Асманда учуп бараткан Boeing кырсыктап, сыныктары үйлөрдүн үстүнө түшкөн. Видео

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүУчактын турбинасы. Архив
Учактын турбинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2021
Жазылуу
Жүргүнчү ташуучу учак асманда жарым сааттай болгон. Пилоттор лайнерди учкан аэропортуна кайрадан кондурушкан.
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. АКШда асманга көтөрүлүп жаткан жүргүнчү ташуучу лайнердин кыймылдаткычы асмандан эле жалындап күйө баштаган учурдун видеосу тарады. Окуянын чоо-жайын CNN кабарлады.
​Boeing 777 Гавайи штатында Денвер - Гонолулу багыты боюнча каттамды тейлеген. Пилоттор болжогон жерине жетпей, кырсыктаган аба кемесин кайрадан сапарга чыккан аэропортко кондурган.
​Окуянын сүрөттөрү жана видеолору Twitter тармагына жарыяланды.
​Лайнер асманда жарым сааттай учкан. Бул мезгилде анын кыймылдаткычы күйүп, анын жалындаган сыныктары Денвердин тургундарынын короосуна түшкөн. Мындай көрүнүштөн кийин эл окуяны полицияга кабарлаган. Андан эч ким жабыркаган эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0