Россия менен Евробиримдиктин желектери. Архив

Россия менен Евробиримдик мамилеси: Лавровдун билдирүүсү көңүл чордонунда

133
Соңку күндөрдө Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун сенсациялуу билдирүүсү бүт дүйнөнүн талкуусунда.

РФ ТИМ башчысынан "Россия Европа биримдигинен кол үзчү нукта баратабы?" деп сурашканда министр: "Биз буга даярбыз деп негиздейт элек. Эгер кайсы бир тармакта, анын ичинде талуу багыттарда да экономикабызга тобокелдик жараткан санкциялар салынса, ооба", – так кесе жооп берди. Ушул жооптун тегерегинде жана РФ менен ЕБ алакасы тууралуу Павел Данилин ой толгогон.

РФ дипломатия башчысынын айтымында, Россия "дүйнө турмушунан" оолак болгусу жок, бирок андай абалга даяр да болушу кажет. "Тынчтыкты самасаң, согушка камылга көр", — деди Лавров. Россиянын Европа биримдигинен жүз бурууга даярдыгы – эл аралык аренада жогорку деңгээлдеги жаңылык.

Албетте, Финляндия ТИМ жетекчиси Пекка Хаависто менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча андан эки күн өтпөй Лавров Россиянын позициясын тактап: "Биз көйгөйлөрдү талкуулоого даярбыз. Бул Россиянын кызыкчылыктарына да айкалышса, биз климаттын өзгөрүшү да, айлана-чөйрө боюнча да өз ара аракеттешебиз. Бирок бул алакалардын түзүлүшү Брюсселдин демилгесинен улам атайы бузулду".

Мындан сырткары, Лавров тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча ЕБдин жогорку өкүлү Жозеп Боррель Москвадан кайтканы достукка жатпаган бир катар билдирүүлөрдү жасаганын эске салды. Боррелдин пикиринде, Россия үмүттү актаган жок, заманга ылайык демократиялуу боло албады, Европадан тездик менен оолактоодо.

Лавров белгилегендей, иш жүзүндө баары тескерисинче: Брюссель өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндөгү макулдашуунун негизиндеги бардык механизмдердин бирин калтырбай ырааттуулук менен бузду. Анын ичинде жылына эки ирет өткөрүлчү саммиттер, Россия өкмөтү менен европалык комиссарлар жана Еврокомиссиянын төрагасынын ар жылкы жолугушуусу, төрт орток мейкиндикти түзүү боюнча долбоорлор, 20дан ашуун тармактык диалогдор, россиялык ТИМ башчысынын жана Евробиримдиктин жогорку өкүлүнүн катышуусунда Өнөктөштүк жана кызматташтык кеңешинин ар жылкы жыйыны да бар.

РФтин ТИМ башчысы калыстык менен белгилегендей, нормалдуу байланышты токтотуу демилгесин иш жүзүндө Россия көтөргөн жок, Евробиримдиктин өзүнөн чыкты. Россиялык дипломаттардын европалык бюрократтар менен сейрек байланышынын жыйынтыктары боюнча деле өз ара түшүнүшө албай келет. Анын ордуна Россиянын дарегине улам жаңы опузалоолор жаңырып, кезектеги санкциялар топтому менен коркутушат. Жозеп Боррелдин Москвага сапарынан кийин да дал ушундай эле болду. Брюсселге кайта элек жатып Россияны болушунча айыптап, Москвага жаңы санкцияларды тезинен киргизүүгө чакырды. Анда эмнеге келди деген суроо туулбай койбойт. Мындай жагдайда эч кандай диалог жүргүзүүнүн кажети деле жок. Натыйжада Европа биримдиги менен түзүлгөн макулдашуулар Брюссель тараптан алардын аткарыларына кепил эмес экени белгилүү. Эгер европалык аткаминерлер бир нерсени убада кылып, ал тургай өз милдеттенмелерин кагазда каттаган болсо да, бул чындап аткарылат дегенди билдирбейт. Европалык бюрократтын сөзү иш жүзүндө ал жазылган баракка да арзыбайт. Буга Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин айткандары да далил. Ал 2014-жылдын 21-февралында Евромайдандын лидерлери менен "Украинадагы саясий каатчылыкты жөнгө салуу жөнүндөгү макулдашууга" кол койгон.

Макулдашуунун кепили бир катар европалык жогорку аткаминерлер болуп саналат. Эске салсак, Россиянын өкүлү документке кол коюудан баш тарткан. Антип да туура кылган, анткени Евробиримдиктин кепилдиги эч кандай күчкө ээ эмес болуп чыкты. Андан бир-эки күн өтпөй жаалданган топ украиналык президенттин резиденциясын алып койгон. Жогорку рададагы оппозиция Украинанын Конституциясын бузду деп Януковичти бийликтен четтетип, ал эми президент өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз болгон. Булардын баары Варшава, Берлин жана Брюсселдин кубаттоосунда жүргөн. Януковичке берилген кепилдиктерге кол койгондордун эч бири аларды аткарууга кенедей да чара көргөн эмес. Баары тегиз эч кандай кепилдик берилбегендей түр көрсөтүп тим болушкан. Бул саясий алдамчылык эмей эмне? Лавровдун сөзүн талкууга алган айрым комментаторлор дагы бир маанилүү нерсеге көңүл бурушкан: Россиянын ТИМ башчысы – учурдун мыкты дипломаттарынын бири, ошондуктан анын ар бир сөзү маанилүү.

РФ министри ар бир кебин таамай терип сүйлөгөндүктөн, айткандарынын жалпы маңызын гана эмес, сөз төркүнүн да кылдат талдоо керек. Лавров Европа эмес, Евробиримдик менен мамилени үзүү жөнүндө айтканын мисалга алалы.

Россия үчүн маанилүү билдирүү да ушул. РФ эки нерсени: улуттуктан жогору койгон бюрократия жана Европанын айрым өлкөлөрүн так ажырата карайт. Санкциялар шартында да аздыр-көптүр РФ менен Европа өлкөлөрүнүн, айталы, ошол эле Германиянын ортосунда эки тарапка тең пайдалуу биргелешкен долбоорлор ишке ашырылат.

Боррель өңдүү ЕБ аткаминерлери биримдикке кирген белгилүү бир өлкөлөрдүн эмес, Вашингтондун таңууланган "тилектерине" шайкеш жеке жамааттык кызыкчылыктарды көздөйт.

Дал ушундан улам алар ЕБге мүчө болгон айрым өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына каршы саясий чийинди таңуулап келишет. Тактап айтканда, Европанын басымдуу мамлекеттеринин Россия менен эзелтен бекем экономикалык байланышы бар.

Кеп Франция, Германия, Италия сымал ири оюнчулар жөнүндө эле эмес, бирок, албетте, бул үч мамлекет Евробиримдиктин орустардан оолактоо көз карашынан улам башкалардан көбүрөөк жабыр тартып келет.

Ошону менен катар эле Брюсселдеги аткаминерлер өз маянасын дал ушул мамлекеттердин салык эсебинен аларына кымындай да тынчсызданып койбойт. Ошентсе да Сергей Лавровдун айткандарына кайра кайрылсак, Россия өзү үчүн маанисиз жана ал түгүл зыяндуу, улутка үстүрт караган европалык институттар менен байланыштан баш тартууну чечкенин белгилеп коюу дурус.

Кезегинде америкалык дипломат Генри Киссинжер "Европа менен сүйлөшүү үчүн кимге телефон чалышым керек?" деген суроону кабыргасынан койгон. Киссинжер бул менен АКШ үчүн маанилүү маселени жалпы европалык деңгээлде чечүү мүмкүн эместигин билдирген.

Россияга Лондон, Берлин же Париж менен өз-өзүнчө сүйлөшүүгө туура келет. Жылдар өттү, ал эми азыркы кырдаал эгер геостратегиялык масштабда өзгөрүүлөр орун алган болсо, тек гана үстүртөн жүргөнүн айгинелейт.

Лондон да жакында эле "бул топтон" чыгып кетпедиби. Берлин менен Париж Европа биримдигинин "саан уйларынын" ролунан жадап барат. Дал ушул убакта Россия үчүн Евробиримдиктин институттары жана алардын бюрократтары менен алакада болуу – майнапсыз жана болбогон иш.

Германия же Франция менен өз-өзүнчө сүйлөшкөн оң. Балким бул дайым жагымсыз боло бербеши мүмкүн, бирок пайдалуураак болору анык: өз ара кызыкчылыктар жана болжолдуу тил табышуу чеги түшүнүктүү.

Мындан ары Россия алар менен Брюсселди аралаштырбай баарлашмакчы, себеби бирдиктүү Европа эч кимдин үмүтүн актаган жок.

133
Белгилер:
дипломат, стратегия, Сергей Лавров, мамиле, Россия, Евробиримдик
Тема боюнча
Жылуу мамилени сактоо аракети. Шредер немецтерге согуш тууралуу эскертти
Стволдуу замбирек орнотулган өзү жүрүүчү Спрут-СД. Архив

"Мындай нерсе жок эле": РФ кандай танк чыгарууга белсенди?

6
(жаңыланган 19:14 25.02.2021)
Кубаттуу, ыкчам жана кынтыксыз корголгон... Бир түрдүү зооттолгон "Бумеранг" платформасынын негизинде россиялык дөңгөлөктүү жаңы танк жаратууга камынды.

Шассинин өзгөчөлүктөрү анын ичинде ушундай эле жылмакай стволдуу замбирек орнотулган өзү жүрүүчү "Спрут-СД" өңдүү курал комплексин жыйноого мүмкүндүк берерин айтат РФтеги "Аскердик-өнөр жай компаниясынын" башкы директору Александр Красовицкий. Дөңгөлөктүү танкты Андрей Коц мүнөздөп чыккан.

Сирияда кереги тиет

Александр Красовицкийдин айтымында, зооттолгон "Бумеранг" платформасынын негизиндеги дөңгөлөктүү жаңы танкты иштеп чыгуу аяктап барат. К-16 зооттолгон транспортерун жылдын аягына чейин сыноо пландалган.

Инженерлер белгилегендей, бул аппаратты жасоодо илим жана техниканын эң акыркы жетишкендиктери пайдаланылды. Кийинки пландарда өзгөчө багыттагы жана бөлөк үлгүлөрдөгү техника – БМП К-17ни сыноо да бар. "Аскердик-өнөр жай компаниясынын" башкы директору "Бумеранг" платформасынын базасындагы дөңгөлөктүү танкын тез арада бүтүрүү өнөр жай үчүн маселе эместигин баса белгилейт.

Ушул сымал техникалар Советтер Союзунда да чыгарылган, россиялык армияда толук бурулчу мунарасында кубаттуу курал орнотулган дөңгөлөктүү танктар болгон эмес. Зооттолгон автомобилдердин тобун бейрасмий түрдө ушинтип атап коюшат.

Корголушу боюнча бул машиналар чынжырлуу танктарга жетпесе да, ыкчамдыгы, маневр жана жүрүш запасы боюнча алардан артык.

"Дөңгөлөктүү танктар аларга ылайык топурактуу өлкөлөрдө кеңири таралган, — дейт аскерий эксперт Алексей Леонков. — Мисалга Африкада. Атап айтканда, Түштүк Африка Республикасында дал ушундай дөңгөлөктүү танктарга басым жасашат. Алардын негизги артыкчылыгы — ылдамдык жана бир ремонттон кийинкисине чейинки жүрүш аралыгы. Эгер негизги танк он миң чакырымдан кийин бузулуп калса, анда замбиректүү зооттолгон автомобиль жүз миң чакырым жүрө алат".

Эксперттин айтымында, мындай техника ошол эле Сирияда күзөт өтөөгө көмөкчү болмок. Азыр ал жакта аскердик полиция "Тигр" жана БТР-82А зооттолгон автомобилдерин айдап жүрүшөт. Леонков зооттолгон транспортер өңдүү эле танк суу бөгөттөрүнөн да өтүп, жүрүп да, сүзүп баратып да ок атууга жөндөмдүү. Күчтүү куралдан улам аны рейддерде, ошондой эле жалпы операцияларда, атап айтсак, аскердик катарда, чалгында, чалгындоочу отрядда жана кайтарууда колдонууга болот.

Ири калибр

Болоттон жасалган танктар абдан бышык асфальт жолду да талкалап кетери жашыруун эмес. Жол катмарына дөңгөлөктүү техника зыян келтирбегендей болушу маанилүү. Дал ушул себептен зооттолгон оор техниканы атайын тартып келүүчү транспортерлор менен жеткирүүнү ылайык көрүшөт. Жүктөө жана түшүрүүгө бир топ убакыт кетет. Ал эми дөңгөлөктүү танк согуш талаасына дароо, эч кандай машакатсыз жана даярдыгы жок эле кирип кетет.

Келечектүү танктын негизги куралы катары атайын аба-десанттык күчтөр үчүн иштелип чыккан 125 мм замбиректүү курал бөлүгү каралган. Мындай жабдык өзү жүрүүчү "Спрут-СД" танкка каршы замбирегинде да орнотулат. Октоо автоматы жана 40 дүрмөттөн турган ок-дарысы менен турукташтырылган тутумдагы жылмакай стволдуу 2А75 Т-72 жана Т-90 танктарындагы 2А46М куралына окшош.

Өзү жүрүүчү аппарат тийиштүү калибрдеги ок-дарынын бардык түрү менен октолуп, анын ичинде танкка каршы коргонуу тутумундагы тескелүүчү ракеталарды да кое бере алат.

Ок бөлүгүнүн кошумча жабдылышы — 7,62 миллиметрлик калибрдеги танктык Калашников пулемету менен жупташтырылган курал. Мындай жабдууда замбиректик "Бумеранг" дүйнөдөгү эң күчтүү дөңгөлөктүү танкка айлана алат.

Батыш жана Чыгыштагы бул типтеги аскердик техниканын басымдуу бөлүгү 105 миллиметрге чейинки калибрге ээ.

Дөңгөлөктүү танктар менен НАТО жана Азия чөлкөмүндөгү бир нече өлкөлөр камсыздалган. Атап айтсак, Stryker платформасындагы америкалык M1128 MGS, ошондой эле франциялык AMX-10RC, япониялык MCV, италиялык Centauro танктары аталган мамлекеттердин куралдуу күчтөрүндө бар.

РФтин коргоо министри мурунку он жылдыктын башында Рим менен

Centauro партиясын сатып алуу боюнча макулдашкан. Ал түгүл бир нече машина Россияга сыноо үчүн алып келинген, бирок иш ошол менен тык токтогон. Италиялык дөңгөлөктүү танктар аскердик техниканын ишенимдүүлүгү боюнча Россиянын талаптарына төп келген эмес.

Танк жана дрондордун мизин кайтарат

"Бумеранг" дөңгөлөктүү платформасы алгач ирет 2015-жылдагы Жеңиш күнүндөгү парадда элге көрсөтүлгөн. Бул негиздеги техника БТР тибиндеги советтик жана россиялык транспортёрлордон кыйла көлөмдүү жана күчтүү келет.

Шосседе 750 ат күчүндөй кубаттуулуктагы ЯМЗ-780 кыймылдаткыч саатына 100 чакырымга чейин күүлөнө алат. Мотордук бөлүгү алдында, бул десантты арт жагынан салып жана түшүрүүгө мүмкүндүк берет.

"Бумеранг" тобундагы машиналар керамика камтылып, кат-кат сооттолгон, ал эми бул гомогендик коргоого караганда алда канча ынанымдуу. Азырынча дөңгөлөктүү БМП К-17 бул топтогу эң күчтүү машина деп саналат, бул универсалдуу "Бумеранг-БМ" аскердик модулу менен аралыктан башкарылат. Машина тандалма ок-дарылар жана кошумча 500гө чейинки дүрмөт менен камсыздалган 30 миллиметрлик автоматтык замбирек, ошондой эле эки эселенген "Корнет" танкка каршы коргонуучу эки ракета менен камсыздалган.

Мындан олуттуу варианты да бар: К-17 үчүн болжолдуу аскердик модулдардын бири — мүнөтүнө120 ирет ок атуучу 57 миллиметрлик замбиректүү АУ-220М "Байкал". Анын дүрмөттөрүнүн күчү батыштагы акыркы үлгүдөгү бардык пехоталык машиналар менен күрөшкө жетишерлик деп айтылат. Мындан тышкары, 57 миллиметрлик калибри учкучсуз учуучу аппараттарды, анын ичинде чакан көлөмдүүлөрүн да 12 чакырымга чейинки аралыктан таамай жок кылууга мүмкүндүк берет.

6
Белгилер:
армия, Россия, техника, илим, Сирия, танк
Тема боюнча
Россия менен Евробиримдик мамилеси: Лавровдун билдирүүсү көңүл чордонунда
Абу-Дабидеги көргөзмөгө коюлган россиялык коргонуу комплексинин саамалыгы

АКШ Кыргызстандан үйрөнсүн. Мамдума төрагасы Жапаров менен жолуккан видео

57
Президент Садыр Жапаров Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугуп, парламент аралык мамилени талкуулады.

Володин бүгүнкү жолугушуу эки өлкөнүн мамилелеринин жаңы барактарын ачууга өбөлгө болоруна ишеним артты.

"Сиздин келишиңиз жана бүгүнкү жолугушуу өнүгүүнүн жаңы бийиктиктерине чыгууга, анын ичинде парламенттер аралык мамилелерди арттырат деген ниеттемин. Биз парламенттик кызматташуунун алкагындагы маселелерди талкуулап, сүйлөшөбүз", — деди Мамдума спикери.

Ошондой эле ал Садыр Жапаровду президент болуп шайланышы менен куттуктады.

"Биздин байкоочулар шайлоодо атаандаштык, ачыктык жана легитимдүүлүк жогорку деңгээлде болду деген пикирге келишти. Кыргызстандагы шайлоо АКШга караганда ачык өттү. Кошмо Штаттары ар дайым алардан үйрөнүү керектигин айтып келген, эми өздөрү сиздерден үйрөнүшү керек. АКШга караганда Кыргызстандагы шайлоого ишенсе болот", — деди Володин.

Аны менен катар Мамдуманын төрагасы март айынын аягында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов менен Душанбеде ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин алкагында жолугушаары пландалып жатканын кошумчалады.

Ал эми Жапаров жаңы чакырыктар менен коркунучтарга, анын ичинде вирус коркунучуна, ошондой эле эл аралык терроризм менен экстремизмге каршы күрөшүүдө жана коопсуздукту камсыз кылууда эки өлкөнүн парламенттеринин күч-аракетин бириктирүү маанилүү экенин белгиледи.

57
Белгилер:
Вячеслав Володин, Мамлекеттик Дума, Садыр Жапаров, Кыргызстан, Россия
Тема:
Садыр Жапаровдун Россияга сапары
Тема боюнча
Путиндин маалымат катчысы: Жапаровдун иш сапары мазмуну жагынан көлөмдүү
Президент Садыр Жапаровду Москва кантип тосуп алды. Видео