БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Британиялык окумуштуулар адамдын өңүнүн кубарып кетиши ичеги рагынын өрчүп жатканынан кабар бериши мүмкүн экенин айтышты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.
Адистер белгилегендей, мындай белги организмде шишик өсүп, темир жетпей жаткандыктан пайда болушу ыктымал.Адамдын каны аз болгон учурда дагы өңү кубарышы мүмкүн экендиги маалым болду.
Дарыгерлердин айтымында, ичеги рагына кабылган учурда адамдын өңү эле кубарып кетпестен, заңы менен кошо кан да чыгып, ичеги-карындын иштөөсү бузулат. Ошондой эле ичтин ылдый жагы тынбай оорутат. Медиктер эгер ушул белгилердин бири эле үч жумадан ашык кетпей коштосо, анда дарыгерге барып көрүнүүнү сунуш кылышкан.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Казакстан Кыргызстанга дагы эки авиакаттам ачууну пландап жатат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан билдирди.
Азыркы тапта Алматы — Бишкек — Алматы багыты боюнча жумасына эки авиарейс каттап жатат.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Коронавирус аныкталган же жуктурду деп шектелген кош бойлуу аялдардын көбү эрте төрөп коюшат. Бул тууралуу "Известия" агенттиги лондондук окумуштууларга шилтеме берип жазды.
Адистердин иликтөөсүнө ылайык, Улуу Британияда коронавирус инфекциясы менен ооруган боюнда бар аялдардын 12 пайызы эрте көз жарган. Ал эми орто эсеп менен британиялык аялдардын 7,5 пайызынын наристеси ара төрөлгөн.Ал эми Америкада COVID-19 жуктурган же шектелген келиндердин убагынан эрте төрөшү 15,7 пайызды түзгөн.
Адис вирус жуктурган аялдардын баласы салмагы аз болуп же өлүү төрөлбөгөндүгүн белгилеген.