БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Россиянын түз инвестициялар фонду "Спутник V" вакцинасын Европа биримдигинде (ЕБ) каттатуу үчүн арызын берип, аны Брюсселде кабыл алышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
19-январда Дары каражаттары боюнча агенттик (ЕМА) "Спутник V" вакцинасын иштеп чыккандар үчүн илимий консультация өткөрүп, ошондон кийин ЕБга арыз берүү мүмкүндүгү пайда болгон.
"Фонддо арыздын кабыл алынгандыгы тууралуу расмий документ бар. Качан макулдук берилери ЕМАдан көз каранды", — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин аталган агенттик арыз азырынча түшө электигин айткан болчу.
Эгер препаратты Европа комиссиясы жактырып, шарттуу түрдө каттоо күбөлүгүн берсе, россиялык вакцина Европа биримдигине жеткириле баштаса болот.
Белгилей кетсек, Европа биримдиги алгачкы вакциналар чыкканга чейин эле алты өндүрүшчү менен келишим түзгөн.Учурда Европа биримдигинде Pfizer/BioNTech (600 миллион дозага чейин), Moderna (160 миллион дозага чейин) жана AstraZeneca (400 миллион дозага чейин) келишим бар. Ошондой эле ЕБ Johnson&Johnson, Sanofi-GSK жана CureVac компанияларынан вакцина алышы мүмкүн. Бирок алар өз арызын бере элек.
Мындай жол менен ЕБ коронавируска каршы 2,3 миллиард дозалык препараттарды алышы күтүлүүдө. Биримдик жайдын аягына чейин калкынын 70 пайызын эмдеп коюуну пландап жатат.
Бирок акыркы апталарда Pfizer/BioNTech жана AstraZeneca компаниялары препараттарды жеткирүүнү кечиктирип жатканы айтылууда.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Өлкөнүн коргоо министри, генерал-майор Таалайбек Өмүралиев Россиянын коргоо министри, армиянын генералы Сергей Шойгу менен кезикти. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Министрлер кечээ өлкө президенти жана КРдин Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапарынын алкагында жолугушушкан.
Жолугушуунун жыйынтыгында коргоо ведомстволорунун башчылары пилотсуз учуучу аппараттарды пайдалануу боюнча кызматташуу жөнүндө протоколго жана беш жылдык мөөнөткө аскер жаатындагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү программасына кол коюшкан.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Таиландда муай-тай мушкери атаандашын жоон санына катуу тээп нокаутка кетирди. Бангкоктогу мелдеште болгон окуянын видеосу интернетке чыкты.
Robert Sor.Thanabawon get back into the win column with a brutal leg kick KO3 against Saklek Kiatpetdecha. https://t.co/n02VAeMwW5 pic.twitter.com/hbYGwDUp6x
— Phan K.S. (@MTLevG) February 21, 2021
"Президент" каймана аты бар тай бокс чебери Роберт Сор Танабавон беттеште баштан-аяк атаандашына кубаттуу соккуларды уруп, чабуул жасаган. Үчүнчү раунддун орто ченинде анын атаандашы Саклека Киатфетчедыга бир катар соккуларды уруп, жоон санына катуу тепкен. Ал кулап, ордунан тура албай калган. Калыс муну нокаут деп эсептеп, беттешти дароо токтоткон.
Жергиликтүү ЖМКлар бул беттеш эки мушкер үчүн да дебюттук экенин жазышты.