БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Марс планетасында дагы бир он жылдан кийин адамдар туруктуу жашап калышы мүмкүн. Ал эми 2100-жылы миллиондогон калкы бар шаарга айланат. Мындай пикирин "Марс коомунун" президенти, инженер жана Марсты изилдөө боюнча энтузиаст Роберт Зубрин билдирди.
Белгилей кетсек, америкалык Perseverance изилдегич аппараты 19-февралдын түнү Марстагы Езеро кратеринин аймагына конгон. NASA жүргүзгөн иликтөө миссиясына Марста жашоо барбы деген суроого жооп издеп, баа берүү кирген. Perseverance Жерге алып келген топурак ар тараптуу изилдөөгө алынмакчы.
Ал эми Илон Масктын 2050-жылы Марска миллион адамды жиберүү боюнча айтканын "дымактуу убада" деп эсептейт.
"Бул жылы миң адамды жөнөтүүгө болот, алар Марста көптөгөн адамдын жашоо шартын камсыздоо үчүн индустриялык жана айыл чарба мүмкүнчүлүктөрүн түзүп турушат. Кызыл планетага адамдар канчалык көп учса жана ошол жактан балдар төрөлсө калктын саны өсүп, 2070-жылы миллиондук шаар же 2100-жылы андан дагы көп болушу ыктымал", — деп айткан Зубрин.
Ошондой эле ал изилдөө учурунда адам өлүмү болобу же жокпу деген суроого эч бир изилдөөдө ири тобокелчиликсиз ийгиликке жетүү кыйын деп жооп берген.
Кыргызстандык бала бир мүнөттүн ичинде теннис столунун үстүндө нунчак менен 49 ирет топту тосуп кайра урган. Рекорддун видеосу Interrecord эл аралык агенттигинин YouTube-каналына жарыяланды.
Interrecord — рекорддорду каттоого алган эл аралык агенттик. Алар 10 жаштагы кыргыз баланын рекордун расмий түрдө каттоого алган. Бул боюнча сертификатты Ташмаматовго агенттиктин директору Влад Капыло тапшырган.
"Я почти знаменит" долбоору Биринчи каналда (Россия) жыл жаңырганда башталган. Анда катышуучулар телекөрүүчүлөргө элде жок өнөрлөрүн көрсөтөт. Ар бирине мүмкүнчүлүк берилип, аларды үч адамдан турган калыстар тобу баалайт.
Ар бир тандоо турунда 11 катышуучу финалга чыгуу үчүн таймашат. Программанын баш байгеси — үч миллион рубль.
Белгилей кетсек, Брюс Лини туурап, анын ыкмаларын жасаган кыргызстандык бала буга чейин Биринчи каналдын "Лучше всех" долбооруна да катышкан.
139 жылдык тарыхы бар үйдү оор жүк ташуучу автоунаа менен Сан-Францискодо бир жерден экинчи, жаңы орунга көчүрүштү.
РФ жана КР президенттери Владимир Путин менен Садыр Жапаров Кремлде жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты.
Марс планетасына учкан Perseverance Mars Rover Жерге жаңы видеолорду жиберди.Австралияда Баарак аттуу жүнү өтө өсүп кеткен койду "ашыкча жүктөн" арылтышты. Жүндүн эле салмагы 35,4 килограмм экени анык болду.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Карабахты колдон чыгарып жиберүүгө россиялык куралдын начардыгы себеп болду деген билдирүүсүнөн кийин өлкөнүн Башкы штабы анын отставкасын талап кылды.
Boeing 747 Франкфурттагы (Германия) аба майданына учуп келе жатат
Келгин куштар. Бул турналарды Галилей деңизине (Израиль) жакын Хула көлүнөн тартып алышкан
139 жылдык тарыхы бар үй. Аны Сан-Францискодо жаңы жерге көчүрүп бара жатышат
РФ жана КР президенттери Владимир Путин менен Садыр Жапаров Кремлде жолуккан учур
Марс планетасында тартылган сүрөт. Perseverance Mars Rover аппаратынын навигациялык камерасы
Мекенди коргоочулар күнүнө карата россиялык десантчылардын майрамдык номерлеринин бири. Москва облусу
Севильедеги (Испания) модачылдардын нааразылык акциясында
РФ жана Беларусь президенттери Владимир Путин менен Александр Лукашенко карда жүрүүчү техника менен
Австралияда Баарак аттуу жүнү өтө өсүп кеткен койду "ашыкча жүктөн" арылтышты. Жүндүн эле салмагы 35,4 килограмм экени анык болду
Миландагы мода жумалыгында дизайнер Даниэль Дель Кор жаңы коллекциясын көрсөттү
Британ деп аталган тукумдагы мышыктын сүрөтүн Москвада өткөн "КоШарики Шоу" көргөзмөсүндө тартып алышкан
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Ереванда тарапкерлеринин алдында чыгып сүйлөп жатат. Карабахты колдон чыгарып жиберүүгө россиялык куралдын начардыгы себеп болду деген билдирүүсүнөн кийин өлкөнүн Башкы штабы анын отставкасын талап кылды
Нью-Делидеги жашоочуларга (Индия) AstraZeneca вакцинасын сайышты
Кара түстүү афроамерикалык Амады Орберинин элесине арналган акция. Ал Жоржия штатындагы Брансуика (АКШ) шаарында чуркап жүргөн учурда ок жеген
Калутаре (Шри-Ланка) аймагында алтын балыктарды саткан адам
Аскерий төңкөрүшкө каршы чыккан кыздын сүрөтү. Янгон (Мьянма)
Муз үстүндө чимириле бийлеген Елизавета Нугуманова. Жалгыздап көркөмдөп муз тебүү боюнча аялдар арасындагы Россия Кубогунун финалы
Извержение вулкана Этна на Сицилии.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү мунай заттарын Евразиялык экономикалык биримдиктин бажы чегинен сырткары ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну сунуштап жатат.
Бул боюнча токтом долбоору өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Бийлик муну менен Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майлардын тартыштыгын алдын алууга аракет кылууда.
Эгерде токтом долбоору кабыл алынса, ал үч күндөн соң күчүнө кирип калат. Тыюу салуу ЕАЭБдин мунай жана мунай заттары боюнча жалпы рынокторун түзгөнгө чейин уланышы мүмкүн.2021-жылдын башынан тарта 1-мартка чейин россиялык өндүрүштөн чыккан бензиндин тоннасы 300 доллардан 500 долларга чейин өскөн. Кымбаттоо 67 пайызды түзүп, орточо эсеп менен алганда күйүүчү майдын литрине 14 сомдон туура келген. Дизель майдын тоннасы 360 доллардан 470ке чыккан. Пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 14 болгон. Бул литрине сегиз сом дегенди билдирет.