Түркиянын ЖОЖдоруна тапшырууну каалагандардан документтерди кабыл алуу башталды

© AFP / ADEM ALTANШкола Ататюрк в Анкаре
Школа Ататюрк в Анкаре - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын окуу жайларынан билим алууну каалагандар документтерин 10-январдан 20-февралга чейин тапшырып бүтүшү керек.
БИШКЕК, 17-янв. – Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы Түркиянын жогорку окуу жайларына тапшырууну каалагандардан документтерди кабыл алуу башталганын билдирди.
Ага ылайык, аталган мамлекеттин окуу жайларында билим алууга ниеттенгендер тиешелүү документтерди 10-январдан 20-февралга чейин толтурушу шарт.
"Документтерди билим берүүнүн бардык академиялык деңгээлдеринде, тагыраагы бакалавриат, магистратура жана докторантура боюнча тапшырса болот. Программага катышууну каалагандар www.turkiyeburslari.gov.tr сайтына кирип, арыздын электрондук формасын толтуруп системага керектүү документтерди жүктөөсү керек", – деп айтылат маалыматта.
Министрлик жеке өзү берген же почта менен жөнөтүлгөн документтер кароого кабыл алынбай турганын эскертти.
Жаңылыктар түрмөгү
0