Окумуштуулар Антарктидада муз астынан башкача жаныбарларды табышты

© Фото / Dr Huw Griffiths / British Antarctic SurveyАнтарктида деңизиндеги муз катмарларынын астынан губкага окшош белгисиз жаныбарлар
Антарктида деңизиндеги муз катмарларынын астынан губкага окшош белгисиз жаныбарлар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Жазылуу
Окумуштуулар буга чейин Антарктиданын жээгиндеги муз менен чулганган деңиз түбүндөгү караңгылыкта бентос жаныбарлары жок деп келишкен.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Британиялык окумуштуулар Антарктида деңизиндеги муз катмарларынын астынан губкага окшош белгисиз жаныбарды табышты. Бул тууралуу Frontiers in Marine Science илимий журналы жазды.
Окумуштуулар буга чейин Антарктида жээктериндеги деңиз түбүндө бентос (суу түбүндө жашаган организмдер) жаныбарлары жок деп келишкен. Алар Фильхнера муз катмарларын бургулоо учурунда белгисиз жандыктарга күбө болушканы айтылат.
Деңиз үстүндө калкыган муз катмарлары Антарктиданын жээгинен тартып 1,5 миллион чарчы чакырым аянтты ээлейт. Муз каптаган бул деңиз мейкиндиги жер жүзүндө изилдене элек бирден-бир аймак.
Британдык изилдөөчүлөр теннис аянтчасындай көлөмдөгү сегиз жерди бургулашкан, жыйынтыгында бир катар ачылыштар жасалган.
Антарктидадагы саякатчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2020
Антарктидада күн ысып, абанын температурасы рекорд койду
Жээктен 260 чакырым алыстыкта бургуланган жерден деңиз түбүнө чейинки аралык 900 метр болгон. Атайын кабелдин учуна орнотулган видеокамера деңиз түбүндөгү таштарга жабышкан губкага окшош жаныбарларды көрсөткөн.
Жарыксыз аймакта жашай алган организмдердин бул түрү окумуштуулар үчүн күтүүсүз ачылыш болду.
Буга чейин илимпоздор калкып жүргөн муз катмарларынын астындагы -2,2 градус муздактагы караңгылыкта балык, медуза жана криль болушу мүмкүн деп божомолдоп келишкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0