БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Интернетке жарыяланган сүрөт колдонуучулар арасында талаш жаратты. Айрымдары аны токойдон чуркап келе жаткан кара ит десе, кээ бири токойго кетип бара жаткан кишинин жону деп божомолдошкон. Талаш жаратып, ойлонткон сүрөт The Daily Mail агенттигине жарыяланган.
Do YOU see a dog or a man? Optical illusion snap of a figure in a snowy forest baffles the internet https://t.co/vzS3BiVH90
— Daily Mail Online (@MailOnline) February 5, 2021
"Башында мен аны кишинин сүрөтү го деп ойлогом. Кийин кызыктуудай бутту байкаган соң гана бул күчүк экенин билдим", — деп жазган Tanja Reintjes аттуу колдонуучу.
Көпчүлүк анын оюна кошулган, бирок интернет колдонуучулардын арасынан "сүрөттө киши" деген оюнан кайтпагандар да чыккан.
"Мен күрмөсүнүн жонунда иттин сүрөтү тартылган кишини көрүп жатам", — деген DJ Isaac.Колдонуучулардын көбү башкалардын "күчүктү көрүп жатабыз" деген билдирүүлөрүн окуганга чейин аны кишинин сүрөтү го деп божомолдоп жатканын моюнга алышкан.
"Мага бирөө күчүк экенин айтпаса, сүрөттөгү киши го деп ойлоп жүрө бермекмин", — деди Manila Maria.
Интернеттин дагы бир колдонуучусу сүрөттө күчүктү көрүш үчүн атайын көз айнек тагынганын жазган.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Швецияда жаңы төрөлгөн ымыркайдан коронавирустун жаңы штаммы табылганын "Известия" жазды.
Мальме ооруканасына ичи катуу ооруган кош бойлуу аял түшкөн. Медиктер кычкылтек жетишсиздигинен курсактагы баланын жүрөгү начар согуп жатканын аныкташкан. Аялга операция жасашып, коронавируска анализ алынгандан кийин баласы экөөнөн тең оору аныкталган. Геномдун анализи ымыркай инфекцияны төрөлгөнгө чейин эле жуктурганын көрсөткөн.
Баштапкы изилдөөлөр эне менен баланын вирустары бирдей экендигин аныктап чыккан, бирок кийинки анализдерде ымыркайда вирустун жаңы түрү белгилүү болгон.Дарыгерлер бала төрөлөрү менен коронавирус аныкталган учур биринчи жолу катталып жатканын айтышты. Ал вирусту төрөлүп жатканда жуктуруп алышы мүмкүндүгү болжолдонгон.
COVID-19 жуктурган аял ооруну жеңил эле көтөргөндүктөн төрт күндөн кийин чыгарылган. Бала эрте төрөлгөнү үчүн медиктер көбүрөөк жардам берген, бирок антитело бат иштелип чыгып айыгып кеткен.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Австрияда 41 бейтап Pfizer жана BioNtech вакцинасын алгандан кийин көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Ага ылайык, ошол эле маалда дарыгерлер бейтаптардын өлүмү менен препараттын ортосундагы байланышты аныкташкан эмес.
Отчетте белгиленгендей, үч бейтаптын эмдөөдөн кийин дароо эле көз жумганы сөөктү сойгон соң билинген. Дагы 11 адам эмдөөнү коронавирустун инкубациялык маалында алып каза тапкан. Калган 19 кишинин оорусу өлүмгө алып келди деп боолголонсо, сегизинин өлүмүнүн себеби учурда такталып жатканы айтылды.Декабрь айынын башында америкалык Pfizer жана германиялык BioNTech компаниялары биргелешип чыгарган вакцина COVID-19га каршы АКШда жана Европа өлкөлөрүндө эмдөөгө колдонула баштаган.