Ислам Каримовду утуп алган Эмомали Рахмон. КМШ президенттеринин хоббиси

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүВизит президента РФ В. Путина в Узбекистан
Визит президента РФ В. Путина в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2021
Жазылуу
Эл башында турган адамдар деле карапайым кишилер сыяктуу бир нерсеге кызыгып, бош убактысында көңүл ачууга аракет кылат. Бүгүн КМШдагы президенттердин хоббиси тууралуу кеп кылабыз.
Мамлекеттик жогорку кызматтар адамга сайрандап жүрүүгө көп убакыт калтырбасы белгилүү. Бирок дүйнө лидердери мээ сергитип, энергия топтош үчүн көңүлүнө жаккан иштерди кылууга убакыт табышат.

Ильхам Алиев өз жеңишинен ырахат алат

Азербайжанды 18 жылдан бери башкарып келе жаткан Ильхам Алиев өтө берилген хоббиси жок экенин айтат. Бирок маектеринин биринде эмгегинин үзүрүн көргөндө канат байлап, ырахат аларын билдирген. Ал эми бош убактысынын бардыгын үй-бүлөсүнө арнап, жакын адамдары менен болуудан энергия аларын кошумчалаган.

Пашинян тил үйрөнгөндү жакшы көрөт

Арменияда тышкы саясат менен президент Армен Саркисян эмес, өкмөт башчы Никол Пашинян алектенет. Андыктан биз премьердин хоббиси тууралуу сөз кылууну туура көрдүк. Ал чет тилдерди үйрөнгөндү жакшы көрөт. Мекендештерин дагы ушуга үндөп келет. Буга чейин өкмөт башчы аптасына эки ирет орус, англис жана француз тилдерин өздөштүрөрү айтылган. Мунусун жерге калтырбай, ар кандай кызматтык жыйындарда чет элдиктер менен алардын тилинде сүйлөшө калмай жайы бар.

Лукашенко спорттун бир нече түрү менен алектенет

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүБеларусь лидери Александр Лукашенко кышкысын дээрлик күн сайын хоккей ойноп, лыжа тебет. Ал эми жайкысын футбол ойногонду жактырат.
Рабочая поездка президента РФ В. Путина в Сочи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Беларусь лидери Александр Лукашенко кышкысын дээрлик күн сайын хоккей ойноп, лыжа тебет. Ал эми жайкысын футбол ойногонду жактырат.
Беларусь лидери спорттун бир нече түрүнө кызыгары айтылат. Маалымат катчысынын билдиргенине караганда, президент кышкысын дээрлик күн сайын хоккей ойноп, лыжа тебет. Ал эми жайкысын футбол ойногонду жактырат.
Ачык булактардагы маалыматтар боюнча, ал жаш кезинде футбол менен олуттуу алектенген, бирок тизесинен жаракат алган соң спорттун бул түрүнөн баш тартууга мажбур болгон.

Касым-Жомарт Токаев теннис ойногонду жактырат

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Berik UALI (@berikuali)

Хоббиси спорт тармагына тиешелүү президенттердин бири Казакстандын учурдагы лидери Касым-Жомарт Токаев. ЖМКлардагы маалыматтарга караганда, ал жаш кезинен эле тенниске кызыгат. Ал тургай бир нече жыл бою Казакстандын Стол үстүндө ойнолчу теннис федерациясын жетектеген.

Жапаров заманбап технологияларга кызыгат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров китепти көп окуйт, заманбап технологияларды өздөштүрүүгө кызыгат. Ал эми спорт жагынан футбол менен сууда сүзүүнү жактырат.
Государственное учреждение Кыргызтест - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров китепти көп окуйт, заманбап технологияларды өздөштүрүүгө кызыгат. Ал эми спорт жагынан футбол менен сууда сүзүүнү жактырат.
КР өлкө башчысынын маалымат кызматынан билдиришкендей, президент Садыр Жапаров китепти көп окуйт, айрыкча тарыхый чыгармаларга басым жасайт. Мындан тышкары, заманбап технологияларды өздөштүрүүгө кызыгат. Ал эми спорт жагынан футбол менен сууда сүзүүнү жактырат.

Сырдуу Майя Санду

© Sputnik / Михай Карауш / Медиабанкка өтүүМолдованын жаңы президенти Майя Санду 2020-жылдын декабрында президенттик кызматка киришкен
Пресс-конференция избранного президента Молдавии М. Санду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Молдованын жаңы президенти Майя Санду 2020-жылдын декабрында президенттик кызматка киришкен
Молдованын жаңы президенти Майя Санду өзү жеке турмушу тууралуу көп айта бербейт. Андыктан анын хоббиси, бош убактысында алек болгон нерселери тууралуу маалыматтар жокко эсе.

Көп кырдуу Владимир Путин

Россиянын президенти Владимир Путиндин хоббилери тууралуу көпчүлүккө белгилүү. Ал спорттун бир канча түрүн, балык уулоону, ар түрдүү техниканы башкарганды жакшы көрөт.
Мындан тышкары, маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, тарыхый китептерди көп окуйт.
Баса, көпчүлүк президенттерден айырмаланып, Путиндин эс алуусу, көңүл ачуусу боюнча фото жана видеоматериалдар абдан көп. Алардын айрымдарынан президентти башка аткаминерлер коштоп жүргөнүн көрүүгө болот.

Чуркаганды сүйгөн Эмомали Рахмон

КМШдагы эзелки президенттердин бири Эмомали Рахмон чоң теннисти жактырат. Атүгүл бир кезде Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовду утуп алганы айтылат. Ал эми акыркы жылдары чуркоого басым жасап калганы белгилүү. Жыл сайын Чуркоо күнүндө спортчулар менен бир нече чакырымды басып өтөрү дагы маалым.

Өзүн ар тармактан издеген Бердымухамедов

© YouTube/ MUKAMПрезидент Туркменистана встал за диджейский пульт на "корпоративе". Видео
Президент Туркменистана встал за диджейский пульт на корпоративе. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Президент Туркменистана встал за диджейский пульт на "корпоративе". Видео
Түркмөнстандын лидери Гурбангулы Бердымухамедов дагы көп нерсеге кызыгып, өзүн ар тармакта көрсөтүп келет. Мисалы, ат мингенди жана китеп жазганды жакшы көрөт. Музыкага дагы абдан жакын. "Улут башы" бир нече жылдан бери гитарада ойноп, диджейлик өнөрү менен таң калтырган. Буга чейин анын калемине таандык ырды бир маалда 4 166 адам аткарып, Бердымухамедов Гиннес китебине да кирген жайы бар.

Үй-бүлөлүк балуулуктарды мамлекеттик саясатка айландырган Мирзиёев

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин хоббиси тууралуу ачык булактарда маалымат жокко эсе.
Буга чейин кызы Саида Мирзиёева өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына орозо алдында атасы үй-бүлөсү үчүн палоо басып жаткан сүрөтүн жарыялаган.
Албетте, бул нерсе президент тамак даярдоону жакшы көрөт деп так кесе айтууга жол бербейт. Бирок Мирзиёев бош убактысын жакындарына арнаарын анын өз элине жасаган кайрылуусунан жана жарлыктарынан байкаса болот.
Ушул күнгө чейин өзбек лидери мамлекеттик кызматкерлер үй-бүлөсүнө көбүрөөк көңүл бурушу үчүн дем алыш күндөрү жумушка келүүсүнө тыюу салып, зарылдыгы жок отчет берүү жана маалымат алуулардын санын кыскартууну тапшырган. Жакында эле туугандар менен бирге саякаттоо үчүн жарандарына эмгек өргүүнүн жаңы түрүн мыйзам менен бекитип берди
Жаңылыктар түрмөгү
0