"Түндүк агым-2" Германия менен АКШ алакасынын тагдырын чечет

© Sputnik / Дмитрий Лельчук / Медиабанкка өтүүГаз түтүгүн куруучу кеме. Архив
Газ түтүгүн куруучу кеме. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жо Байден өз инаугурациясына АКШнын негизги өнөктөшү Германиядан жагымсыз белек алды. Ал тыкыр таңгакталган, көйгөйлөрдүн маңызы менен байланган, эми алар менен жаңы администрация убара болот.
Кошмо Штаттар "Түндүк агым – 2нин" курулушуна катышып жаткан россиялык "Фортуна" түтүк коюучу ишканага каршы санкцияларды киргизген. Ошондой эле, германиялык ЖМКлардын маалыматы боюнча, Берлиндеги америкалык элчилик ФРГ өкмөтүн жаңы чектөө чаралары боюнча пландарынан кабарлаган.
Немец бийлиги муну "өкүнүү менен кабыл алып", башка билдирүү жасаган жок. Бул андан мурун болгон маанилүү окуянын ажырагыс уландысы болуп калды. Бул жагдайга Ирина Алкснис сереп салган.
Германиядагы Висмар портундагы газ түтүгүн куруучу кеме. Архив - Sputnik Кыргызстан
Соңку аракет: АКШ кайрадан "Түндүк агым-2" долбоорун "эрмектөөдө"
АКШ мамлекеттик катчысынын мурдагы орун басары жана шайлоодо Жо Байдендин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Николас Бернс газ түтүгүнө каршы жана анын курулушун токтотууга америкалык санкцияларды бир убакта тоңдурууну демилгелеген. Анткени жаңы администрация "Германия өкмөтү жана долбоорго катышкан башка өлкөлөр ортосунда ишеним жана эстүүлүк менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө" ээ болушу кажет. Бернс мында жеке демилгесин эмес, Вашингтондун сунушун ортого салганы айдан ачык. Бирок немецтер ага кол шилтеп койду. Бундестагдын энергетика боюнча комитетинин жетекчиси Клаус Эрнст германиялык энергетикалык саясатты Кошмо Штаттар менен талкуулоону "таптакыр орунсуз" деп атады. "Түндүк агым – 2нин" курулушу Европанын жеке иши, бардык зарыл уруксатын алган, ошондуктан аягына тез чыгарылууга тийиш" экенин баса белгиледи.
Демократтар соңку он жылдыктардагы америкалык тышкы, көбүнесе глобалисттик деп мүнөздөлгөн саясатты кайрадан жандандырууга ниеткер. Ортодо Дональд Трамптын президенттик мөөнөтү аны үзгүлтүккө учураткан. Ал бирдей деңгээлдеги эки маанилүү — процедуралык-институционалдык жана идеологиялык курамга ээ.
Идеологияга ЛГБТ-прогрессинен тарта экологияны эсепке алуу менен адамзаттын этти пайдалануудан баш тартуусуна чейинки эң либералдык-алдыңкы демилгелердин көлөмдүү комплекси жооп берет. Институционалдык бөлүгү да коомго жакшы тааныш, улут үстүндөгү уюм, документ жана процедуралардын системасы болуп саналат.
Мындай негизде АКШ дүйнөгө өзүнө пайдалуу шарттарды таңуулоо жана глобалдык лидерлигин биротоло аныктоо үчүн өз үстөмдүгүн бир топ жыл бекемдеп келген деген пикир кеңири тараган. Бир нерсе туура эмес нук алганы эбак түшүнүктүү болгон. Ойноп жана өздөрүнө карата адилетсиз системада утуп чыгууну өздөштүрүп алышкан өлкөлөрдүн саны улам арбып барат.
Россия жана анын Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерин өз пайдасына ийгиликтүү колдонушу – мунун өзгөчөлүгү эмес, көрүнүктүү үлгүсү. Кошмо Штаттарын көптөгөн эл аралык келишим жана уюмдардан эч буйдалбастан чыгаруу менен Дональд Трамп ушул нерсени төрт жыл бою бышыктап келди. Чындыгында ошол келишимдер Америкага түк пайдасыз.
АКШнын аз сандагы артыкчылыктуу өнөктөштөрү, алардын бири – Германия, өзгөчө бонустарга ээ экенин болжоо кыйын деле эмес. Андан эптүүлүк менен пайдаланууну да жакшы билишери айдан ачык.
Газ түтүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
2020-жылдын жыйынтыгы: дүйнөлүк газ рыногундагы "катуу бороон"
Дал ушул себептен чындыкты түз айткан, Германиянын өз суверенитетин акырындап, тынч калыбына келтирүүнүн ыраатка салынган схемасын талкалаган жана Американы өз кызыкчылыгына пайдаланышына жол бербеген Трамп Берлинге ыңгайсыз эле. Дал ушул себептен ФРГ бийлиги Байдендин АКШнын жаңы президенти катары келишин эргүү менен кабылдады. Бул пропагандисттик жана жайбаракат кулуардык-лоббисттик саясий процесс менен толук айкалышкан, анын шарапатында Германияга пайдалуу күн тартибин, немецтер үчүн ыңгайлуу форматтагы алакаларды кайтарууну убадалайт.
"Түндүк агым— 2" долбоорунда азыр дал ошондой көрүнүш. Акыркы айларда океадын ары жагынан киргизилген санкциялар газ түтүгүн курулушунун коопсуздугун болушунча камсыздоо үчүн кадамдар жасалган. Ошол эле "Фортуна" ишканасынын кожоюндары алмашты. Мекленбург — Алдыңкы Померания жеринин парламенти тарабынан долбоордун операциялык ишмердигин илгерилете турган фонд түзүлгөн.
Эң кызыгы, бул түзүм аркылуу немец бийлиги "бир ок менен эки коенду аткысы" бар. Курулуштун өзүн колдоодон тышкары аларга маалыматтык-идеологиялык коштоо камсыз кылынат. Жаңы уюм "Мекленбург — Алдыңкы Померания жеринин климатын жана айлана-чөйрөсүн коргоо" фонду деп аталгандыктан, расмий максатына ылайык, "Германиянын климаттык максаттарына жетүүсүнө" көмөктөшмөкчү. Муну менен экологиялык күн тартиби да колго алынат, себеби өлкө ичинде дал жашылдар тарабынан "Түндүк агым – 2ге" чабуул коюлуп келет эмеспи.
Протест после оправдания сенатом Дональда Трампа по делу об импичменте  - Sputnik Кыргызстан
"Орустар максатына жетти": дүйнөлүк тоталитардык держава курулду
Жо Байдендин командасы кабылган бул жагдай оңой эмес. Трамп жасачу кадамдарга бара алышпайт, тагыраак, стратегиялык өнөктөшүнө кескин, катаал чараларды көрүү менен дүйнөнү дүңгүрөтчү жаңжалды уюштурууга даабайт. Бул батыш биримдигин калыптандыруунун эрежелерине каршы келет, демократтар бийликке дал ошолорду бетке кармай бийликке кайтып жатышпайбы. Анан да Берлин Вашингтонго берилүү менен жана терең идеологиялык союздаштыкты көрсөтүүдө. Бул Россияда Алексей Навальныйдын камалышына карата үндөшкөн реакциясы менен дагы бир ирет айгинеленди.
Иштин кадыресе эле ыкмалары кулуардык өз ара жана басымды акырындап күчөтүү менен эки айга созулчудай. Немецтер эл аралык-бюрократиялык машакатты жаратууда өтө эпчил келишет. Ал убакка чейин "Түндүк агым – 2" курулушу аяктап, ал эми америкалыктар "жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап" абалында калышат. Натыйжада Жо Байден президенттик кызматка киришкен күндөн тарта жаңы администрация өз ишинде кабыл алынгыс трампизм менен идеологиялык жактан туура, бирок таптакыр майнапсыз либералдык глобализмдин бирин тандап алууга аргасыз болот. Анткен менен Германиянын да өз кыйынчылыктары бар. Кечээ жакында эле "Газпром" саясий кысымдардан улам долбоордун токтоп калышына же ал тургай жокко чыгарылышына алып келчү тобокелдиктер жөнүндө эскертти. Эң оболу бул көз карандысыздыкка жана геосаясий жактан күчтөнүүгө умтулууда антироссиялык карта ойноону (Навальныйдын ууланышы түрүндө) туура тапкан Берлинге тишелүү. Бул кадамы менен ал Россия мындай нерсеге катуу жооп берерин дагы унуткан өңдүү...
Жаңылыктар түрмөгү
0