Бир топ жылдан бери чектөөлөр алгач жолу адатка айланган санкциялардан катаалыраак болуп калышы күтүлүүдө, анткен менен алардын майнаптуулугу төмөн экени тастыкталган.
Россия менен Европа союзунун мамилеси тарыхтагы эң оор каатчылыкты баштан кечирүүдө. Кырдаал 2010-жылдардын ортосундагыдан да кейиштүү экени белгиленип жатат.
Өткөн аптада Евродипломатия башчысы Жозеп Боррелдин Москвага жасаган сапары Батышта эң ийгиликсиз деп бааланды. Европалык маалымат каражаттары анын Сергей Лавровдун жанында чабал көрүнгөнүн айтып түгөтө албай жатышат. Ошондой эле европалык журналисттер россиялык жетекчилик Европаны жана анын өкүлүн кемсинтүү үчүн баарын жасаганын айтышууда.
Москва чындап эле кадимки жүрүш-туруш үлгүсүнөн четтеп, буга чейин Батыштагы өнөктөштөрдүн ролун колго алды.
Боррелдин Москвадагы "ийгиликсиздиги" – кожоюндардын кескин риторикасынан тышкары, Россиядан үч европалык дипломаттын кетирилиши тууралуу кабарды да алганы. Бул чак түштө түшкөн чагылгандай эле күтүүсүз болду.
"Натуура режимдерди" Батыш тарабынан санкциялар аркылуу "тарбияланышынын" башкы темасы, сансыз насаат окумай жана башка ыкмалар, анын ичинде гуманитардык бомбалоолор жөнөкөй постулатта мындайча камтылат: биз өнүккөнбүз, бакубат жана ийгиликтүүбүз, андыктан башкаларга акыл үйрөтө алабыз. Анткени бизде демократия, адам укугу жана сөз эркиндиги бар. Мындай ой эл аралык кызматташуунун өзгөчөлүктөрүнө да таасир этери анык, Европа менен АКШ дээрлик дайым өздөрүнө пайдалуу жагдайда болуп, контрагенттерди кысымга алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп келген. Ушул жолу гана Европа "казган оруна өзү түшкөндөй" кызык абалда калып отурат.
Россиядан Европа биримдигине эки нерсе өзгөчө зарыл экени ааламга анык, атап айтсак, "Түндүк агым — 2" жана "Спутник V". Бул эки долбоор тең Россия үчүн өтө маанилүү эмес, газды жөнөтөр багыт табылат, "Спутник V" вакцинасын алууну каалагандар да четтен чыгат.Натыйжада Брюссель европалык бөлөк баш калаалар (албетте, Берлин) менен бирге буга баш катырууга аргасыз. Бир жагынан баштаганын аягына чыгарууга, анан да НАТО боюнча өнөктөштөрү да кысымга алып тургандыктан Россиядагы ички абалга бүлгүн салуу кампаниясын улантуусу зарыл.
Экинчи жагынан, Москванын азыркы демарштарынан соң жүзүн сактап калууга тийиш, демек, орустарга катуу тийчү чараларды көрүшү мүмкүн. Үчүнчүдөн, газ түтүгүнүн курулушун жана "Спутник V" боюнча кызматташтыкты үзгүлтүккө учуратпоого кам көрүшү кажет. АКШнын көлөкөсү жана жетегинен чарчаган Европанын геосаясий оюнду өз алдынча ойноо далалатын түшүнүүгө да болот. Бирок андайга даяр эмес болуп чыкты, эми өз келечеги кылдын учунда.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Жугуштуу ооруларга каршы эмдөөлөр табигый карылык процессин жайлатышы мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости РФтин Саламаттык сактоо министрлигинин башкы гериатры Ольга Ткачевага таянып жазды.
"Эмдөө кээ бир жугуштуу ооруларды гана алдын албай карылыктын ылдамдыгына да таасирин тийгизет. Вакцина системалык сезгенүү синдромун азайтып, карылык процессин жайлата алат", — деген Ткачева.
Ал адамда системалык сезгенүү канчалык көп болсо, ошончолук тез карый турганын айткан.
Кичинекей жаныбар вольердин ичиндеги ар бир буюмду кызыгуу менен карап, "жакындан таанышып" жатканы сырттан караган адамды эрксизден жылмайтпай койбойт.
Мамалак биринчи саякатында айнекти, жерге төшөлгөн таш таманды (брусчатканы) да жыттап, аны "изилдеп" чыккан.
Ростов-на-Дону шаарындагы зоопарктын кызматкерлери аюу баласын өзү каалаган учурда гана эшикке сейилдетип алып чыга тургандыгын кошумчалашкан.
Сүйкүмдүү бул мамалак былтыркы жылы декабрь айында 500 грамм салмак менен туулган.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев орун басары, белгилүү дин аалымы Кадыр Маликовдун атасы Курманбек Бийгелдиевдин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу муфтият кабарлады.
"Урматтуу Кадыр ажы! Атаңыздын дүйнө салышына байланыштуу чын көңүлүмдөн көңүл айтам. Кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Сабыр кылыңыз. Жараткан маркум атаңызды өз ырайымына алып, бейиштин төрүнөн орун насип кылсын. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын атынан сизге, үй-бүлөңүзгө жана тууган-уруктарыңызга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана кайгыңарды тең бөлүшөбүз", — деп айтылат маалыматта.
Кадыр Маликов Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары болуп былтыр августта дайындалган.
Курманбек Байгелдиев — Кыргыз эл акыны, жазуучу жана драматург Кубанычбек Маликовдун уулу.