"Баарын ойрон кылат": Пентагон Россияны "ооздуктоого" камынды

© AP Photo / Senior Airman Clayton WearMinuteman III баллистикалык ракетасын сыноо. Архив
Minuteman III баллистикалык ракетасын сыноо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Жазылуу
Москва космосто АКШнын ракетага каршы коргонуу тутумунун эшелонуна тынчсызданууда. РФ тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Вашингтондун пландарынын ишке ашырылышы түптөлүп калган эл аралык коопсуздукту туруксуздаштырат деген пикирде.
Дипломат америкалыктар бул оюн ийгиликтүү ишке ашырса орбитадан түз эле континенттер аралык баллистикалык ракеталардын позициялык райондоруна сокку ура аларын белгилегенин РИА Новости жазды.

30 пайызга дейре

Августта АКШнын Космостук күчтөрүнүн командачылыгы аскердик доктринасын жарыялаган. Документтин негизги маңызы: орбитага көзөмөл аскердик операцияларды пландоо жана өткөрүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Авторлор байыркы доорлордон бери эле аскер башчылары салгылашты утурлай бийиктикте жайгашып, стратегиялык артыкчылыкка ээ болууга умтулушчу. Бул аларга душмандын машыгууларын көрүп, согуш талаасына эч кандай тоскоолсуз көз салууга жана капыстан коюлган чабуулдун алдын алышкан. XXI кылымдагы эң пайдалуу позиция — жерге жакын орбита. Пентагондун пикиринде, аны АКШ Космостук күчтөрү көзөмөлдөөгө тийиш.
АКШнын Афганистандагы аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2021
Россия АКШнын абийирин төкпөй согуштан сактап калууга даяр. Себеби
Доктринада орбитадагы стратегиялык куралдардын элементтерин жайгаштыруу да эсепке алынган. Пентагондун башчысы Жеймс Мэттис 2018-жылдын августунда космосту "согуштук аракеттердин жаңы театры" катары кароо керектигин айткан. Анын айтымында, "негизги фактор — ракеталардын учурулушун көзөмөлгө салуучу датчиктерди орнотуу зарылдыгы".
Адистер алардын аркасынан америкалыктар орбитада сокку уруучу куралдарды да жайгаштырарын болжошот. Советтик континенттер аралык баллистикалык ракеталарын учуп чыкканда атып түшүрүүгө жөндөмдүү орбиталык ракеталардын долбоорлору Кошмо Штаттарда кансыз согуш убагында эле бар эле.
"Космосту аскерлештирүү жөнүндө Трамптын тушунда айтыла баштады, — деп түшүндүрөт саясат таануучу-американист Сергей Судаков. — Космостук бөлүктөрдү түздү, космоско учурууну көбөйттү. Байдендин бийлиги сүрүп турганда да ушул нук уланат. АКШнын бул космостук ракетага каршы коргонуу долбоорун ишке ашырууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. Аталган өлкө улам толукталып келе жаткан дүйнөдөгү чоң спутниктик топко ээ. Анан да космостук аппараттарды формалдуу түрдө мамлекеттик эмес ишканалар, мисалы, Илон Масктын SpaceX компаниясы учура алат. Орбитадагы көптөгөн коммерциялык спутниктерди аскердик багытта керектөөгө болот".
Анткен менен серепчинин айтымында, Ракетага каршы коргонуу тутумунун космостук эшелонун жайгаштыруу Пентагонго Россияны өзөктүк ооздуктоо дараметин (потенциалын) толук нейтралдаштырууга мүмкүндүк бербейт. Эң жакшы жыйынтык дегенде космостук колго түшүрүүчү ракеталар учурулган баллистикалык ракеталардын 30 пайызга чукулун гана жок кыла алат. Анткен менен жапырт өзөктүк согуш шартында бул көрсөткүч да аябай көп.

Космостогу согуш

"Москва ушул өңдүү демилгелерге алда канча катуу чара көрүшү керек, — дейт Судаков. — Вашингтонго космосто ракетага каршы коргонуу тутумунун элементтерин жайгаштыруу аракеттери – бул катаал реакцияларды талап кыла турган casus belli – согуштук инцидент экенин түшүндүрүү абзел. Эгер космосту аскерлештирүү - бул кызыл чийин экенин түшүндүрсөк, орбиталык эшелонду орнотууга бөгөт боло алабыз".
Брюссель шаарындагы НАТОнун саммити. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2021
Көңүл Крымга бурулду. НАТО Байденге кантип ыңгайлашууда
Америкалык доктринага ылайык, космостук бөлүктөр АКШ жана союздаштарынын орбитага кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыздап, атаандаштарын коркутуу жана алардын жүрүм-турумун өзгөртүүгө мажбурлоо үчүн күчүн көрсөтүү менен анын "коопсуздугуна" жооп берет.
Жүк жана персоналды көп ирет колдонулчу кемелер жеткирет, тактикалык, ыкчам жана стратегиялык деңгээлде маалыматты тез жеткирүү үчүн кубаттуу спутниктик тайпаны түзүшөт. Атмосфера чегиндеги чалгындоо, байкоо салуу жана байланыш аппараттарына өзгөчө роль жүктөлөт.
АКШ жана анын НАТОдогу союздаштарынын армиялары спутниктен өтө көз каранды. Дал космосто аскердик бөлүктөрдү жана куралдарды тескөө, чалгындоо, байланыш жана навигациянын негизги каражаттары топтоштурулган. Орбитада аскердик жана кош багыттагы миң чакты аппарат күзөт өтөйт.
Доктринанын авторлору Вашингтондун бардык атаандаштарын америкалык орбиталык тайпа жөнүндө эч кандай маалымат ала албагыдай кылуу керек дешет.
Бул үчүн DARPA келечектүү коргоо иштелмелер агенттигинде бир топ жылдан бери Blackjack программасын ишке ашырып келишет. Аталган долбоор бирдиктүү түйүнгө байланыштырылган чакан көлөмдүү 200дүн тегерегиндеги спутникти төмөн орбитага чыгарууга багытталган. Алардын изин көзөмөлгө алуу мүмкүн эмес деп эсептелет.

Орбитаны сейректетүү

Россиянын Космостук-аба күчтөрүнүн батыш өлкөлөрүнүн спутниктеринин аракеттерин, сууда жана кургактагы тилкелерге топтолушун, кайсы бир жердин үстүн айлануунун мезгилдүүлүгүн каттай алчу техникалык каражат жана адистери бар. Орбиталык топтун кыймылы боюнча адатта НАТОнун штабдарында эмнени көздөп турушканын болжоо кыйын деле эмес. Эл аралык кырдаал курчуп кетсе Россия батыш өлкөлөрүнүн спутниктерине байкоо гана салбастан, аларды таамай талкалай да алат.
Украинанын аскер кызматкерлери Кара деңиздеги машугуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2021
"Кайырмак да беришет бекен?". Украинага тартууланган үйлөмө кайыктар
Ноябрда Казакстандагы Сары-Шаган полигонунда А-235 "Нудоль" ракетага каршы коргонуу тутумунун ракетасы ийгиликтүү сыналды. Ал Москва жана Россиянын батышында жайгашкан өнөр жай объектилерине чабуул койгон шартта америкалык баллистикалык ракеталарды колго түшүрүүгө багытталган.
Адистердин мүнөздөмөлөрүнө таянсак, төмөн орбитадагы космостук объектилерди да кыйратууга да анын мүмкүнчүлүгү жетет. Бул ракетаны 2014-жылдан тарта сынап келишет. 2018-жылдын март айында Плесецкиде аны жылма штаттык орнотмодон кое беришкен. Келечектүү комплекстин көзгө кармаганы – анын мобилдүүлүгү.
Коркунуч туулган убакта бул түзүлүштү алдын ала даярдалган тымызын позицияларга жеткиришет. Андай жайларда алар кое берилгенче душмандын спутниктерине көрүнбөйт.
Сыноо процессинин тасмаларын изилдеген эксперттердин пикиринде, учурулган ракеталардын ылдамдыгы гипер үндүүлөргө чукулдайт.
АКШнын Куралдуу аба күчтөрүнүн космостук командачылыгынын башчысы генерал Жон Реймонд россиялык ракетанын орбитага түз чыгаруу менен сыналышы жерге жакын мейкиндикте АКШнын кызыкчылыктарына чакырык деп билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0