БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байден People басылмасына маек берип, буга чейинки мамлекет башчысына салыштырмалуу анын үй-бүлөсүнөн бир дагы адам мамлекеттик иштерге жана тышкы саясатка аралашпай турганын убадалаган. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
"Обама-Байден администрациясынын убагындагыдай иштейбиз. Биздин үй-бүлөдөн же туугандарымдын арасынан бир дагы адам мамлекеттик иштерге жана тышкы саясатка аралашпайт. Бул тармакта эч ким иштебейт", — деген ал.
Белгилей кетсек, АКШны Дональд Трамп башкарып турган учурда анын кызы Иванка Трамп биринчи кеңешчиси болсо, күйөө баласы Жаред Кушнер улуу кеңешчиси эле. Кушнер Жакынкы Чыгыш мамлекеттери менен иш алып барчу.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды. Бул тууралуу КРдин Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.
Дагы бир жөө күлүк Калыс Таштанов 1500 метр аралыкта марага биринчи жетип алтын, 800 метр аралыкта үчүнчү келип коло медалды байге куржунуна салган.
Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар жалпы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Ашказан, ичеги-карын оорулары менен жабыркаган адамдар коронавируска каршы вакцина ала алышат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Москванын Саламаттык сактоо департаментинин штаттан тышкаркы башкы гастроэнтеролог адиси Дмитрий Бординдин айтымында, тамак сиңирүүсү начар бейтаптар SARS-CoV-2ге каршы эмдөөдөн өтө алат.
"Буга чейин ичегиси сезгенип, ашказаны ооругандар эмдөөдөн өтсө болобу деген маселе коомчулукта кайра-кайра көтөрүлгөн. Январь айында ал боюнча эл аралык сунуштама чыкты, февралда аталган илдет боюнча иш алып барган бүткүл россиялык коом да бир пикирге келди. Ичеги-карыны жакшы иштебегендер коронавируска каршы вакцина алышы керек", — деди Бордин.
Буга чейин адистер эмдөөнүн кыйыр таасири туурасында кеп кылып, анын иммунитеттен көз каранды эместигин айтышкан эле.