ДССУ коронавирус менен ооругандарга вакцина алып коюуну сунуштады

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүМедайым бейтапка коронавирус каршы эмдөө жазап жаткан учурда. Архив
Медайым бейтапка коронавирус каршы эмдөө жазап жаткан учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2021
Жазылуу
Сумья Сваминатан ооруп айыккандардын көбүндө иммунитет пайда болгондугун, бирок кээ бир адамдарда жетиштүү деңгээлде күчтүү эместигин белгилеген.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. COVID-19 менен ооругандар коронавируска каршы эмдөөдөн өтүп коюусу керектигин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) илимий кызматкери Сумья Сваминатан айтканын РИА Новости жазды.
"Биз мурда коронавирус менен ооруган же оорубаганыңызга карабай вакцина алып коюу керектигин айтар элек", — деген ал ДССУнун You-Tube каналындагы маекте.
ДССУ имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2021
ДССУ: коронавирустун азайганына кубануу азырынча эрте
Сумья Сваминатан ооруп айыккандардын көбүндө иммунитет пайда болгондугун, бирок кээ бир адамдарда жетиштүү деңгээлде күчтүү эместигин белгилеген. Кеп эң биринчи иретте инфекцияны билинбей алып жүргөндөр туурасында болуп жаткандыктан, ДССУ өкүлү эмдөөдөн өтүп коюуну сунуштаган.
"Жакшы нерсе иммундук система окшош антиген менен протеинди тааныйт", — деген ал.
Бул эгерде ноокас айыгып чыккан күндө да, алган вакцина иммунитетке оң таасирин берет деген түшүнүк экендигин айтып берген. Ал эмдөө чоңдорго гана жасаларын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0