БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Францияда Google компаниясын мейманканалардын рейтингин жаңылыш түзгөнү үчүн айыпка жыгышты. Бул тууралуу РИА Новости Франциянын Экономика министрлигинин алдындагы Атаандаштык, керектөө жана алдамчылык менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын маалыматына таянып кабарлады.
"Иликтөөнү Атаандаштык, керектөө жана алдамчылык менен күрөшүү боюнча башкы башкармалык (DGCCRF) 2019-жылы баштаган. Буга тиешелүү жактарга Google тарабынан мейманканалардын рейтингинин туура эмес түзүлгөнү боюнча арыз себеп болгон. Google Ireland Ltd жана Google France рейтингди оңдоп, Париждин прокурору менен макулдашкандан кийин 1,1 миллион евро көлөмүндөгү айып пулду төлөп берүүгө макул болду", — деп жазылат маалыматта.
Иликтөөнү DGCCRF 2019-2020-жылдары отельер тарабынан түшкөн даттануудан кийин баштаган.
7,5 миңден ашуун мейманкананын рейтинги автоматтык түрдө чогултулуп, Atout France (Франциянын туризмди өнүктүрүү боюнча агенттиги) Google жана Франциядагы бирдиктүү расмий рейтингди өз алдынча иликтеген."Google компаниясы Atout France агенттигинин классификациясын өзүнүн критерийлерине негиздеп алмаштырып койгонун иликтөө көрсөттү. Бирок "жылдыз" жана 1ден 5ке чейинки шкала терминдерин колдонуунун окшоштугунан классификациялоодо жаңылуу болгон", — деп айтылган маалыматта.
Мындан улам аталган башкармалык анын кесепеттерин санап берген.
2019-жылдын сентябрынан тарта Google Ireland Ltd жана Google France бул кылыгын оңдогондугу жана платформа эми Atout France эсептеген расмий классификацияны колдонору маалымдалды.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. АКШдагы Улуттук баскетбол лигасынын (NBA) мурдагы оюнчусу, атактуу Шакил О'Нил All Elite Wrestling рестлинг-промоушенине чыгып рингден кулап түштү. Бул тууралуу Eurosport маалымат булагы жазып, окуянын видеосун чыгарды.
NBA легендасы дебюттук кармашында Жэйд Кэргилл менен биргеликте Коди Родес менен Рэд Велветке каршы турган.
Таймаштын жүрүшүндө Родес күүлөнгөн бойдон тулку бою менен секирип, рингдин сыртында турган Шакилге урунган. Баскетболчу атаандашын кучактаган бойдон кулап, жердеги столдун таш-талканын чыгарышкан.
CODY PUT SHAQ THROUGH A TABLE
— Bleacher Report (@BleacherReport) March 4, 2021
(via @AEW)pic.twitter.com/tJq5WqRlrY
Таймаштан соң алп баскетболчуну тез жардам унаасы менен ооруканага алып кетишкен.
Cracking up at Shaq having to bend his knees so they could close the ambulance door pic.twitter.com/T7blaZWLVY
— CJ Fogler #BlackLivesMatter (@cjzero) March 4, 2021
Калыстардын чечими менен жеңиш О'Нил менен шериги Кэргиллге ыйгарылган.
Рестлинг — бул театрлаштырылган спорттук шоу болуп саналат. Анын сценарийи шоу учурунда иштелип чыгат же алдын ала ойлонуштурулат.
Шакил О'Нил — Улуттук баскетбол лигасынын төрт жолку чемпиону. Анын бою 2 метр 16 сантиметр болсо, салмагы 147 килограмм. Ал NBA мелдешинин тарыхында эң көп упай алган алты спортчунун бири болуп эсептелет.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Кыргызстандык окумуштуу Асел Сартбаева беделдүү FDM Everywoman in technology академиялык сыйлыгына татыды. Бул туурасында Everywoman уюмунун сайтына жарыяланды.
Аталган уюм илим, технология, инженерия жана математика менен алектенген көрүнүктүү аялдарга жыл сайын наам ыйгарат. Быйыл калыстар тобу Сартбаеваны "Жылдын мыкты айымы" номинациясынын жеңүүчүсү деп тапты. Кыргызстандыктын новатордук эмгеги технология тармагында карьера жасаган аялдарды шыктандырып, үлгү болгону белгиленген.
"Анын иштеп чыккан технологиясы сыйлыкка татыды. Бул вакцинаны жеткирүү жана сактоо алда канча жөнөкөйлөтүлгөнүнөн кабар берет. Ал технология тармагында революция жасаган феноменалдуу аял", — деп жазган уюм.
Асел Сартбаева Бат университетинин химия боюнча профессору жана Улуу Британиянын Королдук илимий коомчулугунун мүчөсү болуп иштейт. Ал вакциналарды ар кандай температурада сактоонун коопсуздугун камсыздоо жаатында новатордук изилдөө менен алектенет.
Буга чейин Сартбаева курамына кирген Улуу Британиянын окумуштуулары жылуу температурада чектөөсүз сактоого шарт түзгөн кургак учуктун белок компонентиндеги вакцинасы үчүн таңгактын жаңы түрүн иштеп чыгышкан.Учурда ал Кембридж жана Оксфорд университеттеринде эмгектенет. 2019-жылы "Вакциналар: кансыз согуштун аякташы" деген эмгеги үчүн Англияда Хансон атындагы медаль алган.
Жакында эле сот Ми-8 МТВни башкарган учкучка карата өкүм чыгарды. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы фемида өкүлдөрүнүн чечиминин негизинде окуянын чоо-жайын тактоого аракет кылды.
Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндөгү аскердик бөлүктөрүнүн биринен борбор калаадагы бир туристтик компания 2018-жылдын 9-июлунда тик учак буюртма кылган. Анын жардамы менен турфирма Ысык-Көл облусунун бийик тоолуу өрөөнүнө чет элдик туристтерди жеткирмек. Ошентип аскер командирлери Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү учакты кароодон, экипажды медициналык текшерүүдөн өткөрүп коммерциялык каттамды аткарууга киришкен. Экипаждын курамында учкуч, бир командир, дарыгер, борттехник болгон. Алар чет мамлекеттен келген эс алуучуларды жүгү менен Түп районундагы Чар-Кудук тоосунан альпинисттердин лагери жайгашкан Түштүк Эңилчек өрөөнүнө алып бармак. Жүргүнчүлөрдүн арасында Япониянын үч, Польшанын төрт, Германиянын эки жараны жана бир котормочу бар болчу.
Аскердик тик учак таң эрте саат 7.30дар чамасында жолго чыгып, 40 мүнөт учуп барып, деңиз деңгээлинен 3900 метр бийиктикте жайгашкан узуну жана туурасы беш метр болгон чакан аянтчага конууга аракет кылган. Бирок тең салмактуулугун жоготуп солго ооп, коно турчу жерден 30 метр алыстыкка кулаган. Жыйынтыгында жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү түрдүү жаракат алып, көз жумгандар болгон эмес. Генералдык штабдын карамагындагы учак жараксыз болуп, мамлекеттик казынага 37 миллион 723 миң 939 сом зыян келтирилген. Андан соң ал жактагылар тоонун башында кырсыктаган вертолеттун ичиндегилерди куткарып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Ал эми аскер башчылары экинчи бортту жардамга жөнөтүп, жаракат алгандарды Бишкектеги ооруканага жеткирүү тапшырмасын берген. Ошондой эле Казакстандан дагы бир тик учак жардамга келген.
Тергөө маалында жүргүнчүлөрдүн бири укук коргоо кызматкерлерине төмөндөгүдөй көрсөтмө берген.
"Окуя болгонго чейин жакшы эле учуп барганбыз, аба ырайы дагы жакшы болчу. Биз конгон маалда тик учак күтүүсүздөн эле силкинип, капталга ооп кетип кулады. Ызы-чуу болуп кетти. Учак жарылат экен деп андан чыгуу жолдорун издегем. Арткы сол жагын түрсөм ачылып кетип, баарыбыз ошол жерден шашкалактап чыкканбыз. Мен мамлекеттик органдардын, туристтик фирманын ишине дооматым бар. Анткени алар медициналык жардамды өз учурунда бере алышкан жок, тоого келгендерге тиешелүү шарт түзүлгөн эмес", — деген ал.Далилдер чогултулуп, күбөлөр, окуяга тиешеси бар офицерлер суракка алынып, иш сотко өткөн.
Курамына техник адистер, учкучтар кирген атайын комиссия окуянын толук чоо-жайын иликтөөгө киришкен. Түзүлгөн топ окуянын келип чыгышына аба ырайынын бузулушу, катуу шамал себеп болгон деп тыянак чыгарган.
Соттук териштирүү маалында аскердик учакты Ak Sai Travel жоопкерчилиги чектелген коому келишимдин негизинде жалдаганы белгилүү болду. Аталган компания пайдаланууга жараксыз болуп калган Ми-8 МТВни өз каражатынын эсебинен калыбына келтире тургандыгы айтылган. Себеби тараптар ортосунда ошол жылы камсыздандыруу боюнча келишим түзүлгөн эле.
Териштирүү учурунда тик учакты башкарган пилот инструкциянын негизинде гана учканын айткан.
Сот 35 жаштагы учкучту Жазык кодесинин 379-беренеси ("Учуу эрежелерин бузуу") боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыраткан. Кийин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата кабыл алынган мунапыстын негизинде жазадан бошоткон. Ал эми мамлекетке келтирилген зыянды калыбына келтирүүнү жарандык иштер боюнча соттук өндүрүштүн алкагында кароо сунушталган.
Материал Биринчи май райондук сотунун өкүмүнүн негизинде жасалды.