БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. TikTok тармагынын канадалык колдонуучусу Мэтью Линкерт компьютерди талкалап кирген хакер эмнелерди көрө алары тууралуу видео жарыялап, элдин үрөйүн учурду.
Мэтьюнун айтымында, интернет каракчылары Orcus программасын колдонушат.
"Бул программа компьютерди алыстан туруп башкарууга шарт түзүп берет. Аны менен комьютердин ичин гана карабастан, веб-камера аркылуу жанындагы кишилерди дагы көрсө болот", — деди ал.
Ошондой эле ал паролдорду кантип билсе болорун түшүндүрдү.
Линкерттин айтымында, 2019-жылы Orcus программасын иштеп чыккан адамдарга кылмыш иши козголуп, аны колдонууга тыюу салынган. Андыктан колдонуучулар аны интернеттен издөөгө аракет кылбай эле койгону туура.
TikTok колдонуучусунун бул видеосу аны көргөндөр арасында бир топ талкуу жаратты. Айрымдар интернетти колдонуудан чындап корко баштаганын айтууда.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Нур-Султан шаарындагы Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин музейине барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысына музейдин ачылышы жана анын экспонаттары тууралуу айтып беришкен.
"Нурсултан Назарбаевдин өмүр жолуна арналган музей 2020-жылы 1-октябрда ачылган. Аянты 40 миң чарчы метрди түзгөн бул музейде Казакстандын туңгуч президентинин жеке коллекциясынан алынган уникалдуу буюмдар жана Казакстан мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүн баяндаган экспонаттар сакталат. Музейде Нурсултан Назарбаевге Кыргызстандан тапшырылган бир нече белектер да бар", — деп айтылат маалыматта.
Мамлекет башчысы жети өзгөчө көргөзмө залдан турган музейди көрүп чыккан соң, музейдин электрондук китебине каалоо-тилектерин калтырды.
Жердин орбитасында жайгашчу мейманкана Voyager Station деп аталмакчы. Аны Orbital Assembly Corporation (OAC) корпорациясы курат. Отель алгачкы кардарларын 2027-жылы эле тосуп алары айтылууда.
Космостук мейманкана көлөмдүү шакекче түрүндө салынып, ортосуна келген эл менен жүктү ары-бери ташый турган шлюз орнотулат. Шакекченин сырткы бетинде капсула-бөлмөлөр жайгашат. Туристтер өздөрүн кадимкидей сезиши үчүн шакекче жасалма гравитациянын элесин бериш үчүн айланып турат. Тартылуу күчү жердегидей эмес, Айда жүргөндөй болору айтылды.Мейманканада конок бөлмөлөрүнөн тышкары ресторан, бар, тренажер залы, ашкана жана кеме экипажы үчүн жайлар болору пландалууда. Туристтерден тышкары мейманканага окумуштуулар, изилдөөчүлөр жайгаша алат. Айрым жайлар ижарага берилип же ишкерлерге сатылары да айтылды. Капсуланын узуну 20, ал эми туурасы 12 метр болмокчу.
Жердин орбитасында жайгашчу мейманкана Voyager Station деп аталмакчы. Аны Orbital Assembly Corporation (OAC) корпорациясы курат
Космостук мейманкана көлөмдүү шакекче түрүндө салынат
Ортосуна келген эл менен жүктү ары-бери ташый турган шлюз орнотулат. Шакекченин сырткы бетинде капсула-бөлмөлөр жайгашат
Мейманканада конок бөлмөлөрүнөн тышкары ресторан, бар, тренажер залы, ашкана жана кеме экипажы үчүн жайлар болору пландалууда
Туристтер өздөрүн кадимдей сезиши үчүн шакекче жасалма гравитациянын элесин бериш үчүн айланып турат
Ачык космоско чыгып жаткан астронавт-турист. Тартылуу күчү жердегидей эмес, Айда жүргөндөй болору айтылды
Космостук мейманканадагы спорт залы. Айрым жайлар ижарага берилип же ишкерлерге сатылары да айтылды
Бул отелдеги ресторандын көрүнүшү. Туристтерден тышкары мейманканага окумуштуулар, изилдөөчүлөр жайгаша алат
Бир капсуланын узуну 20, ал эми туурасы 12 метр болмокчу
Отель алгачкы кардарларын 2027-жылы тосуп алары айтылууда
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайда бир киши каза болгонун Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
2-март таң эрте Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынын күзөтчүсү камактагы 51 жаштагы эркек кишини эс-учун жоготкон абалда тапкан.
"Окуя болгон жерге дароо Тез жардам кызматы чакырылып, медиктер киши көз жумганын аныкташкан. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды", — деп айтылат билдирмеде.
Каза тапкан адам Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") менен шектелип, эки айга камакка алынган.
Ишти ар тараптуу жана объективдүү иликтөө үчүн текшерүү дайындалган. ИИМ, Чүй ОИИБи менен прокуратура жетекчилиги ишти көзөмөлгө алган. Аталган факт каттоого алынып, чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн УКМКга өткөрүлүп берилген.