ЖМК: окумуштуулар коронавирустун жаңы штаммына каршы вакцина даярдайт

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЛабораториянын кызматкери иш учурунда. Архив
Лабораториянын кызматкери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 деп аталган коронавирустун жаңы мутациясы пайда болгону тастыкталган. Ал азыр бир катар мамлекеттерге жайылууда.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Британиядагы Оксфорд университетинин окумуштуулары тез аранын ичинде коронавирустун жаңы штаммына каршы вакцина даярдоого  белсенип жатат. Бул тууралуу РИА Новости чет элдик сайттарга шилтеме берип жазды.
Аталган окуу жайдын командасы ушул тапта AstraZeneca вакцинасы менен иштеп жатат. Буга кошумча коронавирустун жаңы штаммына каршы изилдөө жүргүзө турганын айтышкан.
Открытие перехода между станциями метро Динамо и Петровский парк  - Sputnik Кыргызстан
Россияда "британиялык" штамм мартта күч алары болжолдонууда
Ал эми Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жаңы штаммдар боюнча илимпоздор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын билдирген.
Декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 деп аталган коронавирустун жаңы мутациясы пайда болгону тастыкталган. Ал азыр бир катар мамлекеттерге жайылууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0