Олимпиаданын алдында Эйфель мунарасы алтын түскө боёлмокчу

© REUTERS / Gonzalo FuentesЭйфелевая башня в Париже
Эйфелевая башня в Париже - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2021
Жазылуу
Париждин ажайып жайы алгачкы ирет 1968-жылы күрөң түстөн алтын түскө сырдалган. Аны жаңыртууга 60 тонна боёк кете турганы айтылды. Бул үчүн бийликке 50 миллион евро керектелет.
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына даярдануу иштеринин алкагында Эйфель мунарасын алтын түскө боёо чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Time Out басылмасы жазды.
Маалым болгондой, Франция борборунун башкы ажайып жайы алгачкы ирет 1968-жылы күрөң түстөн алтын түскө сырдалган. Аны жаңыртууга 60 тонна боёк кете турганы айтылды. Бул үчүн бийликке 50 миллион евро керектелет.
"Мунараны кайра боёо иштери 2022-жылга чейин бүтүп калат. Андан кийин анын жанындагы паркты реконструкциялоо пландалууда", — деп айтылат маалыматта.
Париждеги туристтердин көңүлүн өзүнө бурган мунара 18 миң металлдын түрүнөн турат. Аны жети жылда бир ирет кооздук үчүн эмес, абадагы зыяндуу заттардан коргоп туруу үчүн боёп, сырдап турушат.
Жаңылыктар түрмөгү
0