БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Түркиянын түндүк-батышында бурганактаган кардан улам Анкара жана Стамбул шаарларында бир нече чакырымга созулган автоунаа тыгыны жаралып, аэропорттордун ичинде кыйынчылыктар пайда болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
"Дүйшөмбү күнү жааган кар Стамбул шаарынын жашоосун татаалдаштырды. Бир нече чакырымга созулган жол тыгындары пайда болуп, билим берүү мекемелеринде окуу убактылуу токтотулду", — деп айтылат кабарда.Ушундай эле абал Анкара шаарында дагы жаралып, жол кырсыктарынын саны кескин өскөнү байкалууда.
Ушу тапта аталган эки шаарда тең аэропорттор штаттык режимде иштеп жатат. Бирок айрым каттамдар кечигип жатканы айтылууда.
Синоптиктердин маалыматына караганда, Түркиянын борбордук бөлүгү менен Стамбул шаарында мындай аба ырайы беш күнгө созулушу күтүлүп жатат.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстан курама командасынын жарым коргоочусу, Казакстандын "Кайрат" клубунун футболчусу Гүлжигит Алыкулов кезектеги кооз голу менен өзгөчөлөндү. "Кыргызстандык Месси" Казакстандын кубогу мелдешинде "Тобол" клубу менен беттеште киргизген голунун видеосун КРдин футбол союзу Instagram баракчасына чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Алыкулов беттештин 90-мүнөтүндө командасы 2:3 эсебинде утулуп жатканда атаандашын буйтап өтүп, алыстан дарбазанын так бурчуна таамай тээп, керемет гол киргизген. Дарбазачы кыргызстандык футболчунун соккусуна эч кандай каршылык көрсөтө алган эмес.
Буга чейин ал командалашына ыңгайлуу голдук пас чыгарып берген.
Америкалыктар Йемендеги согушту токтотууну жана адам укуктарын коргоону талап кылууда. Вашингтон канчалык чектен ашары жана Эр-Рияд тарабынан ага кандай жооп кайтарыларына Софья Мельничук, Галия Ибрагимова сереп салган.
Күтүлгөндөй эле кезектеги билдирүүлөр америкалык бийликтин көз карашын гана толуктады. АКШ Мамлекеттик департаментинин башчысы Энтони Блинкен 76 саудиялык жаранга визалык чектөөлөр боюнча маалымдады. Алар "чет өлкөдөгү диссиденттерди коркутууга, анын ичинде Хашукжинин өлүмүнө катыштыгы бар" деп шектелет. Жеке санкциялар аталган мамлекеттин Жалпы чалгындоо кызматынын жетекчиси Ахмад аль-Асириге да берилген.
АКШнын Чалгын кызматынын докладында саудиялык бийликтин сынчысы, The Washington Post авторунун ырайымсыздык менен өлтүрүүгө мураскер ханзаада Мухаммед ибн Салмандын да тиешеси бар. Анын макулдугу менен журналистти Сауд Аравиясынын Стамбул шаарындагы консулдугунун имаратынан уурдап кетишкен. Кийин анын сөөгүн жиликтеп салышканы айтылат, андан аркысы эч кимге белгисиз. Королдуктун Тышкы иштер министрлиги бул айыптоолорду таптакыр четке какты. Жаңы президент Жо Байден шайлоо убагындагы дебаттарда Эр-Риядды кодулай турганын убада кылганы менен мураскер ханзаадага жеке санкциялар салынган эмес. Бул күдүк ойлорду жаратат.
"Менимче, бир адам менен эмес, бүтүндөй өлкө менен алака артыкчылыктуу экенин түшүнүү зарыл", — дейт Блинкен. Анын айтымында, администрация Сауд Аравиясы менен мамиле кайра каралат, бирок алар баары бир маанилүү, АКШ аларга өзгөчө кызыкдар."Биз королдукту коргоону жактайбыз", — деп кошумчалайт Блинкен. Ал түшүндүргөндөй, Эр-Рияд көбүнесе Кошмо Штаттардын көздөгөнү жана баалуулуктарына жооп берчү.
Мамкатчы Эр-Рияддын америкалыктардан алып жаткан жардамын, Йемендеги кырдаалды ажырата билүүсү Ак үй үчүн принципиалдуу экенин баса белгиледи. Саудиялыктар ал жакта хуситтердин шииттик кыймылына каршы президент Абу Рабу Мансур Хадинин өкмөтүн колдоп келет. Вашингтон америкалык куралды үчүнчү өлкөлөрдөгү согуш талаасында колдонулбаганын ырастап алгысы келет.
Америкалыктардын мунайды королдуктун коргонуу багытын камсыздоо милдеттенмеси менен алат, эки өлкөнүн мамилеси ушуга негизделген. Сауд Аравиясы — америкалык курал-жаракты сатып алуучулардын эң ири өкүлү. Өнөктөштүк эки тараптын тең стратегиялык кызыкчылыктарын камсыз кылат. Бирок демократия, адам укуктары өңдүү баалуулуктар маселесинде мамлекеттер эки башка көз карашта. Барак Обаманын президенттигинин акыркы жылдарында союздаштык "пикирлердин ажырымына" тушуккан. Салмандын жеке кеңешчиси мамилени дал ушундай мүнөздөгөн. Алар Сауд Аравиясынын чөлкөмдөгү негизги атаандашы Иранга болгон АКШнын багытына да тиешелүү эле.
Эки өлкөнүн чалгындоо кызматтары коопсуздук тармагында ийгиликтүү кызматташып келсе да, монархияны сындагандар менен күрөшүүдөгү саудиялык ыкмалар Кошмо Штаттарга жаккан эмес. Ага йемендик көйгөй да кошул-ташыл болду.
Ак үй америкалык курал пайдаланылган деп болжонгон согуштук аракеттердин курмандыктарынын санына тынчсызданган. Бийликке Дональд Трамптын келиши менен мамиле жакшырып калган. Болбосо ал кызматына киришкенче жакынкы чыгыштык өнөктөшүн анчалык жактырбай, королдуктун "күйөрманы эмес экеним анык", "Кошмо Штаттар саудиялык террорчуларга кол кабыш кылбоого тийиш" деп келген. Кандай болсо да, Трамп алгачкы расмий сапарын дал Эр-Рияддан баштаган. Анын мөөнөтү аяктаган АКШ Мамдепартаменти хуситтерди террордук уюм деп тааныган.
Мураскер ханзаада менен экс-президенттин ортосундагы жакын мамиле көбүнесе анын күйөө баласы жана кеңешчиси Жаред Кушнер аркылуу түзүлгөн. Хашукжинин өлүмү жөнүндөгү доклад мурунку администрациянын тушунда эле даярдалган, болгону аны жарыялашкан эмес.
"Азыр Трампты жектегендер эмне гана дешпесин, мамилелердин ушундай формуласын эки партия тең кабыл алган. Хашукжинин өлүмүнөн кийин демократтар республикачыларды сындап жатып калган. Сауд Аравиясындагы адам укуктарынын бузулушуна көз жумуп, Йеменде саудиялыктардын жана алардын союздаштарынын ырайымсыз операциясын этибарга алышкан эмес деп айыпташкан. Болбосо аны Обаманын тушунда демократтар өздөрү кубаттап, президент Кушнердин күйөө баласы менен мураскер ханзааданын ортосундагы "жылуу мамиле" үчүн жемелешкен эле", — деп эскерет Сучков. Бул Мухаммед ибн Салмандын жазасыз каларына, кандай маселе болбосун Вашингтон менен акча аркылуу чече аларына ишендиргенин белгилешкен демократтар.
Жаңы администрациянын келиши менен бул багыт өзгөрөрүн болжошкон, алар күткөндөй эле биринчи кадамдар жасалды. Байден Йемендеги чабуул коюучу операцияларды колдоону, анын ичинде курал экспорттоо эсебинен кол кабыш кылууну токтоторун кабарлады. Былтыр декабрда кол коюлган макулдашуулар боюнча 290 миллион долларга үч миң GBU-39 таамай тийчү бомбаны, ошондой эле 478 миллион долларга жети миң Paveway IV бомбасы берилери маалымдалган. Ак үйдүн чечими бул келишимдерге да таасир этет.
Вашингтон Йемен жаңжалын дипломатиялык жол менен чечерин жарыялады. Андан тышкары, февралда хуситтерди террордук топтордун тизмегинен чыгарышты.
Анткен менен эки өлкөнүн мамилелеринин толук кайра каралышы жөнүндө айтууга болбойт деп боолголошот эксперттер. "Тилдешет, жемелешет, бирок кызматташуу кайра каралбайт", — деп эсептейт Жакынкы Чыгыш боюнча адис Алексей Хлебников. Анын айтымында, стратегиялык планда эч нерсе өзгөрбөйт.
Эл аралык иштер боюнча Россиялык кеңештин жакынкы чыгыштык долбоорлорунун менеджери Руслан Мамедов да ушундай пикирде.
"Обаманын убагынан бери эле америкалыктар энергетика жаатында өстү, дүйнөдө мунай казуу боюнча алдыга чыгып, бул багытта Сауд Аравиясынан мурдагыдан азыраак көз каранды, — дейт эксперт. — Жаңы администрациядагы айрым адамдар АКШнын тышкы саясаты боюнча башкача көз карашта. Алар чөлкөмдөгү бир нече державага таянуу менен бир аз колун бошотуу үчүн тышкы саясатын кайра тең салмактап чыгууну жакташат".
Мамедов аймак ичиндеги абал көбүнесе ирандык өзөктүк келишимдерге жараша болот деп эсептейт. Эр-Рияд — Тегеран менен болгон мамиледе АКШнын негизги өнөктөштөрүнүн бири. Эгер Сауд Аравиясына алар тараптан катаал чара көрүлсө, мындан автоматтык түрдө Иран утат. Хашукжинин өлүмүнө тиешеси барларды жазалоо үчүн Кошмо Штаттар мындай тобокелдикке барбасы анык.
Соңку он жылда чөлкөмдө бир нече окуя болду. Тунис жана Египеттеги толкундоолор, кийин Египеттеги төңкөрүш... Ушундан кийин Каирге америкалык аскердик жардам убактылуу токтотулган. Акыркысы Иран менен түзүлгөн келишим. Мунун баары "королдукту, анын ичинде Сауд Аравиясын, мисалы, Россия жана Кытай өңдүү ири державалар менен дипломатиялык алакаларын диверсификациялоого жана байланышты чыңдоого түрттү" деген пикирде саясат таануучу Алексей Хлебников.
Москва да Эр-Риядга курал-жарак сатат: 2019-жылы алгачкы партиялары берилген. Ал эми бул туурасында эки тарап 2017-жылы макулдашкан. Ошондо королдук Россия менен ТОС-1А оор огнемёттук тутумдары, "Корнет-ЭМ" танкка каршы коргонуучу комплекстери, АГС-30 гранатомёттору жана АК-103 Калашников автоматтарын сатып алуу жана өндүрүштү уюштуруу жөнүндө меморандумга кол коюшкан. 2021-жылдын башында саудиялыктар россиялык С-400 зениттик-ракеталык комплекстерин жана Су-35 истребителин сатып алары мүмкүн экени айтылган.Эксперт Мамедов: "Эр-Рияддын Москва менен мамилесинде ОПЕК+ келишиминин таасирин да эске алуу кажет. Бул эки тарапка тең көп каражат табууга мүмкүндүк түзгөн. Абдан прагматикалык өңүт, баары өз энчисиндеги пайдасын алат", – дейт. Анткен менен Владимир Путиндин Сауд Аравиясына же король Салмандын Россияга иш сапарлары көп учурда Вашингтон менен оюндарда инструмент катары каралат.
Монархия америкалыктарга чөлкөмдө көйгөй жаратуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ экенин белгилейт Мамедов. Бирок түпкүлүгүндө баары АКШ Эр-Рияд үчүн өтө маанилүү экенин, ал эми мындай аракеттер – көңүл бурдуруунун ыкмасы гана экенин түшүнүшөт. "Сауд Аравиясындагылар Кошмо Штаттар менен болгон мамиле Ак үйдө азыр кимдер отурганына жараша эмес, эки мамлекеттин байланышы фундаменталдуу. Ондогон жылдардан бери түптөлүп келген, кандай солгундоо болбосун туруштук бере алат", — деп бүтүмүн билдирет эксперт.
Өнөктөштүктүн үзүрү да байкалат, саудиялыктардын каймактары дээрлик бүт АКШда билим алат, сауд риалы долларга байланган, курал-жарак жана аскердик билим берүү негизинен америкалык болуп саналат. Булардын баарын өзгөртүүгө бир топ жыл талап кылынат. Ошондуктан тышкы байланыштардын диверсификациясы тек гана көп полярдуу жаңы дүйнөнүн талаптарына жооп берчү тактикалык жүрүш, көп тараптуу багыт болсо керек.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.