Америкалык Patriot Сауд Аравиясына коюлган чабуулдан коргой албады

© AFP / BULENT KILICАКШнын Patriot зениттик ракеталык комплекси. Архив
АКШнын Patriot зениттик ракеталык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкалык абадан коргонуу тутумунун технологиялык жана концептуалдык каатчылыгы жаңы фактылар менен тастыкталууда.
Сауд Аравиясына Йемен тараптан үч күн бою баллистикалык ракеталар менен сокку урулду. Позициялык райондордогу Patriot зениттик ракеталык комплекстери (АКШда өндүрүлгөн) менен жабдылган абадан коргонуу тутумдары хуситтердин ракеталык чабуулунан коргой алган жок.
Саудиттердин соккусуна йемендик козголоңчулар 23 жана 26-январда баллистикалык ракеталардан залптык ок атуу менен жооп беришти. Ар кыл маалыматтарга ылайык алар ирандык жана өздүк өндүрүшүнөн.
Орто аралыктагы төрт ракетанын баары болжол менен 1000 чакырым аралыкты, Patriot комплекстери жайгашкан алты (Йемен менен чектешкен жерде жана Сауд Аравиясынын борбордук бөлүгүндөгү төрт) районду багындырып, Эр-Рияддын четиндеги THAAD ((Terminal High Altitude Area Defense) системалары менен дээрлик эң акырында кармалган.
Посейдон көп буталуу океандык тутуму. Архив - Sputnik Кыргызстан
Агрессивдүү саясатка россиялык жооп. Жаңы субмарина тууралуу эмне белгилүү?
Маалымат каражаттары 26-январда калаанын үстүндөгү баллистикалык ракеталардын бирин жок кылганын жана дипломатиялык кварталдагы жардырууну маалымдаган. Ошентип, абадан коргонуу райондорун кошумча Patriot зениттик ракеталык комплекстер менен чыңдоо алар күткөндөй натыйжа бербеди.
2020-жылдын 23-ноябрында хуситтер саудиялык Жидда шаарындагы Saudi Aramco мамлекеттик компаниясынын газ-мунай бөлүштүрүү станциясына Quds-2 ракеталарын кое берген.
2019-жылдын декабрында Йемен тараптан урулган ракеталык сокку Нажран провинциясындагы аскердик лагерди талкалаган.
Ошол эле жылдын сентябрында козголоңчулар канаттуу ракеталар жана сокку уруучу учкучсуздар менен Saudi Aramco объектилеринин бир катарына чабуул коюп, Сауд Аравиясындагы мунай казуунун дээрлик 60 пайызын үзгүлтүккө учураткан.
Жизан аскердик аэропортуна хуситтер 2019-жылдын августунда баллистикалык ракеталар менен кол салган. Булардын ар биринде Patriot зениттик ракеталык комплексинин негизинде абадан коргонуу тутуму Сауд Аравиясынын объектилерин аба соккуларынан сактай алган эмес.

Кымбат баалар жана соңку технологиялар

Patriot көп багыттуу (универсалдык) зениттик ракеталык комплекси позициялык райондордун ракетага каршы коргонуусу, 100 чакырым аралыктан, баллистикалыктарга 20 чакырымдан аэродинамикалык буталарын таап, жок кылууга ылайыкталган. Согуштук кырдаалдарда буталарды кыйратуу ыктымалдыгы – 50%дын тегерегинде (ар бир бутага экиден кем эмес ракета керек). PAC-1 жана PAC-2 модификацияларындагы "Patriot" зениттик ракеталык комплекстеринин бытыранды ок бөлүгү бутасына тийген күндө да Р-17 же "Скад" тибиндеги технологиялык жактан эскирген баллистикалык ракеталары кыйрата албайт. Patriot зениттик ракеталык комплекстеринин бир батареясы 600 млн. доллардын тегерегинде турат.
Өткөн жылдардагы аскердик жаңжалдарда Patriot комплекси аларда америкалык адистер иштеген учурда да таптакыр утулуп келишет. Пентагондун маалыматында, 2020-жылдын январында Иракта Ирандын ракеталык соккуларынан 100дөн ашуун америкалык аскер кызматкери набыт болгон. АКШнын чет жердеги аскердик базалары абадан коргонуу тутумдарына таптакыр ээ болбогонун элестетүү кыйын. Анткен менен технологиялык деградацияга күбөбүз. Patriot комплексин жаңылоого мүмкүн болбой калды, анткени концептуалдык жактан конструкциясынын эскилиги жеткен.
С-400 зениттик ракеталык системасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россиянын С-400 тутуму төртүнчү өлкөнү "багындырууда". Мындан ары эмне болот?
Ракетага каршы коргонуу боюнча израилдик ишкананын мурдагы директору Узи Рубин Сауд Аравиясында америкалык зениттик ракеталык комплекстеринин ийгиликсиздигин мындайча түшүндүрөт: Patriot горизонттун үстүндөгү буталарын таап, жапыз учкандарын "байкай албайт".
Рубин татыктуу альтернативаны, атап айтсак, жапыз учкан да, жердеги буталарын да соо калтырбас россиялык "Панцирь С-1" зениттик ракеталык-замбиректик комплексин сунуштайт.
Эр-Рияд АКШнын тыюу салганына карабастан, аны туура көрүп кулак салган. Сирияда сыноодон ийгиликтүү өткөн россиялык комплекстерди сатып алууну кызуу талкуулоодо. 150 чакырымга чейинки коргонуу чегинде "Панцирдин" атаандаштары жок (россиялык С-350 "Витязь" абадан коргонуу комплексинен тышкары).
АКШнын мамлекеттик департаменти Сауд Аравиясын 15 млрд. долларга THAAD (44 орнотмо, 360 ракета жана жети радар) тутуму менен жабдууну колдогон. Бир комплекске радар, ракеталарга коё берүүчү алты орнотмо жана 48 ракета кирет. Аларга ээлик кылуу коопсуздукту камсыз кылып бербейт.
Америкалык кыйла заманбап THAAD ракетага каршы тутуму "кинетикалык колго түшүрүү" концепциясын ишке ашырат, башкача айтканда бутасын жок кылууга аппараттык блоктун кинетикалык энергиясы колдонулат. Кадимки ок-дары бөлүгү болбойт, траекториясы так көрсөтүлгөн жалгыз бутаны бир ракета менен кыйратат. THAAD комплексинин күчүнүн ыраактыгы – 200 чакырымга чейин, бирок "тар адистешкен"
THAAD системасын аэродинамикалык буталар, атап айтканда, учкучсуз аппараттар жана канаттуу ракеталар менен кармашта майнаптуу дешке болбойт. Бул америкалык абадан коргонуу жана ракетага каршы коргонуучу америкалык тутумдардын мүмкүнчүлүктөрүн чабалдатат. Адистердин баамында, THAAD системасынын хуситтердин массалык ракеталык чабуулдарын токтотууга дарманы жетпейт (комплекс орточо аралыкка багытталган үч баллистикалык ракетага чейин жок кыла алат).

Чөлкөмдүн өзгөчөлүктөрү

Йеменде 2014-жылдан тарта өкмөттүк күчтөр менен шииттердин "Ансар Алла" кыймылындагы козголоңчу хуситтердин ортосунда жарандык согуш жүрүп келет.
Истребитель F-35A Lightning II - Sputnik Кыргызстан
АКШ F-35тин сериялык өндүрүшүн дагы жылдырды. Буга эмне себеп?
2015-жылдын мартынан бери өкмөттүк күчтөрдү Сауд Аравиясы башында турган араб мамлекеттеринин аскердик коалициясы (БУУнун санкцияларысыз) колдоп келет. Хуситтерге шииттик Иран көмөк көрсөтөт.
Шииттик "Ансар-Алла" кыймылынын жогорку саясий кеңеши Йемендин территориясынын 20 пайызын көзөмөлдөйт, бирок өлкө калкынын 70 пайызы ошол жактарда жашайт. Хуситтердин туруктуу отурукташкан аскердик базалары дээрлик жок, аларды араб коалициясынын учактары жок кылуусу толук мүмкүн.
Козголоңчулардын отряддары тоо үңкүрлөрүн, жер алдындагы тоннелдерди пайдалануу менен улам жер которуп турушат. Хуситтердин жээктеги "колго жасалган" ракеталык комплекстери душмандын кемелерин кыйла ыраак турууга мажбурлайт.
Сауд Аравиясы батышта өндүрүлгөн заманбап курал-жаракка ээ. Йемендик козголоңчулар ирандык өндүрүштөгү ракеталарды, ошондой эле өздөрүнүн С-75 системасынын зениттик ракета модификацияларын (Түндүк Кореянын согушка чейинки бергени), атап айтканда Qaher M-1 жана Qaher M-2 баллистикалык ракеталарын пайдаланат. Эбегейсиз каржылык ресурс жана заманбап технологиядагы курал-жарактардын тобу Сауд Аравиясы тарапта экени, хуситтер баш көтөрө албачудай туюлат. Ал эми иш жүзүндө йемендик козголоңчулардын байма-бай жана таамай соккуларынан Эр-Риядды "Эзелки" Patriot комплекстерин мындай коюңуз, заманбап THAAD мобилдик тутуму да сактай албай келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0