Индияда мөңгү козголуп, 150 киши дайынсыз болуп жатат

© REUTERS / StringerСход ледника в индийском штате Уттаракханд
Сход ледника в индийском штате Уттаракханд - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2021
Жазылуу
Мөңгүнүн чоң-чоң бөлүктөрү Алакнанда жана Дхаулиганга дарыяларына түшкөн. Жыйынтыгында андагы суу көтөрүлүп, ылдый жакта жайгашкан Сринагар, Ришикеш жана Харидвар гидроэлектр станцияларына коркунуч жараткан.
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Индиянын Уттаракханд штатында мөңгү ордунан жылып кетип, учурда 150 киши дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу NDTV телеканалына шилмете берип РИА Новости жазды.
Жол кыгсынынан жабыркаган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2021
Бишкек — Чалдовар жолундагы кырсыктан эки киши каза тапты. Видео
Маалыматка караганда, мөңгүнүн чоң-чоң бөлүктөрү Алакнанда жана Дхаулиганга дарыяларына түшкөн. Жыйынтыгында андагы суу көтөрүлүп, ылдый жакта жайгашкан Сринагар, Ришикеш жана Харидвар гидроэлектр станцияларына коркунуч жараткан. Дал ошол маалда алар суу сактагычтардагы сууларды шашылыш түрдө агызууга аргасыз болушкан.
Дайынсыз болуп жаткан адамдардын көпчүлүгү Ришиганг гидроэлектр станциясынын жумушчулары экени айтылууда.
Учурда абал акырындык менен жөнгө салынып, бирок суу нормасынан 1 метр жогору болуп жатканы кабарланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0