Май термелүүчү аппарат. Архивдик сүрөт

Brent үлгүсүндөгү нефть баррелине 65 доллардан өйдө көтөрүлдү

53
(жаңыланган 09:56 18.02.2021)
Мунай затына болгон баанын кымбатташы февралдан тарта күчүнө киргенден берки ОПЕК+ боюнча келишимге байланыштуу болуп жатканы айтылып келет.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Brent үлгүсүндөгү нефть январдан бери баррелине 65 доллардан өйдө болду. Бул тууралуу сатуу алакасы боюнча маалыматтардан билсе болорун РИА Новости агенттиги жазды.

Фьючерстерде Brent үлгүсүндөгү аралашманын баалары былтыркы жылдын апрелинде 0,25 пайыз менен 65,05 долларга чейин чыккан. Марттагы фьючерстерде WTI мунайы 1,26 пайызга арбып, баррелине 61,91 доллар болгону маалым.

Буга чейинки маалыматтарда мунай затына болгон баанын кымбатташы февралдан тарта күчүнө киргенден берки ОПЕК+ боюнча келишимге байланыштуу болуп жатканы жазылган. Бир катар мамлекеттер нефть өндүрүүнү кошумча кыскартары белгилүү болгон. Ал суткасына 1,425 миллион баррелди түзгөнүн, мунун миллиону Сауд Аравиясына туура келери айтылган эле.

53
Белгилер:
нефть, кымбаттоо, мунай, ОПЕК
Тема боюнча
Жаңы толкун: нефтинин бешинчи суперцикли божомолдонууда
Нефтинин баасы январдан тарта дагы кымбаттады
Түркия жана Кытай желектери. Архив

Садыр Жапаров Казакстандан кийин Кытай, Түркияга иш сапар менен барат

27
(жаңыланган 15:52 01.03.2021)
Жапаров президент болуп шайлангандан кийин аны биринчи болуп Касым-Жомарт Токаев чакырганын белгиледи.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Казакстандын "Казинформ" маалымат агенттигине берген маегинде жакында Кытай жана Түркия мамлекеттерине иш сапар менен бара турганын билдирди.

Маек учурунда ал Астанага болгон сапары тууралуу айтып, андан соң Өзбекстанга баруусу 11-12-мартка белгиленгенин маалымдады.

"Мени президент болуп шайлангандан кийин биринчи болуп Касым-Жомарт Кемелович чакырган, мен келүүгө убада бергем. Орто Азия мамлекеттеринин ичинен Казакстанга биринчи келип жатканымдын себеби дагы ушул. Экинчиден, биз, казактар жана кыргыздар — бир тууган, коңшу өлкөбүз. Андан кийин Өзбекстан, Кытай, Түркия өлкөлөрүнө барам. Биз бардык мамлекеттер менен мамилебизди жогорку деңгээлге жеткиргенге аракет кылышыбыз керек. Биздин саясатыбыз ушундай", — деди Жапаров.

Ал эми Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда чечилбей турган чоң маселе барбы деген суроого андай жагдай жок экенин, майда көйгөйлөрдү сүйлөшүү жолу менен чечсе болорун айткан.

27
Белгилер:
иш сапар, Казакстан, Түркия, Кытай, Садыр Жапаров
Тема:
Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары
Тема боюнча
Садыр Жапаров эртең Казакстанга барып кимдер менен жолугары белгилүү болду
Жапаровдун сапары талкууланат. Өзбекстандын тышкы иштер министри Бишкекке келди
Садыр Жапаров Түркиянын президенти Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады
Кишилер Facebook логотибине заметкаларды жазып жатышат. Архив

Facebook жүздү таануу технологиясын колдонгону үчүн 650 млн. доллар айыпка жыгылды

22
(жаңыланган 15:13 01.03.2021)
2015-жылы штат жашоочулары Facebook компаниясына каршы доо арыз жазышкан. Анда тургундар компанияны биометрикалык маалымат чогултуу үчүн жүзүнөн таануу технологияларын колдонууда мыйзам бузган деп айыпташкан.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Американын Иллинойс штатынын тургундары Facebook компаниясы адамдын жүзүн таануу технологиясын колдонгондугу үчүн сотко берип 650 миллион доллар төлөттүрүп алды. Бул тууралуу Chicago Tribune гезити жазды.

2015-жылы штаттын жашоочулары Facebook компаниясына каршы доо арыз жазышкан. Анда тургундар компанияны биометрикалык маалымат чогултуу үчүн адамды жүзүнөн таануу технологияларын колдонууда мыйзам бузган деп айыпташкан. Facebook талашты жөнгө салуу үчүн 650 миллион доллар сунуштаган, андан мурда компания 550 миллион берерин айткан. Бирок Сан-Францисконун аймактык соту бул сумманын жетиштүү экенинен күмөн санаган.

Соттун чечимине ылайык, штаттагы 1,6 миллион тургундун сотко кайрылгандарынын ар бири компенсация катары 345 доллардан алмай болду. Каражаттын бир бөлүгү юристтин ишине жумшалат.

Маалыматта Facebook мындан ары жүздү таануу автоматтык технологиясын колдонбой турганы белгиленди. Компания колдонуучулар буга чейин деле жүздү таануу функциясын колдонуу же колдонбоону өздөрү чечип келгенин, бирок эми ал кызмат өчүк болорун, каалоочулар баракчанын тескөө бөлүмүнөн иштетип алса болорун айтышты.

22
Белгилер:
айып, Facebook, функция, сот, АКШ
Тема боюнча
Компьютерди талкалап кирген хакер эмнелерди көрө алат. Шок кылган видео
Анжелика, Асел, Самара. Instagram баракчасындагы "миллионер" жылдыздар