушууга россиялык 40ка жакын ири компаниялардын башчылары катышты

Жыйында болгон сүйлөшүүлөр тууралуу конкреттүү маалыматтар айтылган жок. Деген менен президент жана өкмөт мүчөлөрү россиялык ишкерлердин суроолоруна жооп берди.

Эки күндүк иш сапардын соңунда кыргызстандык делегация Кремлдеги белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар коюп, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында каза болгондорду эскерип бир мүнөттүк аза күтүштү.

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров возложил венок к могиле неизвестного солдата у Кремлевской стены в городе Москва. 25 февраля 2021 года
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Эки күндүк иш сапардын соңунда кыргызстадык делегация Кремлдеги белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар коюп, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында каза болгондорду эскерип бир мүнөттүк аза күтүштү

Кандай документтерге кол коюлду?

Иш сапардын аякташы менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кесиптеши Сергей Лавров менен жолукту. Алар төрт документке кол коюшту:

  • КР өкмөтү менен РФ өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстандагы идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркировкалоо системасын түзүү максатында Россия тарабынан Кыргызстанга кайтарылгыс техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;
  • КР Коргоо министрлиги менен РФ Коргоо министрлигинин ортосундагы Кыргызстандын аймагында пилотсуз учуучу аппараттарды колдонуу жөнүндө протокол;
  • КР менен РФтин 2021-2025-жылдарга карата коргоо ведомстволорунун башчыларынын ортосундагы аскер жаатындагы стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүү программасы;
  • КР Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен РФ Айыл чарба министрлигинин ортосундагы айыл чарба продукциясын жеткирүү жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму.
79
Белгилер:
Вячеслав Володин, Михаил Мишустин, Валентина Матвиенко, Владимир Путин, кызматташуу, документ, Москва, иш сапар, Садыр Жапаров, президент, Россия, Кыргызстан
Тема:
Садыр Жапаровдун Россияга сапары
Тема боюнча
Россия Кыргызстанга экономиканы көмүскөдөн чыгарууга 623 млн. сом берет
Путин: Россия Кыргызстанга мындан ары да колдоо көрсөтөт
Кызматташууну бекемдейбиз. Жапаров Путин менен жолукканда эмне деди
АКШ долларлар. Иллюстративдик сүрөт

Стратегиялык кадам: Россия АКШ облигацияларына миллиард салды

49
(жаңыланган 22:32 25.02.2021)
Соңку жылдары Москва бул баалуу кагаздардан пландуу түрдө арылып келгени менен РФ Борбордук банкы өткөн жылдын декабрында Кошмо Штаттардын мамлекеттик карызына салымын дароо миллиард долларга жогорулатты.

Эмне үчүн дал азыркы убакта ушундай кадамга барышты? Ушул тема тегерегинде Наталья Дембинская ой учугун чубаган.

Баалуу кагаздар баяны

АКШ Каржы министрлигинин маалыматына таянсак, дал ушул тапта Россиянын 6,011 миллиарддык америкалык мамлекеттик облигациялары бар. Алардын ичинен 1,2 миллиарддык облигация – узак мөөнөттүү, ал эми 4,8 миллиарды — кыска мөөнөттүү баалуу кагазга салынган. Декабрда анын запасы миллиард долларга толукталган.

Бул кагаздарды сатуу менен АКШ өкмөтү бюджеттин таңсыктыгын жана башка чыгымдарын жабат. Америкалык мамлекеттик карыз дээрлик 28 триллионго чыккан.

2010-2013-жылдары россиялык салымдын көлөмү 170 миллиарддан ашкан. Москва ири трежерис ээлеринин катарына кирет. Бирок 2014-жылдын апрелинде Вашингтон санкция киргизген соң, аталган мамлекет облигациялардан кутула баштаган.

2018-жылы РФ Борбордук банкы АКШнын казыналык милдеттенмелер топтомун дароо эки эсе кыскартуу менен ири сатыкты уюштурган. Эл аралык резервдердеги америкалык баалуу кагаздардын үлүшү болушунча азайган. Аларга салынган каражатты РФ башкы банкы алтын, евро жана юанга жумшаган.

Диверсификация

Америкалык мамлекеттик карыз АКШнын Каржы министрлиги тарабынан чыгарылган баалуу кагаз болуп саналат. Вексель жана мамлекеттик облигацияларды жеке жана юридикалык тараптар, штат жана мамлекеттердин бийлиги сатып алышат.

Бул кагаздардан түшкөн киреше анчалык жогору эмес, эки жарым – үч пайыздын тегерегинде. Бирок европалык жана япониялык карыздар боюнча киреше дээрлик жок же терс пайдага ээ. Анткен менен кеп башкада: Кошмо Штаттардын мамлекеттик облигациялары дүйнөдөгү эң ынанымдуу жана акчага тез айланчу инструменттердин бири болуп саналат. Аларды сатып алуу жана сатуу жеңил.

"Убактылуу бош (ашыкча болуп) турган каражаттарды АКШнын мамлекеттик карызына салуу пайдалуу. Жылдык эки-үч пайыз – миллиарддар сөз болуп турганда кыйла көлөмдүү акча. Ушул учурда саясат экономикалык чечимдерге таасир этпөөгө тийиш", — дейт РФ Мамлекеттик думасынын каржылык рынок комитетинин мүчөсү Дмитрий Скриванов.

Ошентип, трежеристин көлөмүн көбөйтүү менен Москва рыноктон орун алышын белгилегендей болду. Бул эл аралык резервдерди диверсификациялоо үчүн керек. Азыр Россиянын 590 миллиард доллары бар, анын ичинен алты миллиарды түздөн-түз АКШнын мамлекеттик карызына салынган. Талдоочулар муну Москва жалпы дүйнөлүк тенденциялар менен кадамдаш экендигин түшүндүрөт. Долларга суроо-талап өсүп келет, анткени бул валюта өзгөрүлмөлүүлүккө жана инфляцияга анча дуушар болбойт.

"Миллиард доллар — кыйла ири сумма, муну активдердин кыйла чектелген тобуна салууга болот. Алтынга суроо-талап өтө жогору, евро менен юанда ансыз деле резервдин үлүшү чоң.

Америкалык мамлекеттик карызга салым салуу — бул диверсификациялоо элементи", — деп тактайт Өнөр жайчылар жана ишкерлердин орус-азиялык союзунун президенти Виталий Манкевич.

Кытай варианты

Былтыр декабрдын аягында Кошмо Штаттардын мамлекеттик баалуу кагаздарынын ири көлөмдөгү ээси Япония болгон (1,2 триллион доллар). Андан мурда бул багытта Кытай биринчи орунда эле, азыр Пекин 1,06 триллион доллар менен экинчи сапка түшкөн. Үчтүктү 428,9 миллиард доллар менен Улуу Британия жыйынтыктайт.

Соода согушунун айынан кытайлыктар 200 миллиарддан ашуун көлөмгө кыскартуу менен бул баалуу кагаздардан пландуу түрдө арылып келген. Анткен менен Пекиндин колундагы эбегейсиз америкалык карыз — Вашингтонго кысым көрсөтүүнүн күчтүү рычагы.

Уланып келе жаткан жаңжал кокус АКШнын экинчи ири чет элдик кредитору трежеристи масштабдуу сатууну уюштурушу ыктымал деген чочулоолорду күчөтөт. Андай көрүнүштүн кесепети оңдурбайт. Биринчиден, кыска убакытта 100-200 миллиарддык облигацияларды сатуу алардын баасын түшүрөрү турулуу иш.

Натыйжада Кытайдын өзүнүн тышкы актив жана резервдеринин наркы арзандаган трежеристи сатуудан түшкөн пайда сымал эле бир топ төмөндөйт. Ал аз келгенсип доллардын куну түшөт, ал эми Пекинге андай жагдайдын зарылдыгы жок. Америкалык валютанын чабалдашы кытай экспортун кымбаттатат.

Алтын кору

Бир нече жылдан бери россиялык Борбордук банк доллардан кутулуп, алтынга басым жасап келет. 2020-жылы резервдердеги баалуу металлдардын үлүшү алгач ирет америкалык валюталардын көлөмүнөн ашкан, ал эми февралда монетардык алтын кору 136,7 миллиардга жеткен.

РФтин алтын кору жыл ичинде дээрлик 28 тоннага өстү. Универсалдуу акчалай эквивалент деп эсептелген баалуу металл пайыздык киреше алып келүүчү активдерден да пайдалуулугу артып, санкциялык тобокелдиктердин бардык түрүнөн сактап келет.

Bloomberg белгилегендей, Россия дүйнөгө экономикасы үлкөн жана алтын валюталык резервдери көп өлкө доллардык активден арылып, андан кылы кыйшайып да койбосун көрсөттү.

49
Белгилер:
облигация, кагаз, АКШ, Россия
Тема боюнча
Мунайдын баасы дагы канча убакыт кымбаттайт? Саресеп
"Мындай нерсе жок эле": РФ кандай танк чыгарууга белсенди?