Бутту оорутат. Өлүмгө кептеген дарттын белгиси аталды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Жазылуу
Жыныс безинде залалдуу шишик болгон учурда сперма бөлүп чыгарууда ыңгайсыздык жаралып, заара кылуу да көйгөй болуп калары айтылды.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Буттун үстүнкү бөлүгү жана кыр арка сөөктүн оорутушу — эркектин жыныс безиндеги рактын өрчүп келе жатканынан кабар бериши ыктымал. Бул тууралуу Express басылмасы Британиянын простатит рагына каршы фондунун маалыматтарына таянып кабарлады.
Адистер бул белгилер байкалган учурда убакытты созбой дарыгерге көрүнүп, изилдөөдөн өтүшү керектигин эскертишкен.
"Мындан сырткары, жыныс безинде залалдуу шишик болгон учурда сперма бөлүп чыгарууда ыңгайсыздык жаралып, заара кылуу да көйгөй болуп калат. Мындан сырткары, бел суу кан аралаш чыга баштайт", — деп айтылат маалыматта.
Рактын мындай түрү эркектер арасында көбүрөөк тараган илдет экени айтылды. Буга чейин британиялык окумуштуулар адамдын өңүнүн кубарып кетүүсү ичеги рагынын өрчүп жатканынан кабар бериши мүмкүн экенин айтышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0