БУУ Мьянма жетекчилеринин кармалышы боюнча өз позициясын билдирди

© AFP / MICHAEL SOHNБУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш. Архив
БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2021
Жазылуу
Антониу Гутерриш өлкөдө мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги толугу менен аскерлердин колуна өтүп жатканына тынчсызданууда.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Мьянманын мамлекеттик кеңешчиси менен президентинин кармалышын сынга алды. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Стефан Дюжаррикке шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Башкы катчы мамлекеттик кеңешчи Аун Сан Су Чжи менен президент Вин Мьиндин кармалышын туура эмес деп эсептейт. Ал аскер жетекчилерин Мьянма элинин тандоосун сыйлап, демократиялык нормаларды сактоого чакырат. Кандай гана пикир келишпестик болбосун сүйлөшүү жолу менен бүтүрсө болот деп эсептейт", — деди Дюжаррик.
Ошондой эле Гутерриш өлкөдө мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги толугу менен аскерлердин колуна өтүп жатканына тынчсызданууда.
Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2021
Трампка импичмент. Өкүлдөр палатасынын чечими аягына чыгабы?
Эске салсак, Мьянмада белгисиз адамдар мамлекеттик төңкөрүш жасап, президентти жана мамлекеттик кеңешчини кармап алышкан. Көп өтпөй башка ЖМКлар өлкөдө бийликти аскер кызматкерлери алмаштырганын жазып чыгышты. Аскерлер өлкөгө бир жылга созулган өзгөчө абал режимин жарыялап койду. Ушул тапта мамлекетте интернет жана уюлдук байланыш жок экени айтылууда.
2020-жылдын ноябрында Мьянмада парламенттик шайлоо болгон. Анда бийликтин "Демократия үчүн улуттук лига" партиясы жеңип чыккан. Мындан соң "Тилектештик жана союзду өнүктүрүү" партиясын колдогон аскерлер добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы болуп келишкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0