БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Польшанын Юстиция министрлиги кош бойлуу келиндер барып ээн-эркин ыйлай турган бөлмөлөрдү ачууну сунуштап жатат. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды.
Мындай жол менен өлкө бийлиги бойдон алдырууга тыюу салган мыйзам күчүнө киргенден кийин аборт кылдыра албай калган аялдарды колдоого алгысы келип жатканын билдирүүдө. Ал жактан аялдарга психологиялык жардам көрсөтүлөрү айтылып жатат.
Белгилей кетсек, аялдарга бойдон алдырууга тыюу салган мыйзам январь айында күчүнө кирген.
Маалыматка карганда, Польшада бойдон алдырууга бөгөт койгон мыйзам мурда деле бар болчу. Болгону анда "эгер түйүлдүктөн майып адам төрөлөрү аныкталса, бойдон алдырууга уруксат берилет" деген пункту болгон. Мындан улам өлкөдө бойдон алдырган аялдардын 98 пайызы маалыматка ушул жүйөнү жаздырып алышчу.Өткөн жылдын күз айларында Польшанын Конституциялык соту мыйзамдагы бул нерсени мүчүлүштүк деп таап, ага дагы тыюу салып койгон. Анда аялдар бир нече күнгө созулган митингге чыгышкан.
Эми аялдар зордуктоо учурунда боюна бүтүп калса же кош бойлуулук аялдын өмүрүнө коркунуч туудурса гана аборт кылдырууга уруксат берилет. Башка учурларда баланын канчалык күтүүсүз болгонуна карабай төрөшү керек.
Негизи эле бул өлкөдө бойдон алдыруу маселеси өтө курч. Мисалы, 2014-жылы сурамжылоо жүргүзгөн учурда респонденттердин 65 пайызы бойдон алдырууга каршы экенин билдирген. Бирок кийинки жылдары коомдун көз карашы өзгөрүп, сөз болуп жаткан мыйзамга каршы болгондор көбөйгөн.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды. Бул тууралуу КРдин Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.
Дагы бир жөө күлүк Калыс Таштанов 1500 метр аралыкта марага биринчи жетип алтын, 800 метр аралыкта үчүнчү келип коло медалды байге куржунуна салган.
Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар жалпы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Ашказан, ичеги-карын оорулары менен жабыркаган адамдар коронавируска каршы вакцина ала алышат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Москванын Саламаттык сактоо департаментинин штаттан тышкаркы башкы гастроэнтеролог адиси Дмитрий Бординдин айтымында, тамак сиңирүүсү начар бейтаптар SARS-CoV-2ге каршы эмдөөдөн өтө алат.
"Буга чейин ичегиси сезгенип, ашказаны ооругандар эмдөөдөн өтсө болобу деген маселе коомчулукта кайра-кайра көтөрүлгөн. Январь айында ал боюнча эл аралык сунуштама чыкты, февралда аталган илдет боюнча иш алып барган бүткүл россиялык коом да бир пикирге келди. Ичеги-карыны жакшы иштебегендер коронавируска каршы вакцина алышы керек", — деди Бордин.
Буга чейин адистер эмдөөнүн кыйыр таасири туурасында кеп кылып, анын иммунитеттен көз каранды эместигин айтышкан эле.