БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Дарыгер жана теле алып баруучу Александр Мясников эмне себептеп кадимки грипп адам үчүн коронавирустан дагы кооптуу экенин түшүндүрдү. Бул тууралуу "Россия 1" телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Планета үчүн грипп өтө кооптуу. Бардык окумуштуулар куш тумоосунан, чочко тумоосунан коркот, алардын мутациясынан чочулашат. Анткени ал жерде адам өлүмү коронавируска караганда көбүрөөк кыйылат", — деди дарыгер.
Ошондой эле медик коронавирустун келиши менен грипп жоголуп кетпегенин, учурда COVID-19га гана кабылдым деп ойлогондор ошол эле учурда гриппти дагы жугузуп алышы мүмкүн экенин айтты.
Андыктан коронавирустан каза тапты деп жаткандардын бардыгы эле COVID-19дан эмес болушу дагы толук ыктымал экени кошумчаланды.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. UFC чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко кезектеги беттешин Жессика Андраде менен өткөрөт. Бул тууралуу спорттук беделдүү ESPNMMA порталы билдирген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
"Ок" кайтып келе жатат! Валентина Шевченко өзүнүн титулун эң жеңил салмакта 24-апрелде Жессика Андрадеге каршы чыгып коргойт. Бул UFC 261 турниринин алкагында болорун Дана Уайт @bokamotoespn билдирди", — деп айтылат андагы маалыматта.
Андраде өзүнүн спорттук карьерасында 29 беттеш өткөрсө, анын 21ин жеңген. Акыркысында Кэтлин Чукагянга жеңилүү ызасын тарттырган.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Россияга иш сапар менен барган президент Садыр Жапаров Москва шаарында Россияда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушууда. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ал Россия президенти Владимир Путин менен жолугушуунун жыйынтыктары, анын ичинде Россияда эмгектенген кыргызстандыктардын маселеси дагы талкууланганы тууралуу маалымат берген.
Жапаров сыртта иштеп жүргөн кыргызстандыктардын алдында сүйлөп жатып, эң биринчилерден болуп "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө" жарлыкка кол коюлганын билдирген.
"Менин максатым — элибиздин көйгөйлөрүн чечүү, Кыргызстандын бардык жарандарын жумуш орундары менен камсыздап, татыктуу жашоого алып келүү. Ошондой эле чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештердин Мекенге кайтып келүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү", — деген Жапаров.Кыргызстан турак жай ээлери салык төлөөдөн качып, чет элдик жарандарды каттоого тургузуудан баш тартышкандыгынын натыйжасында келип чыккан мигранттарды каттоо көйгөйлөрүнө көңүл бурган.
"Казакстанда бул багытта "кабарлоо тартиби" деген жакшы тажрыйба бар: жарандар мамлекеттик органга келген жана иштеген жери жөнүндө билдирүү гана жөнөтөт, андан кийин ал каттоого турат. Ушундай эле жол-жобону ЕАЭБдин алкагында киргизүүнү сунуштайбыз", — деген Жапаров.
Эске салсак, бүгүн Жапаров Россияга иш сапары менен барып, Россия лидери Владимир Путин менен жолуккан.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан Жайыл, Токтогул райондорундагы жана Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун Талды-Булак айылындагы посттор 25-февраль таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Бул премьер-министрдин буйругунун негизинде болгон.
"Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу болгондуктан Жайыл районунун Сосновка, Токтогул районунун Арал постторунда жана Суусамыр — Талас — Тараз жолунун Талды-Булак айылындагы постунда автоунаалардын бардык түрүнө таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу чектөө киргизилди", — деп кабарлаган ӨКМ.
Эске салсак, Бишкек — Ош жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшкөндүктөн учурда жол жабылган.