Андан бир аз мурун эле "Спутник V" вакцинасын колдонуу саясий эмес, The Lancet журналына жарыяланган клиникалык изилдөөлөрдүн үчүнчү баскычынын жыйынтыктарына негизделген илимий чечим, — деген Франция президенти Эммануэль Макрон. Испаниянын россиялык препаратты пайдаланууга даярдыгын (EMA тарабынан жактырылганда) Мадрид да билдирген. Вакцинанын тегерегиндеги кырдаалга Ирина Алкснис баам салды.
Ал эми Германия жөнүндө айта турган болсок, өлкө жетекчилигинин бул маселеде Москва менен активдүү кызматташууга ниети январда эле байкалган. Ал убакта Ангела Меркель россиялык препараттын Европада катталышына көмөктөшүүгө Берлиндин даярдыгын жар салган. Негизи немецтер бул кадамга мурда эле кам урган. Ушул тапта Европанын эң таасирдүү маалымат каражаттары "Спутник V" жөнүндө оң маанайдагы макалаларын өз аудиториясы үчүн байма-бай жарыялоодо.
Жагдай түшүнүктүү: бир топ айга созулган россиялык препаратты активдүү каралоо кампаниясынан кийин коомдук пикирди тезинен өзгөртүүгө туура келет. Анткени Европа биримдигиндеги өлкөлөрдүн калкын эмдөөдө бул вакцина орчундуу роль ойнойт окшоп калды. Бирок алдыдагы маалыматтык-саясий жылыштын алгачкы карлыгачтары бир ай мурун эле пайда болгон. Бул процесске дал ФРГ түрткү болгон эле.Абройлуу илимий журналдагы жаңы эле жарык көргөн макала "Спутник V" препаратынын чыныгы сапаты тууралуу капыстан баарынын көзүн ачкандай болду. Анан эле Германияда заматта вакцина өндүрүү үчүн аянтчаны даярдоо жүрүп жатканы анык болду. Айтор, немецтер Европанын лидери катары өз макамын дагы бир ирет тастыктады. Башкалар бул эмне менен аяктарын күтүп жатышканда, Германия саясий жактан маанилүү жана экономикалык жактан пайдалуу теманы дароо колго алды. Негизи эле Европанын өзүндө абал анчалык деле жарытарлык эмес. Негизги көйгөй – вакцина тартыштыгы. Вакцина ченеминин жетишсиздиги курч, алар үчүн күрөш жаңжалга айланчудай. Буга европалык, тагыраагы, англиялык-швед AstraZeneca вакцинасынын майнаптуулугунун орточо көрсөткүчтөрү да (60 пайыздан бир аз ашык) себеп болду. Америкалык эки — Pfizer жана Moderna вакциналары да натыйжалуулугу жагынан жакшы (95 пайыздын тегерегинде), бирок башка тарабы да бар. Адатта үч жагдайын белгилешет:
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
"Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан аркы өнүгүүнүн жана натыйжалуу өз ара алака түзүүнүн келечегин талкуулашат", — деп айтылат маалыматта.Иш сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуулары пландаштырылууда.
Мындан тышкары, соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү пландалууда.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Сассекс герцогу Гарри менен анын жубайы Меган Маркл америкалык белгилүү алып баруучу Опра Уинфриге берген ачык маеги коомчулукта кызуу талкуу жаратты.
Падышалык үй-бүлө мүчөлүгүнөн баш тарткан Гарри менен Мегандын Си-Би-Эс каналына берген интервьюсун Euronews жазган.
Меган Маркл Опра Уинфриге падышалык сарайдан кысымга учураганын, анын кара терилүү экенине асылгандар болгонун айтып берген.
"Кош бойлуу кезимде абдан көп сөз айтылды. Мисалы, ымыркайдын коопсуздугу үчүн шарт түзүлбөстүгү, ага титул берилбей турганы, керек болсо баланын түсү канчалык кара болуп төрөлөрү дагы талкууланып жатты. Алгач мунун баарын Гарриге айтуудан коркуп жүрдүм. Себеби ага үй-бүлөсү канчалык маанилүү экенин түшүнчүмүн. Жолдошума айта албай, ошол эле учурда мындай кептерди көтөрө албай ортодо абдан чайналдым", — деди герцогиния.
Маркл анын түсү тууралуу үй-бүлө мүчөлөрүнүн кимиси талкуу жаратканын ачык айткан эмес. Ошол эле учурда канайым Елизавета II башкаларга салыштырмалуу ага эң сонун мамиле жасаганын белгилеген.
Ал эми анын жолдошу Гарри жакындары тарабынан түшүнүү жана колдоо болбогондугуна байланыштуу падышалык үй-бүлө мүчөлүгүнөн баш тартууга туура келгенин билдирген. Канзааданын айтымында, анын үй-бүлөсү Мегандын расасын талкуулаган британиялык басылмаларды сындабай койгону абдан капаланткан."Үй-бүлөмдөгү бир дагы адам үч жыл ичинде бир ооз сөз айтып койгонго жараган жок. Оор тийди", — деди Гарри.
Меган Маркл үлпөт тойдон кийин эле анын паспорту, айдоочулук күбөлүгү, банктык картасы алынганда барымтага түшкөндөй болгонун айтып бергенин BBC жазды.
"Падышалык үй-бүлөнүн мүчөсү болуп турган кезде жашагым келбей, суицид тууралуу көп ойлонуп калгам", — деген ал.
Учурда жубайлар экинчи ымыркайын күтүп жатышат. Алар АКШнын Калифорния штатындагы Санта-Барбара шаарында жашашат.
Маркл Лос-Анджелесте төрөлүп-өскөн. Атасынын түбү голландиялык болгону менен Ирландияда чоңойгон. Энеси — афроамерикалык.Учурда британиялык бир катар ЖМКлар падышалык үй-бүлө Меган Маркл менен канзаада Гарринин чуулуу интервьюсуна кандай жооп берүү керектиги боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жазышууда.