Аскер. Архив

Төртүнчү кол кайдан чыгып турат? Интернетте оптикалык иллюзия талкууланып жатат

188
Сүрөттө ичимдик куюлган кичинекей төрт бөтөлкөнү кагыштырып жатышат, бирок жакшылып карабаган кишиге үч адамдын эле колун көрүнөт.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Социалдык тармактын катышуучулары төрт кичинекей бөтөлкө кармап турганы менен, бирок үч кол даана көрүнгөн жаңы оптикалык иллюзияны талкуулап жатат.

Жаратылышта эс алып жаткандардын тартылган сүрөтү Twitter тармагындагы Jen Gentleman баракчасына жарыяланган. Анда ичимдик куюлган кичинекей төрт бөтөлкөнү кагыштырып жатышат, бирок жакшылып карабаган кишиге үч адамдын эле колу көрүнөт.

Үңүлө келгенде көк кол капчан төртүнчү кол кайдан сунулуп турганын даана байкоого болот. Ал киши камуфуляжчан болгондуктан таштын фонунда жакшы көрүнбөй калган.

​"Менин мээм ишенгиси келбей жатат, бирок сүрөттө төрт кишинин колу турат", — деп жазган интернет колдонуучу.

Jen Gentleman аттуу колдонуучунун бул посту 160 миң адамга жаккан. Алардын көбү табышмактын башы болуп жаткан төртүнчү кол кайдан келгендигин дароо аңдабагандыгын айтышкан. Дагы бир адам сүрөттү чоңойтуп алып карап жатып "сырдуу колду" араң тапкандыгын айткан.

188
Белгилер:
ичкилик, социалдык тармак, кол, иллюзия
Тема боюнча
Мээни чагат. Япониялык математиктин оптикалык иллюзиясынын видеосу
Түркия башчысы Режеп Тайип Эрдоган. Архив

Садыр Жапаров Түркиянын президенти Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады

56
(жаңыланган 20:57 26.02.2021)
КР президенти түрк тарапка 2020-жылы коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстан элине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирген.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Түркия башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Өлкө башчылар кызматташуунун актуалдуу маселелерин, стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашкан.

"Сүйлөшүүдө Садыр Жапаров Эрдоганды туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады. КРдин президенти түрк тарапка 2020-жылы коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстан элине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Түркиянын башчысы да өз кезегинде Жапаровду кызматына расмий киришкендиги менен дагы бир жолу куттуктаган. Тараптар бири-бирин өлкөлөрүнө иш сапары менен келип-кетүүгө да чакырышкан.

Мамлекет башчылары эки өлкө ортосундагы кызматташууну арттыруу боюнча биргелешкен пландарды белгилешкени кошумчаланды. 

56
Белгилер:
чакыруу, телефон, куттуктоо, президент, Режеп Тайип Эрдоган
Тема боюнча
Садыр Жапаровдун чет өлкөгө жасаган биринчи сапарынын жыйынтыгы. Сереп
Спутник V вакцинасы. Архив

Россия душмандары "Спутник V" вакцинасынын лидерлигинен коркуп жатат. Пикир

64
(жаңыланган 18:14 26.02.2021)
Россиянын вирусология боюнча лидерлигинин тарыхына арналып уюштурулган көргөзмөдө "Спутник V" боюнча кеп болгон.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Коронавируска каршы россиялык "Спутник V" вакцинасына каршы чыккандар дүйнө жүзүндө анын беделин түшүрүүгө аракет кылууда. Себеби препарат мыктылардын бири болгондуктан, андан коркуп жатышат. Бул тууралуу Түз инвестициялар боюнча россиялык фонддун башчысы Кирилл Дмитриев билдиргенин РИА Новости жазды.

Россиялык тарыхый коомчулуктун аянтчасында Россиянын вирусология боюнча лидерлигинин тарыхына арналып уюштурулган көргөзмөдө "Спутник V" менен сыймыктануу керектиги айтылды.

"Спутник V" вакцинасынын эл аралык деңгээлде таанылгандыгы эле эмес, дүйнөдөгү биздин лидерлик туурасында да айтса болот... Биз жөнөкөй, бирок ак пейилдүү, чынчыл болушубуз керек. Дүйнөдөгү эң мыкты вакцина биздики, бул россиялык окумуштуулардын эң чоң эрдиги, муну менен сыймыктанса болот", — деген Дмитриев.

Ал бир катар тараптардын препаратка болгон мамилеси туурасында да кеп салган.

"Россиянын көп душмандары Россияга болгон ишенимди жок кылууга далалат кылышты, "Спутник V" дүйнөдөгү эң мыкты вакциналардын бири болгондуктан, андан коркуп, жаманатты кылыш үчүн көп аракет кылгандыгын түшүнүп турабыз", — деди Дмитриев ишенимдүү түрдө.

Lancet илимий журналы буга чейин "Спутник V" вакцинасынын үчүнчү фазасынын бул препараттын эң жогорку майнаптуулугун жана коопсуздугу боюнча клиникалык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын жарыялаган. Үчүнчү клиникалык изилдөөнүн жыйынтыгында анын натыйжалуулугу 91,6 пайызды түзгөн. Вакцина коронавирустун оор түрү менен ооруп калуудан толугу менен сактайт. Андан сырткары, "Спутник V" дүйнөнүн 30дан ашуун мамлекеттеринде колдоого алынган. Бул препарат катталган өлкөлөрдүн жашоочуларынын саны 1,1 миллиард адамдан ашып кетет.

64
Белгилер:
эмдөө, вакцина, Спутник V, Россия
Тема:
"Спутник V" вакцинасы
Тема боюнча
Россия өкмөтү "Спутник V" вакцинасынын сатыктагы баасын эки эсе түшүрдү
Министрлик: "Спутник V" вакцинасы Кыргызстанда каттоодон өттү
Башкы прокуратуранын имараты. Архив

Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп берген ишеним номерлерин жарыялады

0
(жаңыланган 22:35 26.02.2021)
Ишеним телефону жеке ишкердик субъектилеринин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алары маалым болду.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп бере турган ишеним телефон номерлерин жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

"Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү" жарлыгын аткаруу максатында ишеним телефону иштеп баштады", — деп айтылат маалыматта.

Эми ишкерлер күнү-түнү (0312) 88-90-33 номерине чала алышат.

Ишеним телефону жеке ишкердик субъектилеринин, чакан бизнестин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алары маалым болду. 

0
Белгилер:
текшерүү, ишкердик, ишеним телефону, Башкы прокуратура, Кыргызстан
Тема боюнча
Дарыканаларды текшерүүгө мораторий жоюлат. Мыйзам долбоору даярдалууда