23-февралда Москвада 65 жылдан берки эң ызгаар суук катталары болжолдонууда

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүМосква сити районундагы кыз жана жигит. Архив
Москва сити районундагы кыз жана жигит. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2021
Жазылуу
Акыркы жолу Россиянын баш калаасында мындай суук аба ырайы 65 жыл мурда, 1956-жылы, катталган. Анда сууктун күчү 27,1 градуска жеткен.
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Москвада 23-февралда соңку 65 жылдагы эң суук аба ырайы күтүлүүдө. Бул тууралуу "Фобос" аба ырайын аныктоо борборунун адиси Евгений Тишковец билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, термометрдин көрсөткүчү 27 градуска төмөн түшөрү болжолдонууда.
"Быйыл 23-февралда адаттан тыш аяз түшөт. Мисалы, Москвада түнкүсүн 25-27 градус суук катталат. Облус боюнча 25-30 градус, чыгыш тарабында сууктун күчү 33 градуска жетери болжолдонот. Күндүз термометр -14 -16 градусту көрсөтөт", — деген Тишковец.
Мындай суук аба ырайы Москвада акыркы жолу 65 жыл мурда, 1956-жылы, катталып күчү 27,1 градусту түзгөн. Ал эми 1945-жылы -30,5 градус суук болуп, абсолюттук рекорд катталган.
Жогорку аномалиялуу атмосфералык басым ден соолугу аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу болгон жарандар үчүн терс таасир тийгизиши мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0