БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Улуу Британияда сүйгөн жигитин колдон чыгарып жиберүүдөн корккон кыз кош бойлуумун деп аны тогуз ай бою алдап жүргөн. Бул туурасында The Daily Mirror жазды.
Ал боюнда бар кылып көрсөткөн жасалма курсак тагынып жүргөндүктөн жигити эле эмес, үй-бүлөсү да ишенген. Кыз болочок кайненесине УЗИге тартылган жасалма сүрөттү жиберип, төрөтүнүн болжолдуу күнүн талкуулап, жадагалса төрөлө турган баласына ысым тандашкан.
Кийинчерээк болочок кайындары ал өзүн башкача алып жүргөнүнөн улам шекший башташкан. Алгач жигитинин дарыгерге кошо барышына каршы болгон, кийинчерээк ага бала тарбиялоого уруксат бербей турганын билдирген. Деген менен кайненесине небересин тарбиялоого аралашууга макул болгон. Акыр аягында ал түйүлдүк жигитинин агасынан деп да жиберген.Ошентип бул иш сотко чейин жеткен. Аял алдамчылык кылган күнөөсүн мойнуна алганы айтылат, азырынча өкүм чыга элек.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Түркия башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчылар кызматташуунун актуалдуу маселелерин, стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашкан.
"Сүйлөшүүдө Садыр Жапаров Эрдоганды туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады. КРдин президенти түрк тарапка 2020-жылы коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстан элине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Түркиянын башчысы да өз кезегинде Жапаровду кызматына расмий киришкендиги менен дагы бир жолу куттуктаган. Тараптар бири-бирин өлкөлөрүнө иш сапары менен келип-кетүүгө да чакырышкан.
Мамлекет башчылары эки өлкө ортосундагы кызматташууну арттыруу боюнча биргелешкен пландарды белгилешкени кошумчаланды.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Коронавируска каршы россиялык "Спутник V" вакцинасына каршы чыккандар дүйнө жүзүндө анын беделин түшүрүүгө аракет кылууда. Себеби препарат мыктылардын бири болгондуктан, андан коркуп жатышат. Бул тууралуу Түз инвестициялар боюнча россиялык фонддун башчысы Кирилл Дмитриев билдиргенин РИА Новости жазды.
Россиялык тарыхый коомчулуктун аянтчасында Россиянын вирусология боюнча лидерлигинин тарыхына арналып уюштурулган көргөзмөдө "Спутник V" менен сыймыктануу керектиги айтылды.
"Спутник V" вакцинасынын эл аралык деңгээлде таанылгандыгы эле эмес, дүйнөдөгү биздин лидерлик туурасында да айтса болот... Биз жөнөкөй, бирок ак пейилдүү, чынчыл болушубуз керек. Дүйнөдөгү эң мыкты вакцина биздики, бул россиялык окумуштуулардын эң чоң эрдиги, муну менен сыймыктанса болот", — деген Дмитриев.
Ал бир катар тараптардын препаратка болгон мамилеси туурасында да кеп салган.
"Россиянын көп душмандары Россияга болгон ишенимди жок кылууга далалат кылышты, "Спутник V" дүйнөдөгү эң мыкты вакциналардын бири болгондуктан, андан коркуп, жаманатты кылыш үчүн көп аракет кылгандыгын түшүнүп турабыз", — деди Дмитриев ишенимдүү түрдө.Lancet илимий журналы буга чейин "Спутник V" вакцинасынын үчүнчү фазасынын бул препараттын эң жогорку майнаптуулугун жана коопсуздугу боюнча клиникалык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын жарыялаган. Үчүнчү клиникалык изилдөөнүн жыйынтыгында анын натыйжалуулугу 91,6 пайызды түзгөн. Вакцина коронавирустун оор түрү менен ооруп калуудан толугу менен сактайт. Андан сырткары, "Спутник V" дүйнөнүн 30дан ашуун мамлекеттеринде колдоого алынган. Бул препарат катталган өлкөлөрдүн жашоочуларынын саны 1,1 миллиард адамдан ашып кетет.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп бере турган ишеним телефон номерлерин жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
"Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү" жарлыгын аткаруу максатында ишеним телефону иштеп баштады", — деп айтылат маалыматта.
Эми ишкерлер күнү-түнү (0312) 88-90-33 номерине чала алышат.
Ишеним телефону жеке ишкердик субъектилеринин, чакан бизнестин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алары маалым болду.