АКШ кайрадан ДССУга кошулду. Байден Трамптын бир нече жарлыгын жокко чыгарды

© AP Photo / Evan VucciПрезидент Джо Байден
Президент Джо Байден - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сөз болчу долбоорлордун бирине АКШнын үч президентинин "колу" тийген. Мисалы, Барак Обама түтүктүн курулушун токтотуп койсо, Трамп ага уруксат берген. Байден ага кайрадан тыюу салды.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Жо Байден кызматка киришери менен экс-президент Дональд Трамптын бир катар жарлыктарын жокко чыгарды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Алгач президент АКШны кайрадан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна мүчө кылып киргизди. Эске салсак, 2020-жылдын апрель айында Американын ал кездеги лидери Трамп ДССУну Кытайга өтө эле көңүл бурарын, болбосо уюм АКШ бөлгөн акчанын көпчүлүк үлүшүн аларын айтып чыккан. Июль айынан баштап Кошмо Штаттар уюмдан чыгуу процессин баштаган.
Мындан тышкары, өлкө мурдагы президент чыгып кетүүнү чечкен Климат боюнча Париж келишимине кайрадан кошулду.
Статуя Свободы в Нью-Йорке и флаг США - Sputnik Кыргызстан
Байден мигранттарга коюлган чектөөлөр боюнча Трамптын жарлыгын жокко чыгарды
Мексика менен чектешкен жерге дубал куруу токтотулду. Трамптын администрациясы АКШнын аймагына мыйзамсыз киргендердин агымын азайтуу үчүн Мексика менен чектешкен аймактын бир топ бөлүгүнө дубал орнотуп койгон. Негизи 800 чакырымга созулган дубал куруу пландалса, январь айынын башында анын 727 чакырымы тургузулуп бүткөн.
Ошол эле миграцияга байланыштуу дагы бир жарлык чыкты. Анда Байден Мьянма, Иран, Кыргызстан, Ливия, Судан сыяктуу 13 мамлекеттин жарандарына АКШга кирүүгө чектөөлөрдү алып салды. Эске салсак, 2017-жылы АКШга биометрикалык паспорт колдонбогон өлкөлөрдүн жарандары киргизилбей тургандыгы тууралуу жарлыкка мурдагы президент Дональд Трамп кол койгон. Анда Кыргызстан тез арада биометрикалык паспортторду жайылтышы керектиги айтылган.
АКШнын жаңы башчысы кол койгон документтердин бири Америка менен Канаданын чек ара аймагына курулуп жаткан Keystone XL нефть түтүгүнө тиешелүү. Түтүк Канаданын нефть өндүргөн Альберт провинциясынан башталып, Мексика булуңундагы кайра иштетүүчү заводдорго чейин бармак. Күнүнө 800 миң баррель өткөргөн түтүктөрдүн курулушун 2015-жылы ал кездеги президент Барак Обама Американын улуттук кызыкчылыгына туура келбейт деп токтотуп койгон. Кийин долбоорду Трамптын администрациясы кайра баштап берген эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0