Жаңы курамда: АКШнын Каржы министрлиги доллардын кунун кулатууга даяр

© AP Photo / Andrew HarnikАКШнын Федералдык резервинин мурдагы жетекчиси Жанет Йеллен. Архив
АКШнын Федералдык резервинин мурдагы жетекчиси Жанет Йеллен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкалык валюта эки жылдык минимумга дейре түштү. Буга эки фактор таасир этүүдө.Натыйжада финансисттер доллардын эки эсе арзандай турганын болжоодо.
Көбүнесе бул – Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинин ишмердигинин "жемиши".  Жакында бул министрликке Федералдык резервдин мурдагы жетекчиси Жанет Йеллендин келери күтүлүүдө. Доллардын кунунун төмөндөшү канчалык терең болоруна Наталья Дембинская сереп салган.

Кирешелүүлүгү төмөн

Декабрдын аягында доллардын индекси беш жарым пайызга түшкөн. Инвесторлорду Кошмо Штаттар жаңы басылган жана эч нерсе менен камсыздандырылбаган долларларды экономикага ири көлөмдө салганы тынчсыздандырат. Июнь айынан тарта акча массасы бир дагы ирет жылдык 22 пайыздан төмөндөгөн жок. Бул – тарыхтагы эң жогорку көрсөткүч. Акча басып чыгаруучу станок инфляцияга кептээри турулуу иш, бирок АКШнын Федералдык резерв тутуму максаттуу маңызын эбак: "орточо эки пайызга" (мурда "эки пайыз" эле) өзгөрткөн.
НАТО желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Талуу жерден согобуз": НАТО эмнени көздөп турат?
Эгер инфляция күткөндөн жогору болуп кете турган болсо, негизги ченди көбөйтпөө үчүн ушундай кадамга барышкан. Башкача айтканда жөнгө салуучу пайыздарды нөлдүн тегерегинде кармоого ниеттенет. Бул экономикага чоң колдоо болгону менен долларга терс таасир этет.
Долларлык активдерге салынган салымдардын кирешелүүлүгү төмөндөгөн соң инвесторлор тобокелдүү болсо да башка варианттарды издеп жатышканын айгинелейт Reuters басылмасынын валюталык стратегдерди сурамжылоосу.
"Доллар мурдагыдай эле бардык көрсөткүчтөрү боюнча алда канча ашкере бааланган. Федералдык резерв тутумунун акча-насыялык саясаты муну жое алат", — деп белгилейт Societe Generale валюталык стратегиясынын башчысы Кит Жукс.
Ноябрда эле эксперттер Жо Байден бийликке келсе америкалык валютанын наркынын ылдыйлашы турулуу иш экенин эскертишкен. Демократтар дээрлик үч триллиондук кошумча фискалдык өбөлгөлөр жана жаңы жардам топтомун пландашкан. Бул узак мөөнөттүү келечекте долларды чабалдатат, анткени бюджеттин таңсыктыгын көбөйтүп, аны жабууга зарыл тышкы карыздардын көлөмүн жогорулатат.
Вакцинаны таратуу да америкалык валюта үчүн терс таасирин тийгизет, себеби экономикалык активдүүлүктү бардык жактан күчөтүү "инвесторлордун эң ынанымдуу баш паанегинин" аргументтерин алсыратат. Жылдын аягындагы эмдөө жөнүндөгү кабарларда доллардын 2017-жылдан берки эң төмөн көрсөткүчүнө күбө болгонбуз.

Элүү пайызга

Экономисттердин жоромолдору бул багытта көңүл жубатарлык эмес. Citigroup банкынын баамында, бийликке демократтардын келиши 2021-жылы долларды 20 пайызга дейре чабалдатуу ыктымалдыгын жогорулатат.
АКШ президенти Жозеф Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан
Байден Россия менен көйгөйлүү маселелерди ортого салууга даяр экенин билдирди
Morgan Stanley Asia банкынын директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы Стивен Роуч АКШнын бюджетинин таңсыктыгы жогорулап баратканын Федералдык резерв тутумунун нөлдүн тегерегиндеги чен саясатын белгилөө менен ушул сыяктуу эле сценарийди айтып чыкты.
Булардан да катаал жагдай болорун белгилүү финансист Жим Рикардс жоромолдойт. Ал АКШ акыры карыз көйгөйү менен алышууга аргасыз болорун, ал эми аны чечүү доллардын наркын 50 пайызга чейин төмөндөтүүнү талап кылат.
Ошол эле убакта алтындын унциясы 15 миң долларга чейин чыгып, ал эми күмүш 100 долларга жогорулап жатканын болжойт экономист. Ал АКШ эл аралык каржылык тутумда америкалык үстөмдүккө чакырык таштаган бир катар мамлекеттердин кысымынын алдында калганын түшүндүрөт. Биринчи кезекте кеп Россия менен Кытай жөнүндө. Москва менен Пекин долларды резервден сүрүп, алтынды көп сатып алууда.
"Соңку жылдары Россия алтын-валюталык резервдерин алда канча көбөйттү. Мындан сырткары, Москванын тышкы карызы кыйла аз. Орустардын кымбат баалуу металлга басым жасаары эбактан бери жашыруун эмес, рубль — дүйнөдө алтын менен эң камсыздандырылган валюта", — деп баалайт аналитик.

Өз колдору менен

Байдендин командасы ишке кирет. Дароо үч министрликтин башчылары алмашат. Каржы министрлигинин креслосун Федералдык резервдик системасынын мурдагы башчысы Жанет Йелленге табышташат. Bloomberg эске салгандай, ал "чабал доллардын америкалык экспорт үчүн артыкчылыгын жарнамалап" келген.
Пентагон башчылыгына Ллойд Остиндин бекитилди - Sputnik Кыргызстан
АКШ сенаты Пентагон башчылыгына афроамерикалык Ллойд Остинди бекитти
Бул экономисттерди кооптондурат. "Доллардын тагдырына кайдыгер, активдүү девальвационист болуп көрүнүү акылга сыйбайт", — дейт Клинтондун тушундагы каржы министри, Барак Обаманын администрациясынын Улуттук экономикалык кеңешинин башчысы Ларри Саммерс. Саммерстин айтымында, дүйнөлүк каржылык тутумдагы үстөмдүк кылуучу роль милдеттенмелердин тыкыр аткарылышы үчүн жоопкерчиликти Казынага жүктөйт.
Йеллендин сунуштамаларын АКШнын мурдагы каржы министри жана Goldman Sachs компаниясынын мурдагы башкы директору Хэнк Полсон да берген. "Пайыздык чендер тарыхый минимумдук деңгээлде, ал эми федералдык карыз Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки убактагыдан да көбүрөөк, — деп белгилейт экономист. — Мамлекеттик карыздын кескин өсүшүн токтотуу өтө маанилүү. Антпесе доллар эртеби-кечпи, нарксызданат. Вашингтон өз милдеттенмелерин тейлей албайт".
"Кошмо Штаттар атаандаштык артыкчылык алууну көздөп чабал валютага умтулбайт. Биз башка өлкөлөрдүн аракеттерине каршы турууга тийишпиз", — деп ишендирди сенаттын каржы комитетиндеги угууларда каржы министрине талапкер.
Анткен менен болочок каржы министри америкалык валютага эч кандай пайда алып келбей турган билдирүү менен чыкты. Ал экономикага өтүмдүүлүктү масштабдуу жогорулатууга чакырды. Инвесторлор үчүн бул доллардын төмөндөй береринен коңгуроо кагарын боолголойт Bloomberg.
Кандай болгон күндө да АКШ доллардын кунун ылдыйлатууга туура келет: бул соода таңсыктыгын кыскартуу үчүн маанилүү. Бул Байден үчүн экономиканы калыптандыруунун тек жолу да болушу мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0