Акылы айныган адамдын COVID-19дан өлүп калуу коркунучу 3 эсе жогору

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүКолун жууп жаткан дарыгер. Архив
Колун жууп жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер шизофрения илдети COVID-19 вирусу менен кошулганда адамга өтө кооптуу экенин аныкташты. Бирок эмне себептен өлүп калуу коркунучун жогорулатарын тереңирээк изилдеп көрүү керектигин айтышууда.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Америкалык окумуштуулар шизофрения дарты менен жабыркаган адамдарда COVID-19дан каза болуп калуу тобокелдиги 2,7 пайызга жогору экенин аныкташты. Бул тууралуу JAMA Psychiatry илимий журналына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Изилдөөнүн алкагында адистер Нью-Йорк шаарынын 26 540 тургунунун былтыркы жылдын мартынан тарта майга чейинки медициналык карталарын карап чыгышкан. Алардын арасынан жети миңден ашык киши коронавируска кабылганы белгилүү болгон.
Киши офтальмологдун кабинетинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Соо жер калтырбайт окшойт. Адис COVID-19 көздү да жабыркатарын айтты
Окумуштуулар бул топко кирген адамдардын арасынан психикалык илдеттери бар бейтаптарды үч топко бөлүп караган. Биринчиси — шизофрения, экинчиси — аффект (өзүнүн иш-аракетин башкара албай калуу) болсо, үчүнчүсү — негизсиз коркуп, тынчсыздана берүү.
7 миңден ашык кишинин арасынан 75и шизофрения, 564ү аффект илдеттери менен жабыркаса, 360ы себепсиз корко берери белгилүү болгон.
Жыйынтыгында жалпы 7 миң адамдын арасынан 864 бейтап COVID-19дан улам каза тапкан. Дарыгерлер өлгөндөрдүн жаш курагы, расасы, өнөкөт оорулары сыяктуу факторлорду эске алганда дагы шизофрениясы бар адамдар башкаларга салыштырмалуу 2,7 пайызга көбүрөөк каза болорун белгилешкен.
Бирок адистер COVID-19 учурунда биз сөз кылып жаткан оору кандай себептерден улам адамды өлүмгө дуушар кыларын тереңирээк изилдеп көрүү керектигин айтышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0